Дымагы күч Нурлан Асанов

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаков депутат кезинде анын коомдук жардамчысы болуп, кийин Самаковдун үстүнөн кылмыш козголуп үй камагына алынганда анын душманы болуп чыга келген Нур­лан Асанов деген бар. Ошол Нурлан Асанов былтыртан бери жерге жетпей жүргөн адамдарды чогултуп жер алып берем деп тоодой убаданы берип, өкмөткө кайра-кайра кайрылып, Бишкектин жака белиндеги Кун-Туу жана Ново-Покровка аймагынан жер бөлдүрүп алуунун аракетин көрүп жатыптыр. Эгер Өкмөт жер бөлүп берип калса Нур­лан Асанов ал жерлерге түрк жана кытай инвесторлорунун жардамы менен көп кабаттуу үйлөрдү куруп, элди арзан үй менен камсыз кылат экен. Мына ушул талабын орундатыш үчүн Н. Асанов 16-апрель күнү шаардагы “Достук” паркына элди чогултуп, акция өткөрөөрү дагы маалым болду. Ал эми бизге жеткен дагы бир маалымат, Нурлан Асановдун артында Сулейман деген түрк бизнесмени турганы дагы кабарланды.

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *