Эки жүздүү КСДП

Жаш өкмөт башчы Исаковдун аброю саясий чөйрөдө, калың элдин арасында ноль эле болуп калды. Аны тегерегиндеги ондон ашык кеңешчилери эле далыдан таптап, иштин көзүн таап иштеп жатасыз деп көз боёмочулардын сыйкырдуу сөздөрүн айтып жатканы болбосо, азыр жаш өкмөткө ишеним таптакыр калбады. Исаков мамлекеттик кызматта, саясий айдыңда өзү эле банкрот болбостон, жаштардын келечегине да балта чаап кетип жатат. Сапардан кийин иштейм деген жаштарга жооптуу кызматтарды ыраа көрүү дээрлик жокко чыга турган болду. Бул эми узун кеп. Сөздүн кыскасы, парламенттеги КСДПнын Исаковдун өкмөтү көтөрүп келген жылдык отчётун жактырганы.  Элдин ишениминен чыгып, жек көрүндү болуп жаткан Өкмөттүн отчётун жактыруу менен КСДП өздөрүнүн да абалын кыйла кыйындатып алды. Айрыкча Дастан Бекешовдун өкмөттүн отчётуна суроо бере бербей, колдоого албайлыбы деп айтканы ашыкча болду. Атамбаевдин сөзү менен айтканда, элди жийиркентти. Ушул жүрүшү менен кетсе КСДП деле элдин колдоосунан ажырап, мурунку “Алга Кыргызстан” менен “Ак жолдун” таз кейпин кийиши толук мүмкүн. Ансыз деле азыр бул партиянын ичине ошол эки партиянын түбүнө жеткендер толуп алган эмеспи. Президент башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу сунушу менен кайрылганда КСДП фракциясы колдоп, президенттин саясатын туура деп колдоого алган. Президент популизмден ишке өтүп, коррупциянын тамырына балта чапкан саясатты жүргүзүп жатпайбы. Сапар Исаковдун өкмөтү айткан долбоорлорун ишке ашыра албай, жалаң эле популизм менен алектенип, ишенген кадрлары коррупция менен айыпталып жатканы калппы. КСДП деги кайсыл багытты туура деп эсептейт?

Булак: “Жаңы Ордо”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *