Джиу-джитсу боюнча өткөн эл аралык мелдеште Кыргызстандык спортчу алтын медаль тагынды

Джиу-джитсу боюнча өткөн Russia National Pro 2018 эл аралык турнирде Кыргызстандык спортчу алтын медаль тагынды. Бул тууралуу мелдештин уюштуруучулары билдиришти.

Мелдеш 4-ноябрь күнү Орусиянын борбору Москва шаарында болуп өткөн. Медалдар көптөгөн категорияларда ойнотулган. Улуулар арасында күрөң кур менен 83 киллограм салмакта  No-Gi (кимоносуз) бөлүмүндө биздин спортчу Муртазали Муртазалиев Азербайжандык Хидаят Маммадовду жана Орусиялык Виталий Сергеевди жеңип, чемпион болгон.

Gi (кимоно менен) бөлумундө  85 киллограм салмакта Муртазали Муртазалиев Орусиялык спортчулар Дмитрий Зоренко жана Андрей Ланинди утуп, жеңишке жеткен.

Андан сырткары Кыргызстандык дагы эки спортчу Аднан Магомедов (улуулар арасында 75 киллограм салмакта No-Gi бөлумундө ак кур менен) ат салышып кумуш медалга жетишти, ошондой эле Иса Ахмедов (ювеналдар арасында 71 килограмм салмакта No-Gi бөлумундө ак кур менен) беттешип коло медаль тагынган.

Командалык эсепте Кыргызстан 13 мамлекеттин ичинен 4-орунду алган.

Кыргызчалаган:KyrgyzToday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *