Египет кармалган казакстандык алты студентти депортациялайт

Египет депортациянын себептерин ачыктаган жок. Казакстан ТИМинин маалымат катчысы Ануар Жайнаков шаршемби күнү кечинде казакстандык дипломаттардын коштоосунда алты студентти Каирдин аэропортуна алып келишкенин билдирди.

Казакстандык студенттердин кармалышы боюнча маалымат берилбей жатканынына байланыштуу Казакстан 1-августта Египеттин ТИМине нааразылык нота жөнөткөн.

“1-август күнү кечинде Египеттин Улуттук коопсуздук кызматы буга чейин кармалган казакстандык студенттерди депортациялоо пландалып жатканын ырастады”,-деп билдирди Жайнаков.

Жайнаковдун айтымында, алардын абалы канааттандырарлык. Египет казак студенттеринин кармалышынын себептерин ачыктаган жок. Казакстандык жигиттердин кармалганы тууралуу маалымат 25-июлда чыккан. Алардын ичинен эки студент Каирге тил үйрөнүү курстарына катышуу үчүн барышкан. 20-июлдан тарта алар туугандары менен байланышка чыгышкан эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *