Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси алмашты

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Бактыбек Аширов кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка бүгүн, 25-июлда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле өкмөт башчынын дагы бир буйругу менен аталган кызматка Айбек Кадыралиев дайындалды. Маалыматка караганда, Кадыралиевди эмгек жамаатка С.Жээнбеков өзү тааныштырды.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *