Жапониянын сыймыгы, эки жолку олимпиада чемпиону эми кыргыз дзюдочуларын машыктырат

Жапония элинин сыймыгы, дзюдочу, эки жолку олимпиада (2004-жылы Грецияда, 2008-жылы Кытайда өткөн) чемпиону Масато Утсиба эми кыргыз дзюдочуларын машыктыра баштайт. Жакында эле расмий түрдө келишимге кол коюшканы белгилүү болду. Бул эми улуттук курамга тиешеси жок. Ошол эле учурда олимпиада чемпиону Утсиба «мен машыгууну эң башынан баштап үйрөтөм. Колдон келсе негизги пайдубалын түптөйм. Кимоночондор спортту жандили менен сүйгөн абалга жеткирип, кантип бийиктикти багынтуу сырларын ачып бергенге аракетимди жумшайм. Эң негизгиси, Кыргызстандан мекениме кайткан күндө да мени балбандар унутпагандай, түбөлүк эстеринде калуусун самайт элем. Менин колумдан келсе керек» деди жапон балбаны.

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *