Экс-президенттик аппараттын жетекчиси Алмаз Усенов акыркы моделдеги “Тойота Лендкрузер” джипин кайсы акчасына алды?

Өткөн жумада Курманбек Бакиевдин пресс-кызматында иштеген, Алмаз Атамбаевдин президенттик аппаратынын жетекчисине чейин көтөрүлгөн Алмаз Усеновдун шаарыбыздын чок ортосундагы 5 жылдыздуу “Хаят” мейманканасынан акыркы моделдеги “Тойота Лендкрузер” джип машинасын айдап чыгып баратканын көрдүк.

Өмүр бою мамлекеттик кызматтын айлыгына иштеп келаткан Алмаз Усенов кайсы акчасына андай баасы 100 миң доллардан ашык кымбат машина алды экен? Эмне үчүн бийлик муну текшербейт?

Атамбаевдин жан-жөкөрлөрү жакын туугандарына жасалма фирмаларды каттатып, мамлекеттик бюджеттен ири суммаларды котортуп, жасалбаган ишти жасалды деп акт түзүп, жеп жүрүшкөнү ачыкка чыкпады беле? Алмаз Усенов алардын арасында жокпу?

Булак: Кyrgyztoday.кg

2 comments

  • бывший работник бд says:

    Я бы не сказал, что она стоит 100 штук, скорее потолок 30 штук, старенькая машина. Накопил наверное, тем более старую свою то он продал. Одним словом ерунда полная эта статья.

    деп комментарий жазат мурун Ак үйдө иштеген Алмаз Усеновдун досу

  • Максат says:

    Айрым адамдардын апыртмасына таң каласын. Алмаз Усеновдон эч нерсе табышпай эми эски машинасын, “акыркы үлгүдөгү” автомашина ” дешип ” өрдөктрүн учуруп” жатышат. Булар эмне, элди “сокур” деп ойлойбу? Эми азыр мындай машинени “иттин уулу байгара” деле минип журбойбу? Анын эмнеси бар экен?

    деп комментарий жазат Алмаз Усеновдун досу

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *