Экс-президент Роза Отунбаева Кытайда Мадрид клубунда сөз сүйлөп, Си Цзиньпин менен жолугуп, Антонио Гутерреш менен телекөпүрөдө 2 саат жеке маектешти

Экс-президент Роза Отунбаеваны Кытайда өткөн Мадрид клубунун жыйынына коштоп барып келген коомдук ишмер Эмил Каптагаевдин постун сунуш кылабыз:

Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Роза Исаковнанын Кытай Эл Республикасына жасаган бир жумалык иш сапары соңуна чыкты. Туз насип экен Эженин чачпагын көтөрүп барып келүүнү буюруптур. Сапар байсалдуу болду, Роза Исаковна Кытайдын:

Гуанджоу шаарында өткөн Мадрид клубунун жылдык жыйынына катышып сөз сүйлөдү;

Бээжин (Пекин) шаарында Кытайдын жетекчиси Си Цзиньпин менен жолукту;

“Кытай жана глобализация” борборунда эки саат лекция окуп, катышкан окумуштуулардын, саясий серепчилердин жана журналисттердин суроолоруна кеңири жооп берди;

Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык катчысы Антонио Гутерреш менен атайын уюштурулган теле-көпүрө аркылуу БУУнун ишмерлигине жана дүйнөдөгү болуп жаткан процесстерге байланыштуу суроолор боюнча 2 саат жеке маектешти;

ШОСтун башкы кеңсесинде болуп уюмдун ишмерлиги жана “Бир алкак – Бир жол” демилгесин турмушка ашыруудагы көйгөйлөр боюнча пикир алышты;

2018-жылы Кытай Эл Республикасында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата “Айтматов күндөрүн” өткөрүү демилгесин колдоону өтүндү (өтүнүч колдоого алынды);

Кытайдын коомдук жана саясий түзүмүндө орчундуу орун ээлеген “Чет элдер менен Достук коомунун” жетекчилиги менен жолугушуу болуп, ал жерде дагы “Айтматов күндөрүн” өткөрүү демилгеси талкуу болду;

Иш сапардын алкагында Кытайдын борбордук теле каналына жарым саатык маек курду;

Булар Бээжинде болгон окуялар…

Ал эми Үрүмчүдө болсо “Кытай жылкы өстүрүүчүлөр ассоцияциясынын” жетекчилигинин демилгеси боюнча жолугушуу болуп, эки өлкөнүн асыл тукум жылкы өстүрүүчүлөрүнүн ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси көтөрүлдү, эмки жылы Кытайда өтө турган ветеринарлардын форумуна Кыргызстандын өкүлдөрүн да чакыруу зарылдыгы айтылды;

Синьцзян автоном районунун “Достук” коомунун өкүлдөрү менен “Айтматов күндөрүн өткөрүү” демилгеси кеңири талкууга алынып колдоо тапты… Ошентип бир жума чымырканып иштөөгө туура келди… буюрса Өлкөбүзгө үзүрү тиет деген ишенич бар.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *