Экономика министри Артём Новиковдун кыргыз тилин үйрөнүүсүнө 324000 сом сарпталат…

Экономика министри Артём Новиковго мамлекеттик тилди үйрөтүүчү репетитор үчүн 324 миң сом бюджеттен суралгандыгы мам­лекеттик сатып алуулар сайтынан маалым болду. Маалыматта: министрликтин кызматкерлери үчүн 288 миң сом жана жетекчиликти жеке окутуу үчүн 36 миң сом каралганы кабарланган. Негизи мамлекеттик жооптуу кызматкерлер “мамлекеттик тилди билбегендер жогорку кызматтарда иштей албайт” – деген мыйзамды киргизип жаткандарына көп бол­ду. Бирок ал мыйзамдан кабар жок. Аты бар, заты жоктордун катарын толуктап, кагаз бойдон калып кетти окшобойбу. Новиковуң ай са­йын тил үйрөнүүгө 30 миң сом алып жатканы акылга сыйбаган көрүнүш. Мындай кызматкерлер дароо кызматтан кетиши керек. Мам­лекеттик тилибизди билбеген атка минерлер, элибиздин да дилин билбейт. Андыктан, мындайлар бир күн да кызматта олтурбашы керек.

Булак: Багыт 

1 ой-пикир

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *