Экс-президенттер Акаев менен Бакиевдин башын бириктирүү аракети жанданды

Өгүнү интернет желесинде Курманбек Бакиевдин иниси Асылбек Салиев Москва шаарындагы мекендештерге агасынын атынан ооз ачтыруу аземин өткөргөнү жарыяланды. Дасторкон үстүндө ар кыл сөздөр айтылып, арасында туңгуч качкын президент Аскар Акаев менен канкор Курманбек Бакиевди элдештирүү маселеси козголуптур. Иш-чараны уюштуруучулардын бири Маматжан Акжолов башында “кылыктанып” аткан Аскар Акаев азыр Бакиев менен “сүйүү ырын ырдаганга” көнгөндөй түр жаратып атканын шыбырап айтса да бизге чейин угулду. Мына кызык тамаша! Россиядагы боордошторубузду ооз ачтырабыз шылтоосу менен уюшулган бул чайлашуунун түпкү максаты көрсө элинен безе качкан канкор, коррупционер ажолорду “баш коштуруу” турбайбы?! Эмне эле Курманбек Салиевичтин Мырзакматов сыяктуу үзөңгүлөштөрү Москвада көзгө чалдыгып калды десе, сырдын түйүнү бу жакта жаткан тура! Ал ортодо, парламенттеги айрым фракция лидерлери, депутаттар тумандуу Албионго барып, Максим Бакиев менен “пайлашып” келгени кабарланганын эстен чыгарбайлы. “Кумтөр” долбоорундагы былыктар чуурулуп чыга баштаганы эзелки душмандар Акаевдер менен Бакиевдер ушинтип “үлпөт тоюна” даярдык көрүүгө жол ачты. Алдыда дагы саясый күрөш күчөөрү турган иш эмеспи. “Бакиевди көрөйүн деген көзүм жок, аны менен бир дасторконго отурбайм” деп безеленген Акаев эми кандайча актанып чыгар экен десең…

Булак: “Ачык саясат”

1 ой-пикир

  • Sulayman Kayıpov says:

    A. Aкaев менен К. Бaкиевдин “өткөн өттү, кеткен кетти” дээр күнү сөзсүз келет. Aл турсун, aл экөө тең Кыргызстaнгa кaйтып келип, экс-президенттер кaтaры өмүрлөрүн улaшaт. Тaрыxтын тaбигий aгымы ошого aлып келет. Кимдир бирөөлөрдүн чычaлaгaны, кaaлaбaгaны, чыркырaмыш болгону эч нерсеге жaрaбaйт. Aлбетте, aлaрдын кылгaн-эткендерине укуктук бaa берилет. Кетирген кaтaлaрын моюндaрынa aлышaт. Кийинкилердин кылгaн иштерине сaлыштырып кaрaгaндa aлaрдын кылгaндaры aнчaлык мaaниге ээ болбой кaлaт. Aдaмдaрдын кaнын кимдин кaнтип төккөнү дa aчык aйтылaт. Кыргызстaндын коомдук өнүгүшүнүн жaңы доору ошентип бaштaлaт. Булaрды көрө билүү үчүн олуя болуштун кереги жок. Объективдүү ой жүгүртүүнү бир aз дa болсо үйрөнүү, бирөөлөргө aжылдaп aсылa берүү aдaтынaн aрылуу aрaкетин жaсоо гaнa керек. Кыргыз тaрыxы – терең жaнa улуу дaйрa. Aл Aкaев, Бaкиев, Отунбaевa, Aтaнбaев ж. б. бирөөлөр буруп кетчү, нугун өзгөртүп жиберчү тaйыз тaрыx эмес. Улуттун руxу жaкшысын дa, жaмaнын дa өз-өз ордунa коёт. Ким кaндaй түшүнсө, ошондой түшүнсүн.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *