Финансы полициясы: Бирдиктүү депозиттик эсепке 7 миллион 410 миң 504 сом дагы акча которду”

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) бирдиктүү депозиттик эсепке дагы өлчөмүндө акча которду. Бул туралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Мурун, ЭККМК Бирдиктүү депозиттик эсепке 143 миллион 377 миң 228 сом которгон.

Бирдиктүү депозиттик эсепке ЭККМК которгон акча каражаттарынын жалпы суммасы 150 миллион 787 миң 732 сомду түздү.

Бул которуу “Экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоо үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акчалай каражаттарды бөлүштүрүү тартибин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 298 токтомун аткаруу үчүн ишке ашты.

Азыркы убакта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматта “Кыргыз Республикасынын Сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы чечимин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Ш. Жээнбековдун Өлкөнүн ички экономикалык коопсуздугун камсыздоого, экономикалык жана кызматтык кылмыштардан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган тезистерин ишке ашыруу боюнча тиийштүү чараларды көрүү уланып жатат.

 

 

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *