Экс-премьер-министр Сапар Исаковдун кирешеси 2017-жылы 1 миллион сомду түзгөн

Учурда жемкорлукка айыпталып УКМКнын тергөө изоляторунда камакта отурган мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун мүлкүндө батир жана гараж бар. Мындай маалыматты Мамлекеттик салык кызматы аткаминерлердин Бирдиктүү салык декларациясынын негизинде билдирди.

Маалыматка караганда, Сапар Исаков премьер министрдин кызматын аркалап турганда 996 миң 671 сом киреше таба алган. Анын жакын туугандарынын кирешеси 140 миң 986 сомду түзгөн. Сапар Исаковдун үйү, жеңил автоунаалары, пикаптары жана фургондору бар. Ошондой эле анын автопаркында “Лексус” үлгүсүндөгү унаасы бар.

Булак:KergyzToday 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *