Эдил Байсалов, коомдук ишмер: “Сооронбайдан мыкты президент чыкпайт, ал шайланса Атамбаевдин башаламан доору уланат”

-Мадумаров, Келдибеков, Ташиев, Төрөбаев кимге каршы бирикти?

– Бул төртөөнүн биригүүсү регионалдык добушту, чачыратпай, бир талапкерге ыйгарууну көздөйт. Азыркы объективдүү көрсөткүчтөр боюнча, бул талапкердин ысымы – Бакыт Төрөбаев. Бирок, болуптур, Адахан Мадумаров деле болсун деп коёлу. Кимиси болгон күндө дагы ал талапкер тоонун аркы жагындагы эски маанайдагы шайлоочуларга “оо, биздикилер ак кийизге салып, хан көтөрүлүптүр” дегендей эле кабыл алынат.

Сооронбай Жээнбеков буга чейин эле өтө алсыз, өзүнүн көлөкөсүнөн, Икрам менен Сапардан корккон адам катары кабыл алынып калды. “Сооронбайдан мыкты президент чыкпайт, ал шайланса Атамбаевдин башаламан доору уланат” деп билет эл. Өзү деле “мен саясий курсту улайм” деп карганып атат. Эми болсо, баягы “кыздын сыры төркүнүнө белгилүү” дегендей, өзүнүкүн чанып, башка бирөөнү тандап алса, Оштон добуш аз алып, 2-турга да чыкпай калышы толук мүмкүн.

– Айрымдар “булар идея үчүн эмес, кызмат үчүн биригишти” деп да жатышат. Планы, стратегиясы жок үчүн биригүүгө аргасыз болуштубу?

– Эми көрө жатарбыз, бирок чын чынына келгенде А.Мадумаров менен А.Келдибековду азыр бириктирчү бир эле максат болуп турат – бул бийликке келүү. Атамбаевдин доорун элдин бардыгы эле өтө төмөн, эң начар баалоодо. “Атамбаевге каршыбыз” деген ураан менен платформа курууга болбойт. Булар мурун канча шайлоо өтсө, ошончо сүйлөшүүлөр жыйынтыксыз аяктап, дайым эки ача жол менен жүрүшкөн жетекчилер. Эми азыр экөөнүкү тең электораты, ресурстары азайып, мурун жанган жылдыздары өчүп баштаганда, бири-бирине учкашууга аргасыз болуп турганы ачык эле көрүнүп турат. Бирок, экөөнүн дагы бириккен энергиясы жетишсиз болуп калды.

Булак: “Майдан.kg”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *