Эдил Байсалов, жаш саясатчы: “Атамбаев 2010-жылы эле эки-үч жолу өтө одоно, чач тик турчу кадамдарга барган, ошону көрүп-билип туруп, Отунбаева ал кишиге бийликти өткөрүп берген”

 Эдил мырза,  2010-жылы революциядан кийин Роза Отунбаеванын аппаратын башкарчусуз, анан мамилеңиз эмнеден улам алыстап кеткен?

– Мен дайыма айтам, ал эжеге да бетине далай айткам, “Роза Исаковна, вы очень хорошая тетушка, но плохой лидер” деп. Мен 2010-жылы май айында Отунбаеванын жанынан так өзү номинальный эле жетекчи болуп алганынан, бардык бийликти Атамбаевге өткөрүп бергенинен кетип калгам. Роза Исаковна экөөбүздүн Атамбаев боюнча пикирибиз бир эле болчу, ал кишинин капризин ошондо эле билчүбүз. Азыр айтыла турган болсо, Улуттук коопсуздукка зыян келет, бирок ошондо эле эки-үч жолу өтө одоно, чач тик турчу кадамдарга барган Атамбаев. Ошону көрүп-билип туруп, Отунбаева ал кишиге бийликти өткөрүп берген, өзү бир жарым жыл фамилиясы жок референдум аркылуу “президент болом” деген планга макул болор замат мен кеткем. Анан эч кандай принципиалдуу, терең реформаларды жүргүзүүнү көздөбөстөн, баягы эле эски кадрларды орундан орунга дайындап, өздөрүнө аябай ыраазы болгондоруна, 7-апрелде жаштардын курман болгонун унутуп калгандарына итиркейим келип кетип калгам. Ошондо “кетпей эле иштебейсиңби” дегенинен “жок, эже, бир убакыт келет, мен сизди сыйлайм, бирок сиздин жакшылыгыңызды пайдаланып туруп, анан артыңыздан сын айткым келбейт, мына мен азыр кетем, бирок таарынбаңыз, ачык айтам” деп кеткем. Атамбаевди бийликке бапестеп алып келген Отунбаева. Азыр ойгонгонсуп, “ой, ушундай турбайбы” деп спектакль кылууга кажет жок. Экөө тең бири-бирине жооптуу.

Арстан Алгырбеков

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *