Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев УКМКада сурак берди

Кечээ, 13-июнда экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев УКМКага чакырылып, Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында суракка алынды. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча кытайлык ТБЕА компаниясы менен коррупциялык келишим Жантөрө Сатыбалдиев премьер-министр болуп турган чакта түзүлгөн. Сатыбалдиев азырынча күбө катары сурак берүүдө. Бирок экс-премьер-министр Сапар Исаков да алгачкы сурактарын күбө катары бергенин эске алсак, “мистер 10%” каймана аты бар Жантөрөнүн да башына “кара булут каптай” баштагандай көрүнөт.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *