Эдил Байсаловдон дагы бир чоң сенсация

«Liglass Trading» деп аталган Чехия фирмасы менен 10-июлда президент Атамбаевдин катышуусунда келишим түзүлгөн. Ал келишим боюнча, чех компания «Русгидрого» биз карыз болуп калган 37 миллион долларды төгүп берип, беш жүз миллион долларга жакын инвестиция тартып келмек. «Ошол карызды чечип бересиңер» деп биздин бийлик аларга Кыргызстандын эң атактуу суу сактагычтарында (Папан, Орто-Токой, Киров жана Кара-Суу, Көкөмерен дарыялары) курулчу ГЭСтерди 100% өткөзүп беришет. Баардыгы болуп 10 ГЭС курушмак. Кыргыз эли бир жумадай бул сүйүнчүгө кубанып, Атамбаевди куттуктап киргенин айт. Бирок, бул фирма боюнча биринчи Прагадагы гезиттер жаза башташты. Көрсө, эч кандай финансылык ресурстары жок экен. Бир дагы ГЭСти Курууга катышышпаптыр. Бир айылда эски айнек фабрикада банкрот болушуптур. «382 миллион евробуз банк эсебинде жатат» деп өкмөткө берилген маалыматы дагы калп болуп чыкты. Бирок биздин бийлик адатынча: «Биз күтөбүз. Жакында акча төгүшөт» деп кыргыздарды сооротушту. Бул чехтерди Кыргызстанга ээрчитип келген Исаковду премьер-министр кылып дайындашты, келишимди түзгөн Зилалиев болсо вице-премьер болду. Ал болду, бул болду. Окуя унутулуп баратты эле, жайкы ысыкта, шайлоонун алдында. Бирок дүйнөнүн беш бурчунда эмне болуп атканын ийне-жибине чейин билген Эдил Байсалов дагы бир чоң сенсация жаратып, чехтердин АКШдагы биржаларында Кыргызстандын атын сатып, миллиондогон киреше таба алгандарын айтып чыкты. Көрсө, чех шылуундар «China Intelligence Information Systems» деген фирманын акциялары тегерегинде ажиотаж чыгарышып, 80 эсе анын баасын кымбаттата алышыптыр. Бул эмне демек? «Башында 100 доллар салсаңыз, аягында 8000 доллар киреше таба алдыңыз» дегенди түшүндүрөт. Булар болсо 100 доллар эмес, жүз миңдеген долларды эле жүгүртүп койгондо, жөн эле жерден ондогон миллиондорду чөнтөккө салып коюшту (!) десек болот.

Мына урматтуу туугандар, биздин бийлигибиздин шалаакылыгы! Иш билбегендердин заманы. Эң уяттуусу – Уэйн Хайес деген америкалык аферист мурун 20 жылга кесилиптир, так ушундай «финансы пирамидасын» түзгөндүгү үчүн. Орто жерде фейсбукта Кыргызстандын атынан мурун марихуана сатып жүргөн фирмаларга аралаштырып коюшуптур бизди. Эл аралык чөйрөдө улуттук намысыбызга эң чоң зыян келтирилди. Бул афера менен салыштырмалуу, 1990-жылдардын башындагы «Сиабеко» жана Бирнштейндер жөн эле жаш баланын оюнундай көрүнүп калды. Биздин депутаттар бул маселеге көңүл бура алышат бекен? Сөзсүз парламенттик комиссия түзүлүп, чындыктын такталышын талап кылабыз!

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *