Эгемендик – ченеми жок бак-дөөлөт

Көрөңгөлүү кыргыз элинин башынан не деген кыйынчылыктар өткөн жок дейсиң? Тарыхын тереңдеп карап көрсөң өмүрүң жетпейт. Көчмөндүк башта турганда ат үстүнөн түшпөй капсалаңдуу душмандарына сокку берип, тукумун улап турганын билебиз.

Кылымдардан бери жер бетинен жоголбой, кыргыз деген улутун сактоого жанын аябай, баатырдыктан тайыбай, оорчулукта муюбай келатканы үчүн өзүнчө мамлекет болуп жашоосун улантууда. Айрыкча бир кылым мурда орустардын ак падышасынын баскынчылык жасоо мезгилинде жүз миңдеген бир боорлорубуз курмандыкка чалынышты. Лениндин ыңкылабынын шарданы аркылуу кытайдан кайткан кыргыздардын жашоосуна жарык чачырап, акырындык менен өнүгө баштады. Совет бийлиги бизди бооруна кысып жылытты, алдыга карай өстүрдү. Жетимиш жылда болуп көрбөгөндөй ийгиликтерге жетиштик. Ошол кездин кубаты азыркыга чейин баамдалып турганы жалган эмес. Дале болсо советтик доордун билимине сугарылган, таалим-тарбиясына каныккан, тажрыйба топтогон муундун жакшылары бийликтин башынан түшпөй, өзүнүн авангарддык ролунан кайтпай келатканы жакшылыктын жышааны десек болот.

Ооба, союздун кулашы менен эгемендүү кыргыз мамлекети болдук. Мындай бак-дөөлөткө башка республикалар да ээ болушту. Эч кандай кан төгүүсүз, кырчылдашып кармашпай, жоготууга учурабай эле эгемендик алдык. Бирок, ич ара бийликке нааразычылык жаралып, эки ирет ызылдаган, адам өмүрүнө залакасы тийген, талап-тоноого чейин жеткирген ыңкылап (же төңкөрүшпү) жүз берди. Кан күйгөн согушта эмес Бишкектин чок ордосунда кармашуу болуп, мекендештерибизден жүзгө жакыны жайрады. Көптөгөн адамдар майып болушту, жаштайынан эмгекке жарамсыз болуп калышканы кейиштүү. Андан кийин түштүктө улут аралык араздашуу уланып, ал кайгылуу окуядан да адамдар мерт кетишти, жарадар болгондор азапка малынышты.

Алты миллиондон ашуун калкы бар кыргыз мамлекетинин жаркын келечеги бар экендигин миң кайталап келатканыбыз менен өз киндигибизди өзүбүз кесүүгө жарабай келатабыз десек эч ким чычалабайт болуш керек? Дале болсо башкалардын көзүн кароодон, ошолордун каражатына муктаж болуудан, өз алдынча өнүгүүгө маани берилбегендиктен, жетекчилердин чабалдыгынан, биримдиктин жоктугунан, кур намыска алдырганыбыздан түзүк өнүгө албай жатканыбызды башка бирөө келип айтпайт эмеспи? Көзгө сайып көрсөткөн кемчиликтерибизди баш жактагылар тоотпосо, бийлик бутактарындагы лөктөр оңолуунун жолуна түшө албаса, адилеттик тебеленип жатса кайдагы өсүштү баяндамак элек. Карызыбыз болсо барган сайын калыңдап баратат. Байлардын кысчу жерин кыстырсак эле карыздын басымдуу бөлүгүнөн кутуларыбызды белгилесек да жогорку жактагылар үн катпайт. Чамасы жакындарына да мунун кесепети тийип кетеринен чоочулап жаткандай. Анткени былтыр айтылган 35 коррупционердин арасында “өзүбүздүкүлөр” да болгондуктан дурус кыймылдай албай жатабыз деген ишааратты байкоого анча акылдын кереги жок. Тамырлап кеткен коррупцияны ооздуктоого демек бир өмүр жетпейт окшоп калды. Ири “колибирдеги” көпөстөр эки жүздүн айланасында болсо, калгандары бул көлөмдөн ашса, демек күрөшкөн менен пайда чыкпайт деген жыйынтык чыгарсак болобу? Минтүүгө деле жол ачылгандай болгону көрүнүп калды. Кепти “чыргоолонтпой” айтканда коррупция менен болгон кармаштын “ысылыгы” азырынча көтөрүлбөйт шекилди. Негизи биздин менталитетибиз “люстрацияга” жол бербейт.

Мейли, эми башка тараптан сөзүбүздү улайлы. Демократиянын болгону го дурус, бирок аны “дермократияга” айлантып алган жокпузбу деген суроо жаралбай койбойт. Биздин өлкөнүн ичинде азыр ар кандай диний агымдар, секталар, шектүү уюмдар жок дегенге ким ишенет? Эч ким. Себеби, коңшу мамлекеттер элдин пикири менен эсептешип, капсалаңы тийген агымдардан, секталардан кутулууну колго алып чечкиндүү кадамдарга барганын билебиз. А бизде болсо мындай “берекесиз” топтордун ишине тереңдеп киришкен күч түзүмдөрү байкалбайт. Эч кимден кысынбай эле клубдарда “хорлорун” ырдашып, көчөмө-көчө кыдырып өз тарабына үндөшүп жүргөндөр кыргыздар эле экенин айтууга мезгил келди окшойт. Улуттук нарк-насилге, салт-санаага каршы келген тескери көрүнүштөргө эмнеге көз жумду мамиле кылышыбыз керек? Бала-чакасынан бери йегова агымына тартакандарды көрбөдүк деп кимибиз ортого чыга алабыз? Арабдардын биздин калкка жарашпаган, шөлбүрөгөн кийимдерин кийип ээн-эркин жүргөндөргө эмне үчүн таасир тийгизе албайбыз? Ушундай демократиянын бизге зарылчылыгы барбы? Каныбыз менен жаралган ырым-жырымыбыздан кайтып, улам башкасына көчө берсек кийинки муундун балдарына кесепети тийип калбайбы? Албетте тескери жагы тийип, баштагы орноп калган баалуулуктарыбызга доо кетери аштан бышык. Негедир өтө коркунучтуу уюмдарга байланып, өз элине кол салуудан кайра тартпаган “террорчулардын” пайда болгону кооптуу. Ага окшогондор колго деле түшүп жатканынан кабарыбыз бар. Тилекке каршы арабызда эле андай адамайбандар бирге басып, туруп жүргөнүнө не дейбиз? Ушул дагы демократиябы? Буга окшогон коогалаңдуу нерсенин эми кантип тамырын кыркабыз? Кайдыгерлик мамиледен улам ушинтип кылычтын мизинде басып калабызбы? Жалпылап киришпесек жалгыз күч түзүмдөрүнүн буга шаасы жетпейт. Алардын мойнунда башка “маанилүү” жумуштар чексиз жүктөлгөн.

Эгемендик деген сөздүн маани-маңызы тереңде жатат. Бизден он эсе калкы көп улуттар эмдигиче таянар өзүнчө өлкөсү жок боздоп жүргөнүн сабаттуу адамдар жакшы билет. Бирок, эзели өзүнчө түтүн булатпаган андай улуттарды эч ким башынан сылабайт. Уйгурлар, күрддөр өз өргөсүн көтөрүүгө абдан кызыктар. Эркиндикке жетүү, эгемен өлкөгө эгедер болуу үчүн алардын эки көзү төрт. Бирок, алардын тилектерин аткартууга жол берилбейт. Кайсыл өлкө жерин кесип берүүгө макул болмок эле? Демек, ар бир мамлекеттин бекем карманган позициясы, көз карашы, улуттук дөөлөттөрү бар.

Эгемендиктин ичине баары кирет. Ошондуктан азыноолак маанилүү дегендерине токтолуп өттүк. Биздин толук кандуу эгемен өлкө болгонубузга чейрек кылымдан ашты. Кагылдык, согулдук, жаза бастык, илгериледик, эми тазарууга умтулуп жатабыз. Арийне, мамлекет менен элдин ортосунда түшүнүшүү болушу кажет. Ансыз ар кандай окуялар жүз берерин башыбыздан өткөрдүк. Өлкөнүн пайдубалын түзгөн, тагдырын чечкен айкөл элибиз бар үчүн бүтүн кыргыз мамлекети доорун сүрүп турган кези. Сексенден ашык улутту кучагына батырган, биримдикке шыктандырган, ынтымак-ырашкердикке сугарылган өлкөбүздүн бар экенине ар бирибиз сыймыктанышыбыз талапка ылайык. Кыргыздын ташына да, суусуна да, бир түп чынарына да, касиеттүү элине да көздүн карегиндей мамиле кылганда гана өнүгүп, өсөөрүбүздү жүрөктүн түпкүрүнө сакташыбыз абзел. Эртеңки эгемендик майрамыңыздар ооматтуу, ырыс-кешиктүү, бардар болсун. Эгемендик-ченеми жок бак-дөөлөт экенин мээбизден чыгарбайлы!

Булак: Ачык сөз

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *