Экс-министр Таалайбек Өмүралиевге генерал наамы кайтарылды

Буга дейре экс-коргоо министри Таалайбек Өмүралиевдин ишин караган райондук сот аны миллиондорду мамлекеттин казынасына төлөмөр кылууга милдеттендирип, ага да ыраазы болбой ийниндеги генералдык наамынан ажыратып тынган. Мындай адилетсиздикке жаны ачыган Таалайбек Өмүралиев жогорку инстанцияларга кайрылган эле. Жакында шаардык сот анын өмүр бою өлкөбүздү коргоодогу ак эмгеги менен жеткен генералдык наамын калыбына келтирип, калган жазасын райондук соттун чыгарган өкүмүн күчүндө калтырып тынышты. Эми “жоктон көрө жогору да” дегендей, такыр эле өмүр бою мээнет менен жеткен генералдыгынан айрылып калганча, аскердик чинин ийнине жаркылдата тагынып жүргөнү жакшы эмеспи. Баса, генерал Өмүралиев жакынкы күндөрү аскердеги жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу биздин гезитке кеңири маек берет.

Ийгилик БОЛСУНБАЕВ     

Булак: “Азия Ньюс”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *