Элиана Марьям Сатарова, “Умма” журналынын редактору, “Жоолук күнүнүн” уюштуруучусу: “Жоолук бул биздин маданиятыбызга чоочун кийим болбошу керек”

–         Элиана айым, биз буга чейин ак калпак, элечек күнүн белгилеп келгенбиз, жоолук күнүн белгилөө идеясы эмнеден улам келди?

–         Жоолук күнүн белгилөө идеясы Наз Махан аттуу айымга таандык. Ал айымдын демилгеси менен  2014-жылдан бери бул күн майрам катары белгиленип келе жатат.  2001-жылдан баштап АКШда жоолук салынган кыздарды кодулап, алардан чочулап, башында жоолугу бар айымдарды террорист катары көрүп келгендери жашыруун деле эмес.  Жоолукчан айымдар кайсы жерге барбасын укуктары тебеленип келишкен. Ошонун бардыгын көрүп жөн отуруп калбастан Наз Махан  флешмоб өткөрүп, өз туугандарына, тааныштарына, досторуна бир күн жоолук салынып, ага жардам берүүлөрүн суранган. Ошол күндөн баштап жоолукка кызыккан айымдар, жоолук сулуулукту ачаарын түшүнгөн адамдар пайда болуп, Наз айымдын демилгесин колдогондор көп боло баштаган. Ошентип 2014-жылы 1-февралда “Жоолук күнү” белгиленген.  Биз да жөн жатпай, айымдардын көркүнө-көрк кошкон жоолук тууралуу кенен маалыматтарды таратып, бул күндү 2016-жылдан баштап белгилеп келе жатабыз. Биздин негизги максатыбыз, жоолуктун коомдогу ордун көрсөтүү. Айымдарды бириктирген темалардын бири  бул – жоолук болушу керек. Аял заты  үй- бүлө, карьера, бала тарбиялоо, ошону менен катар жоолук тууралуу да баарлашуусу керек деп ойлойм. Бул жылы да ар кыл кесиптин ээлери, жөн гана үйдө бала тарбиялап отурган энелер  келип катышышты.  Ар тармакта иштеген эжелер өз кесибинин айланасында пикирлери менен бөлүшүп, бири бизнес тууралуу, бизнес баштоонун жолун үйрөтсө, дагы бири кол өнөрчүлүк тууралуу, дагы бири бала тарбиялоонун жолдорун айтып берет. Бул иш-чара учурунда жоолукту кантип кооз, сулуу салынуу керек экендигин атайын кыздар, эжелер  үйрөтүшөт. Бул күн айымдар үчүн майрам катары каралышы керек.  Биздин пикирди улантып, жайылтып былтыртан баштап Ош шаары да кошулду. Быйыл да ал жерде жоолук туурасында кызыктуу  маалыматтар айтылды. Мен жоолукту элечекке окшоштуруп салынганга аракет кылам. Элечек кийген айымдар  абдан жагат. Элечек менен жоолуктан  чыныгы аялдык жүздү көрсөк болот. Жоолук күнүнүн негизги максаты айымдардын достукта, ынтымакта  биригиши. Ал жерде сенин улутуң бул же тигил деген түшүнүк болбойт. Кайсы улуттан экенине же динине карабай биздин эшик ачык.

–         Сиз өзүңүз туурасында да айта кетсеңиз?

–         Мен өзүм эл аралык мамилелер бөлүмүн аяктагам. Азыркы учурда Москвада аспирантурада окуп, билимимди тереңдетип жатам. Өзүмдүн кесибиме байланыштуу, мамлекетибиздеги эл аралык мамилелердин жакшырышына кичине болсо да салым кошкум келет. Бул жоолук күнү менин максаттарымдын ишке ашышына жардамы тийип жатат деп айта алам. Жаштардын туура жолго түшүп, жаман адаттардан алыс болушуна биздин кылып жаткан иштерибиз жардам берет деп терең ишенем. “Умма” журналы да бул багытта да ар кандай иштерди алып барып жатат. Чылым чегүүдөн баштап, денеге зыяндуу нерселер жөнүндө кенен маалыматтарды да берип, ислам дини достукту, ынтымакты, кайрымдуулукту жана тазалыкты туу тутаарын эскертип келебиз.  Биздин журнал Кыргызстанда гана эмес, чет өлкөлөргө да тараган. Биздин кылган иштерибизди көрүп  ыраазы болгон адамдар көп. Мисалы жакында Татарстандын президенти Рустам  Миннихановдун колунан  мактоо баракчасын алдым. Алкышын угуп, алдыга жүрүүгө стимул алдым.  Мен өзүмдү мамлекетимдин патриоту катары эсептейм. Ошол себептен жаштар убактысын текке кетирбей, мамлекет үчүн таза иштерди иштешсе деп көп ойлоном.

–         Жоолук дегенде эмнени элестетесиз? Сиз канча жылдан бери жоолук салынасыз?

–         Биз демократиялык коомдо жашагандыктан, ар бир айым жоолук салынабы өзү чечиши керек. Мен эс тартып, жоолуктун касиеттерин билгенден баштап салынгам. Жоолук дегенде мен сулуулукту, тазалыкты, тыкандыкты жана кыргыздын айымдары, апаларыбыз  салынган баш кийимди элестетем.

–         Кыргыздын кыздары турмуш жолуна аттангандан кийин жоолук салынышкан. Кыздар беш көкүл чачын өрүп жүрүшкөн. Азыр турмушка чыга элек кыздар динге таянып жоолук салынып жатышат, буга көз карашыңыз?

–         Биз тарыхты карасак, биздин чоң апаларыбыз эрте турмушка чыгып, жоолукту эрте салынышкан. Чачын жайып жүргөн жаш кыздар болгон эмес. Тазалык жана тыкандык ислам дини эле эмес, кыргыздын  канына да сиңген.  Чачын жайып алып тамак жасоо же эшикте жүрүү  болгон эмес. Бул айымдардын ыйманынан кабар берип турган. Аял дегенде жоолук эске келип турган. Жоолук эч бир нерсеге тоскоол болбойт. Жоолук  менен дүйнөлүк деңгээлдеги ийгиликтерди жаратып жаткан спорт чеберлери, илимпоздор көп. Жоолук бул биздин маданиятыбызга чоочун кийим болбошу керек.

Гүлмира ШАРШЕЕВА

Булак: Фабула 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *