ЕБ: Тажикстанда жарандардын эркиндиги дале чектелген

Брюсселде Тажикстан менен Европа биримдигинин кызматташтыгы боюнча комитеттин алтынчы жыйыны болду. Ага тажик тараптан өлкөнүн экономикалык өнүгүү жана соода министринин биринчи орун басары Завкизода Завки Амин катышты.

Европа биримдигинин билдирүүсүндө тараптардын өз ара мамилесиндеги негизги критерий — демократиялык реформалар менен адамдын фундаменталдык укуктарынын сакталышы экени белгиленген.

Андан тышкары ЕБ Тажикстанда жарандардын укуктары менен эркиндигин чектөө учурлары дале бар экенин билдирди. «Өлкөдөгү сөз эркиндиги, ошондой эле жарандардын саясий жана демократиялык көз караштары боюнча өз ойлорун эркин айтуусу экономиканын турукташып, өнүгүүсүнө гана түрткү болот», – деп жазылган билдирүүдө.

Евробиримдик тажик бийлигинин быйыл майда Душанбе шаарында терроризмге каршы күрөшүү, экстрмизмдин жана зомбулуктун алдын алуу боюнча эл аралык конференция өткөрүү планын кубаттады.

Былтыр күзүндө эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму ЕБге кайрылып, оппозиция өкүлдөрүн куугунтуктоону токтотуусу үчүн тажик бийлигине кысым көрсөтүүгө чакырган. Ошондой эле HRW бийликтин мындай аракеттеринен улам Тажикстандан кеткен жарандардын саны көбөйгөнүн билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *