Эки жолу мас болуп рулга отурсаң, машинеңен айрыласың!

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров эки жолу мас болуп машина айдагандардын машинасын конфискация кылып мамлекетке алуу керек деген мыйзамдын үстүндө иштеп жатат. Негизинен абдан туура мыйзам, болбосо буга чейинки мыйзамдарды тоготпой, ичип алып айдаган айдоочуларды күндө эле көрүп атпайбызбы. Алардын айынан канча деген жол кырсыктары катталып, бейкүнөө канча адамдар өмүр менен кош айтышса, канча жарандар түбөлүк мунжу, майып болуп калышууда. Алардын убалы кимге?
Айдоочулар кылган кылмышы үчүн жооп бермек тургай жабырлануучуларды «эмне кылып аласың» деген өктөмдүк менен өрөпкүп турганда бул мыйзам мезгил талабы эмеспи? Ырас, айып пулду көтөрдүк, бирок тойдон тоюп чыгып же достору менен майрамдап, болбосо көңүлдөшү менен көңүл ачып алып, арактын күүсү менен алачакмактаган көзү тумандаган айдоочулар азыр деле тыйылып кеткен жок. Андыктан Акылбек мырзанын мыйзамы адам өмүрүн сактап калууга да эң негизги өбөлгө болуп жатпайбы…

Булак: “Де-Факто”

1 ой-пикир

  • Абдыкерим says:

    Кезектеги эле акылсыздык. Машине ал мас адамга таандык болбогон мин жагдай бар. Мыйзам деп бирдемени чиймелеп алып анан жамап журо беришет, апасына таандык машине болсо андай кылалы, ижарадагы машине болсо мындай кылалы, мамлекеттик же муниципалдык болсо кантели, фирманыкы болсо, шефтин машинеси болсочу деп. Анан калса машинанын баасычы, эки жолу мас болгон бирдей айып учун бироо эки мин $ машинесин, бироо 100 мин $ машинесин толойбу? Машина го конфискацияга жетпей калсын, МАИ эми машинаны баалап шапкесин ала баштайбы? Бир ышкырыктын баасы жарым машине болуп калат го. Конфискацияга чейин жеткен анча мынча машине деле мамлекетке жетпей калсын, тонолуп рамасы барат го, мамлекет деле жарыбайт андан. Туркойлор.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *