Элдик парламент: “Гаагадагы эл аралык кылмыштар боюнча сотуна Алмаз Атамбаев баштаган жетекчилерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча кайрылабыз”

«ЭЛДИК ПАРЛАМЕНТ» БИРИКМЕСИНИН
Кыргыз Республикасынын элине, президентине, өкмөтүнө жана Жогорку Кеӊешине Билдирүүсү

«Элдик парламент» Бирикмесинин (ЭлПБ) уюштуруу жыйынын өткөргөн 12-апрелде биз жакынкы мезгилде жасай турган иш – аракеттерибиз менен коомчулукту тааныштырганбыз. Андан кийинки бир жума ичинде биз жарандар жана социалдык топтор менен жолугушуп, пикирлешип, Кыргызстан азыркы учурда тезинен чечиши зарыл болгон көптөгөн маселелерди тактадык. Ал маселелерди Бишкек шаарында 26-апрелде «Элдик парламент» Бирикмесинин 2 миӊдей жактоочусу катышкан жыйында талкуулоону да пландаганбыз. Ага даярдык жүрүп жатканда «Элдик парламент» Бирикмесинин жыйынына 50-60 миӊдей адам жыйынга катышууну каалары белгилүү болду. Ошентип, коомдук тартип сактоо маселерин чечүү үчүн убакыт талап кылынгандыктан, жыйын 26-апрелден 12-майга которулду.
Кыргызстандын учурдагы проблемаларын ар тарап жана кылдат изилдөөнүн негизинде «Элдик парламент» Бирикмесин колдогондордун Жыйынына үч маселе сунуш кылынды.
Биринчи маселе
Кыргыз Республикасынын президенти А. Ш. Атамбаевдин отчету жана анын токтоосуз отставкасы.
Биз, «Элдик парламент» Бирикмесинин депутаттары А. Ш. Атамбаевдин өз эрки менен токтоосуз отставкага кетишине жол ачкан негизги он себепти аныктадык.
Биринчи себеп – мамлекеттик башкаруу системасынын талкаланышы.
Жаӊы бийлик алты жылдан бери «парламенттик системаны түзүү» деген эксперимент жүргүзүү менен мамлекетти жана элди кыйнап бүттү. Ал эксперимент өзүн өзү жаманатты кылып, кыйрап калды. Мамлекеттик башкаруу системасы жок кылынды. Өлкөбүз феодалдык – уруучулук жана кылмыштык формадагы башкарууга кабылды. Кыргызстандын мамлекеттик системасы олигархтар, коррупционерлер, бандиттер, алкомагнаттар, базаркомдор, бангибарондор үчүн бейишке айланды. Натыйжада, Атамбаев жана анын достору, шопурлары, техкызматкерлери, жансакчылары өз кызыкчылыктары үчүн бийликти зомбулук менен пайдаланууга өттү. Президент бийликти өзүнө берилген, уюштуруу жөндөмү начар, демилгесиз кадрларларга, кошоматчыларга толтуруп салды. Андыктан элибиз, азыр, «Кыргыз мамлекети кайда баратат? Белгисиз. Дөӊгөлөк тескери айланып жатат» деп, аӊдап отурат. Өлкөдө эч ким, эч нерсе үчүн жооп бербес абал түзүлдү. Алты жыл ичинде өкмөт жети жолу алмашты. Бардык премьер-министрлер жана чечүүчү министрлер жеке Атамбаев тарабынан дайындалууда. Аларды тандоо чечкинсиздик, тилалгычтык өӊдүү ченемдер аркылуу жүргүзүлүүдө. Баардык премьер – министрлерге башкаруунун реалдуу укуктары берилбей келатат. Бирок, алардын баары президент кетирген кемчиликтер үчүн жоопкер, күнөлүү болуп, Атамбаев суудан кургак чыгууда. Президент Атамбаев парламентаризм идеясы менен шайлоо системасын түп орду менен жаманатты кылды. Жогорку Кеӊештин акыркы чакырылышын шайлоо элди жүзүкаралык менен алдоонун эӊ жогорку чегине жетти. Парламентке Атамбаев уруксат берген саясий партиялар гана келди. Депутаттык мандат базарда сатылуучу товарга айланды. Азыркы ЖКны эл ОПГ менен СИЗОго окшош деп жатышы бекеринен эмес. Азыркы ЖК Атамбаевдин тил алгыч, көргөзмө органы болуп отурат. Атамбаев «соттук реформа жүргүзүү» шылтоосу менен соттук системанын пайдубалын кошо талкалоого үлгүрдү. Соттор, прокуратура, атайын кызматтар анын оюнчугуна айланды. Азыркы соттор бийликке көз каранды жана коррупцияны мурда болуп көрбөгөндөй гүлдөттү. Эксперттер, Кыргызстандын «сот системасы өлүккө айланды, аны көмүү гана калды» деген пикирди айтышууда.
Экинчи себеп – экономиканын кыйрашы.
Учурда Кыргызстан кирешеси жана жан башына туура келүүчү ИДП боюнча 185 мамлекеттин ичинен 142-орунду ээлеп, дүйнөдө эӊ артта калган мамлекеттердин катарына кошулду. Алты жылдан бери өлкөнүн экономикасынын начарлашы мурда болуп көрбөгөндөй тереӊдеп, андан чыгуунун аракети түгүл, идеясы да жок калды. Мурда экспорт менен импорттун салыштырма салмагы теӊ чамал болуп келсе, 2012-жылдан бери продукцияларды импорттоо экспортко караганда үч эсеге көбөйдү. Кыргызстан импортко көз каранды мамлекетке айланды. 2005-жылы өлкөнүн сырткы карызы 1 млрд 300 млн долларды түзсө, 2010-жылы 2 млрдга өсүп, учурда 3 млрд 800 млн долларга жетти. Мурда өлкөбүз дүйнөлүк каржы уюмдардан 0,7 пайыз менен 40 жылдык мөөнөткө карыз алып келсе, Атамбаевдин бийлиги андай карыздарды Кытайдан 3 пайыз менен 20 жылдык мөөнөткө алууда. Каржы эксперттери аны кылмыш катары баалап жатышат. Мурда мамлекеттик бюджет теӊ салмактуу түзүлүп келсе, Атамбаевдин бийлигинин учурунда ал катастрофалык абалга жетти. Ар жылы мамлекеттик бюджеттин зор дефицит менен кабыл алынышы (20 млрд сомго жакын) нормага айланды. Өлкө мурда ар жылы 3-5 пайызга жакын деӊгээлдеги инфляцияга учурап келсе, ал акыркы алты жылда 11-15 пайызга өстү. Аныгында ал 20-25 пайызды түзүп отурат. Улуттук валютабыз дүйнөдөгү эӊ алсыз он валютанын катарына кошулду. Калктын банктарга жана кредиттик уюмдарга карыздары катастрофалык абалга же болбосо 100 млрд сомго жетти.
Үчүнчү себеп – өндүрүштүн өлүмтүк абалга кептелиши.
Атамбаевдин бийлиги биринчи кезекте өлкөбүздүн экономикасынын флагманы – электр энергетикасынын белин сындырды. Кыргызстан мурда электр энергиясын экспорттоочу өлкө болсо, эми аны импорттоочу өлкөгө айланды. Бул тармакка кийинки беш жыл ичинде сырттан алган кредиттин 1 млрд доллары жумшалды. Бийлик жүздөгөн шылтоолорду айтып, электр энергиясынын тарифин жогорулатууда. Бирок, бул тармакты жөндөмсүз башкаруу жана өтө зор коррупция өӊдүү проблемалар жашырылып олтурат. Өлкөдө азык-түлүк коопсуздугу үзгүлтүккө учурады. Мурда ар жылы 1 млн тонна буудай өндүрүлүп келсе, акыркы беш жыл ичинде ал эки эсе азайды. Натыйжада, Атамбаевдин бийлиги Казакстан менен Орусия алдында тилемчи кейпин кийди. Айыл чарба продуктыларынын баасы төмөндөгөнүнө байланыштуу дыйкандарыбыз жыл санап көптөгөн чыгашаларга учурап, жакырчылыкка батып баратат. Тигүүчүлөрдүн тармагына да зор залака тийди. Өткөндө бул тармак тынымсыз өнүгүп, анда иштегендердин саны 150 миӊ адамга жеткен. Өндүрүлгөн продукциянын 90 пайызы экспортко жөнөтүлүп турган. Учурда бул тармак да кыйрап, ишканалардын теӊинен көбү банкрот болду. Экспорттун көлөмү эки эсеге азайды. Курулуш тармагында да оор мезгил башталды. Акыркы алты жыл ичинде өлкө экономикасын рецессиядан дал ушу курулуш тармагы сактап келсе, азыр бул тармак да кризиске кабылды. Көпчүлүк курулуш компаниялары өз ишин токтотууга аргасыз болушту. Кыймылсыз мүлк рыногу да «жансыз абалга» кептелди. Атамбаевдин бийлигинин жырткыч мүнөзү өлкөнүн газ тармагын талкалоодо айкын байкалды. Өлкөнүн негизги газ компаниясынын карызы 2010-жылы 3 млн доллар болсо, андагы коррупциянын өтө өнүгүшүнүн натыйжасында 2014-жылы ал 40 млн долларга өсүп, компания жок болду. Атамбаев бийлик жүргүзгөн жылдары өлүмтүк абалга туш болбогон экономиканын бир да тармагы калган жок.
Төртүнчү себеп – популизм жана элди алдоо.
Президент А. Атамбаев элге эӊ чоӊ долбоорлорду убада кылып, аны аткаруу үчүн эч кандай аракет жасабай таштап салчу өтө сейрек сапатка ээ. Ал Кыргызстанды 3-4 жылдын ичинде гүлдөгөн өлкөгө айлантуу убадасын берип, иш жүзүндө өтө алсыз абалга туш кылды. 2011-жылы Атамбаев беш жыл ичинде Кыргызстан – Кытай темир жолу курулаары жөнүндө айтып чыккан. Ал убадасы да элди алдоо экен, эч нерсе жасалган жок. Президент болоору менен Атамбаев «Кыргызстанды инвесторлор үчүн бейишке айландырам» деп бүткүл дүйнөгө жарыя салган. Иш жүзүндө эмне болгону белгилүү. Азербайжан нефть компаниясы менен бирдикте күйүүчү, майлоочу май чыгаруучу завод, кытай компаниялары менен бирдикте трактор, минералдык жер семирткич, кездеме, цемент, пахта жана нефть иштетүүчү ишканаларды курдураары жөнүндө айткандары да кезектеги «беш өрдөгү» экен. Атамбаевдин ГЭСтерди куруу жөнүндөгү убадалары да аткарылбады. «Орусия Камбар Ата -1ди, андан башка Жогорку – Нарын каскадынын 12 ГЭСин курат. 2016-жылы 4 ГЭС курулуп бүтөт. Кытай өлкөсү Сары-Жаз дарыясына бир канча ГЭС курат» деген. Кыскасы, Атамбаев өрдөктөрүн өлкөнүн энергетикалык талааларында тобу менен учуруп келатат. Өлкөнүн экономикасына түздөн түз инвестиция тартуу маселелери боюнча Атамбаев айткан калптар элди жадатты. Атамбаев жеке өзүнүн аракети менен өлкөгө 5 млрд доллар инвестиция алып келе жатам деп КТРден жарыя салган. «Президентибиз абдан мыкты турбайбы» деп элдин эси оогончо бул дагы Атамбаевдин кезектеги калпы – элди алдаган эки жүздүүлүгү экенин турмуш көрсөттү. Ал убада кылган инвестициядан өлкөгө 1 доллар да келген жок. Аткарылбас улуу долбоорлорду жанындай көргөн Атамбаевдин жетекчилиги менен «Кыргызстанды 2013-2017 – жылдары туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегия» иштелип чыккан. Кошоматчылар, «Президент Атамбаев улуттук 76 долбоордун автору» деп макташкан. Көрсө ал «Улуттук стратегиясы…» да утопия экен. Атамбаевдин маниакалдык идеялары аткарылбаган бойдон кала берди. Көптөгөн долбоорлор ордунан козголгон да жок. 350 миӊ жаӊы жумушчу орун түзөбүз дегени да кыял бойдон калды. Атамбаевдин өлкөнү 2017-жылга чейин гүлдөтүү максаты да иш жүзүндө бир нече жылдарга артка кетти.
Бешинчи себеп – коррупция менен күрөшүүнүн чуру-чуулу жана тандалмалуу кампаниясынын кыйроого учурашы.
Коррупция менен күрөшүүнү президент Атамбаев өз ишмердүүлүгүнүн башкы багыты катары тандап алган. Бирок, Кыргызстандын 25 жылдык жаӊы тарыхындагы эӊ чоӊ коррупционер Атамбаевдин өзү экенин эске алсак, анын бул күрөшү таӊкалаарлык. 90-жылдары Атамбаев алдамчылык жол менен мамлекеттен 50 млн рубль, ал кездеги 50 млн доллардан көп акча алганы белгилүү. Ал акчага мамлекеттин 5-6 чоӊ заводун сатып алып, анын иш станоктору менен керек-жарактарын Кытайга жана Турцияга сатып жиберип, он миӊдеген жумушчулары менен инженерлерин көчөгө айдап, ишсиз калтырган. Президент болгондон кийин элге, «банк ячейкалары», «мародерчулук», «Мегаком», «уу нурлуу көмүр» боюнча зор коррупциялык иштер менин жеке көзмөлүмдө турат. Ал иштердин негизги катышуучуларынын аты-жөнүн да билем» деп жарыялаган. Бирок, алардын бир да бири сотко жетпей жабылды. АзияУниверсалбанкында сакталып турган Орусиялык 200 млн доллардын жана гранттык 35 млн доллар каражаттын дайыны азырга чейин белгисиз. Коррупция Атамбаевдин президенттик аппараты менен Башкы прокуратураны чырмап алды. Үзгүлтүксүз уланып жаткан коррупциялык чыр чатактардан Атамбаевдик бийликтин акыркы коррупциялык иштерин белгилеп кетели. Буга кылым аферасы аталган «Жерүй» кенин сатууну жана «Балыкчы – Корумду» автожолун куруу боюнча тендер өткөрүүнү айтсак болот. Коррупция менен компетентсиз жана тандалма күрөшүүдөн майнап чыкпады. Өткөндө коррупция өлкөбүздүн денесинде бүткөн жара болсо, азыр ал бүткүл денени басып кетти. Өкмөт мүчөлөрүнүн айтуусунда, экономиканын баардык тармагын учурда коррупция ээлеп алган.
Алтынчы себеп – элди маӊкуртташтыруу жана бөлүү аракеттери.
Президент Атамбаев өзүнүн башкы миссиясын элге өзү ачып берди. Көрсө, ал кыргыз эли маӊкуртка айланышын абдан самайт экен. Ал президенттикке талапкер болуп жаткан учурда элди, айрыкча кыргыздарды өз улутунан баш тартууга үгүттөп, элди «кыргыз» деген аттан баш тартып, жөн гана «кыргызстандык» болууга чакырып жатты. Мында ал «америкалык» деген түшүнүктү бетке кармап, кыргыздардын башын айланткысы келген. Улуттун көп кылымдык тарыхында ал кыргыздардын ичинен жалгыз жана алгачкы болуп кыргыз улутун жок кылууга белсенди. Тилекке жараша анын аракети таш капты. Бирок, жакында Атамбаев ошондо ишке ашпай калган кыялына кайрылып, ал ой-тилегин тереӊде катып келатканын далилдеди. Кошоматчылар Атамбаевди элди бириктирүүчү деп мактап калышат. А чындыгында кандай? 2011-жылы өткөн президенттик шайлоо анын анык жүзүн ачты. Президенттик орунга талапкерлигин койгон түштүк региондук атаандаштарына кайрылып, «Мен түндүктүн гана президенти болом. Түштүктүн мага кереги жок. Өз регионуӊарды бөлүп алып, Түштүк-Кыргызстан Республикасын түзүп алгыла» деген. Жүзүкаралыгы жагынан алдыга адам чыгарбаган жана түштүктүк кыргыздарды жек көргөн Атамбаев кийинчерек өзүн «түштүктүк кыргыздардын тукуму» катары айта баштады.
Жетинчи себеп – кыргыз элинин руханий башаты жана атасы – айкөл Манасты маскаралоосу.
Өз улуттуулугун унутпаган жана маӊкурт болууну каалабаган кыргыз элине ачуусун жана таарынычын унутпаган Атамбаев элдин рухий дүйнө-таанымына сокку урууга өттү. Ал соккусун кыргыз элинин ыйыктыгы жана баатырдык үлгүсү болгон Манас атабыздан баштады. Бирок, манасчылар жана манас таануучулар ага жол бербеди. 2010-жылкы апрель окуясынан кийин Манас эпосунда «курама топтоп журт кылдым» деген сөздү мисалдап, Атамбаев «кыргыздар улут болгон эмес» деген түшүнүктү бекемдөө аракетине кирди. Манас таануучулар Манас мындай сөздү айтпаганын далилдеп беришти. Аӊгыча Атамбаев Орусияга жасаган иш сапарында «Манас – этникалык жактан орусиялык» деп балп этти. Манасчылар мында да Манастын ата-бабалары Сары-Колдо, андан кийинкилери Опол Тоодо жашаганын далилдеп бергенине карабай, Атамбаев, «Кыргыздардын Чоӊ казатын ким жетектеген? Манас жетектеген эмес. Аны Алманбет жетектеген» деп бакылдай баштады. Тарыхый чындыкты жерип жана Алманбеттин улутуна таянып, (ал кыргыз болгон эмес) кыргыздарды мазактады. Ал аз келгенсип, Манастын энеси Чыйырдыны булгар кызы болгон деп чыкты. Акырында Атамбаев «Манасты кыргыздар өздөрү өлтүргөн» деп кыргыз элинин жүрөгүнө канжар малды. Манасчылар мында да ага Манасты кытайдын ханы Коӊурбай өлтүргөнүн далилдеп беришти. Элибиз Атамбаевдин шылдыӊдоосуна каршы туруп, кыргыз улутунун намысын бийик сактап келатат.
Сегизинчи себеп – кыргыз элин мазактоосу.
Президенттин үстү-үстүнө жасаган чабуулуна Манас атабыздын азыркы тукуму да тушукту. Кыргыз элин абдан жек көрөөрүн Атамбаев ар дайым эл алдына айтып келет. Ал жалалабаддык энелерди жектеп, аларды «катындар», «ОБОНдун мүчөлөрү» деген шылдыӊдоодон да кайра тартпады. Ысыккөлдүктөрдү «каракчылар» жана «бандиттер» деп мүнөздөдү. Нарындыктарды «силер Нарын дарыясын заараӊар менен булгап жатасыӊар», «мал менен жүрүп мал болуп калгансыӊар» деп мазактады. Талас эли, «таластыктар силер катынсыӊар, жоолук салынып алгыла», «Талас эли – эл эмес» деген орой шылдыӊга кабылды. Журналисттерди чет эл тыӊчылары, мителер деп шылдыӊдоо Атамбаевдин жакшы көргөн мазагы. Оппозиционерлерди «эл душманы», «кан самаган сагызгандар» ж.у.с. сөздөр менен тилдеп, урушуунун ашынган мастери болуп алды. Андыктан, коомдун акыл эстүү мүчөлөрү, «бул президенттин психикалык ал-абалы ордундабы?» деп аӊ-таӊ калып жатышы бекер эмес. Эгерде, буларды Атамбаевдин кызмат абалынан тышкары карай турган болсок, анын бул айткандарында чоркок ой жүгүртүү менен дүйнө таанымдын бузукулугунан башка эч нерсе жок.
Тогузунчу себеп – тышкы саясаттын кыйроосу.
Атамбаевдин тышкы иштерге олдоксон жана орой кийлигишүүсү алты жылдан бери үзгүлтүксүз жүрүп келатат. Анын натыйжасында коӊшу мамлекеттер менен достук байланыштар жабыр тартууда. Көп миӊдеген адамдар катышкан митингде чыгып сүйлөгөн Атамбаев, «Биз, суу бербей коюп, казактарды чөгөлөтөбүз! Назарбаев диктатор!» деп коркутту. Натыйжада, кыргызстандыктар жана кыргыз товарларынын Казакстан аркылуу өтүшү кыйындады. Атамбаевдин «Каримов 2-3 жылдан кийин өлөт. Ошондо чек ара маселелерин чечебиз» деп айтканы Өзбекстандын президентин өтө таарынтты. Ошондон кийин коӊшу мамлекет чек арасын жаап, кыргызстандыктардын кеӊири рынокто соода кылуусуна терс таасир тийди. Эксперттер кийинки кезде “Кыргызстан менен Тажикстан согуш алдында турат” деп белгилешүүдө. Бул да Атамбаевдин алысты көрө билбегендиги. Андыктан тажик президенти Э.Рахмон коопсуздук кеӊешинин жыйынында кыргыз президентин “ит” деп атады. Минск шаарында өткөн саммитте Атамбаев өзүнүн дипломатиядан тышкаркы аракети үчүн Белорус президенти А. Лукашенкодон, “Эй бандит, сен эмне, бийликке кантип келгениӊи унутуп калдыӊбы?” деген жеме укканы белгилүү. Атамбаев Орусияны жактаарын жана достукка берилгендигин жалган жарыя кылып, иш жүзүндө Түркия менен Кытайдын гана соода компанияларына жана маданий–окутуу борборлоруна кеӊири мүмкүнчүлүктөрдү берип отурат. Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчилерин дайындоону Атамбаев абсурд абалга алып келди. Анын өзүм билем чечими менен учурда элчи болуп, ырчы, жардамчы, оппозициябыз дегендер, деги кимдер гана иштеп жаткан жок.
Онунчу себеп – идеологиялык жана маалыматтык террор.
Президент Атамбаев өзүнүн алты жыл бийлигинин учурунда жаӊы элита түзүүгө жарабады. Натыйжалуу уюштургуч жетекчилердин жана мыкты ишкерлердин катмарын да түзө албады. Анткен менен кошоматчылардын эӊ күчтүү армиясын түзүүгө жетишти. Анын “аскерлери” күнү, түнү тынбай эмгектенүүдө. Алардын урааны: “Ким Атамбаевге каршы болсо, ал Кыргызстандын душманы”. Алар саясий жок кылуунун мыкаачы жана мытайым жолун эӊ сонун өздөштүрүшкөн. Атамбаевге каршы бир сөз айтылып же аракет жасалса анын кошоматчыларынын күчтүү армиясы журналисттик куралдардын баардык түрү менен “Атамбаевдин ал душманын” миӊ жолу аткылап, тебелеп, тепсеп жана шылдыӊга айлантмайын токтобойт. Кыргызстан элинин сый- урматынан алда качан айрылып калган Атамбаев өз креслосун, анын болбогон иштерин көкөлөтө, тынымсыз мактаган кошоматчыларынын армиясынын жардамы менен араӊдан зорго кармап отурат. Азыркы Кыргыз бийлигинин идеологиясы –каратып туруп калп айткан, өч алган жана өзүнө өзү маашыркаган Атамбаевдин жан дүйнөсү.
Президент Атамбаев бийлик жүргүзгөн жылдары Кыргызстандын элинен кандай мүнөздөмөлөргө ээ болду?
Оюна эмне келсе ошону жасай берет. Сансыз жана куру убадаларга маш. Бир да бир ишти аягына чыгарбайт. Чуру-чуулуу жана популистик кампанияларды жакшы көрөт. Сөз сүйлөө– анын эӊ сүйүктүү иши. Баарын үйрөтүп, чарчабай мактана берет. Башка бирөөлөрдү жаны жыргай шылдыӊдайт жана каралайт. Алдамчылык жана каратып туруп калп айтуу жагынан алдына адам салбайт. Ичи тар жана көр албас мүнөздүү. Чагым салуунун жана башкалардын жетишкендиктерин өзүнө таандык кылуу жагынан чебер. Каталыктары, кемчиликтери үчүн жооп берүүнү каалабайт. Башкалар күнөлүү болуп, өзү суудан кургак чыгат. Өлкөнү баш аламан абалга алып келди. Кыргызстанды алсыз мамлекет абалына жеткирди. Учурда өзүнүн алдыдагы коопсуздугу жана жыргал жашоосун камсыз кылуу маселелери менен гана алек.
Экинчи маселе
Президент А. Ш. Атамбаевдин үзөӊгүлөштөрү Икрамжан Илмияновдун, Чыныбай Турсунбековдун, Тургунбек Кулмурзаевдин жана Фарид Ниязовдун ишмердүүлүктөрүн карап чыгуу боюнча Элдик Комиссия түзүү.
“Шаа шаанисин жан жөкөрлөрү жасаары” белгилүү. Атамбаевдин айланасында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнөн дээрлик бири да калган жок. Берген убадалары аткарылбаганы жөнүндө уккусу келбеген себептүү, ал өзүн бийликке алып келгендердин баарынан алыстоого аргасыз болду. Анын командасында бир да профессионал жана мамлекетчил, мекенчил адам жок. Анын мурдагы шопуру Икрамжан Илмиянов “серый кардинал” даражасына ээ болуп, президенттин ордуна кадр тандоо, дайындоо боюнча баардык маселелерди чечип келе жатат. Парламенттик акыркы шайлоо алдында саясий партиялардын лидерлери өз талапкерлеринин тизмесин аны менен макулдашканы дайын. Шайлоонун жыйынтыгын да аны менен кеӊешип, анан чыгарышкан. Ошентип, Жогорку Кеӊеш Президенттин администрациясынын юридикалык бөлүмүнө айланып отурат. Мурдагы бийликтерге жүгүрүп кызмат кылган, тегирменчи ишкер Чыныбай Турсунбеков учурда КСДП партиясынын формалдуу жетекчиси, Атамбаевди мактагыч жарчыга айланды. Шайлоо учурунда шайлоочуларды сатып алуу, коркутуп, үркүтүп добуш алуу аракети менен ал жана КСДП партиясы шайлоо системасына болгон ишенимди биротоло жоготушту. Атамбаевдин дагы бир үзөӊгүлөшү Тургунбек Кулмурзаев мамлекеттик стратегиялык тармак болгон “Кыргызгаз” ишканасын коррупциялык схема аркылуу жок кылды. Атамбаевдин пресс-катчысы болуп иштөө менен Фарид Ниязов сөз эркиндигин тебелеп, республикадагы белгилүү басылма болгон “Вечерний Бишкек” гезитин рейдерлик менен басып алды. Учурда сот реформасы боюнча комиссияны жетектөөдө. Атамбаевди ар тарабынан курчап алган мына ушундай наадан жана шектүү ишмерлердин мамлекетке келтирген кыянаттыктары жана зыяндары жалпы эл тарабынан өтө кылдат изилдениши зарыл.
Үчүнчү маселе
Нидерландынын Гаага шарындагы эл аралык кылмыштар боюнча сотуна 2010-жылы июнда кыргыздар менен өзбектер ортосунда болгон улуттар аралык каргашалуу уруштун азгыруучуларынын жана күнөлүүлөрүнүн жоопкерчилигин кароо боюнча “Элдик парламент” Бирикмесинин кайрылуусу.
“Элдик парламент” Бирикмеси өз жактоочуларынын атынан эларалык кылмыштар боюнча сотко 2010-жылы июнда өлкөнүн түштүгүндө болуп өткөн каргашанын жаралышындагы аракеттери жана аракетсиздиги үчүн Атамбаевди жана башка жооптуу адамдарды жоопко тартуу боюнча кайрылмакчы. БУУнун алдында түзүлгөн эл аралык көз каранды эмес комиссия ал окуяларда Кыргызстандын убактылуу өкмөтүнүн ишмердүүлүгүнө өз баасын берген. Эл аралык кылмыш сотунун мүчө-мамлекеттери менен дипломатиялык каналдарды кылдат пайдалануу аркылуу “Элдик парламент” Бирикмеси бул ишти аягына чейин изилдетүү менен Атамбаевди жана өзбек сеператистеринин лидерлерин кылмыш жоопкерчилигине тартырууну көздөйт.
Жыйынтык
Жогоруда айтылгандарды жыйынтыктоо менен биз маанилүү бир маселени өзгөчө белгилөөнү туура көрдүк. Президенттин токтоосуз отставкага кетиши жөнүндө маселени коюу менен биз бул максатка жетүүнүн оппозициялык кыймылдар тандап алган жолунан кардиналдуу айрымаланган жолду тандадык. Бул жерде биз, өткөндө болуп өткөн эки жолку төӊкөрүштүн натыйжасында Кыргызстанда бийлик алмашканына дүйнөлүк коомчулукта тескери пикир жаралганын айтып коюшубуз керек. Оппозиция Атамбаевдин отставкасын талап кылууда мажбурлоо методдорун жана каражаттарын пайдаланууда. Биз, ал жолду колдонбой, Атамбаевди отставкасына жетишүү боюнча өз жолубузду иштеп чыктык. Биринчиден, биз, “Элдик парламент” Бирикмесинин жактоочулары чогулуп келип, Атамбаевдин өзүнө анын отставкага кетишинин зарыл себептерин түшүндүрөбүз. Экинчиден, биз ага Кыргыз Республикасынын президенттик кызматын өз каалоосу менен бошотуп берүүсүн сунуш кылабыз. Ошентип, биз президенттин отставкага кетишине жетишүүнүн тынч жана конституциялык жолун тандап алдык. Бул жолу биз дүйнөлүк коомчулукка кыргыз эли тарыхый бурулуш учурларында цивилизациялуу, мыйзамдуу жана маданияттуу аракет жасай аларын көрсөтүүгө тийишпиз. Биз элдин, мамлекеттин тагдыры чечилип жатканын эстен чыгарбоого милдеттүүбүз.
“Элдик парламент” бирикмеси

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *