Дзюдо боюнча Азия чемпиону Адил Мырзаевге Subaru Legacy машинасын белекке беришти

Бүгүн, 24-декабрда КР Дзюдо боюнча улуттук федерациясы 2017-жылдын жыйынтыктарын чыгарып, мыкты спортчуларга жана машыктыруучуларга сыйлыктарды тапшырды.

Быйыл биринчи жолу Бишкекте өспүрүмдөр арасында өткөн дзюдо боюнча Азиянын чемпионатында 73 кг салмакка чейинки балбандардын арасында дүйнөнүн чемпиону болгон Адил Мырзаевге улуттук федерация Subaru Legacy машинасын белекке берди.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *