Элиңди эмне мынча кыйнайсың, ыя?!

ЭКОНОМИКАЛЫК БЛОКАДА…

ЧЕК АРА ЭПОПЕЯСЫ…

Кыргызстандагы президенттик шайлоого оро-пара, күтүүсүздөн жарала калган жаңы проблема — ​казак-кыргыз чек-ара постунун өткөрүү тартибинин катаалдап кетиши күзгү дээрлик байкалбай өтүп кеткен сасык тумоодон айырмаланып, кыйла эле көйгөйлүү маселеге айланып кетти. Ал тургай, гриппке байланыштуу, эзелки кыргыздын эриксизден жаралган “жетимге жөтөлдүн кереги эмне?!” деген макалы эске келет…

Чынында эле, Кыргызстан өлкөсү ошол көкжөтөл оорусу торогон жетимдин абалында кайсалап турган чагы. Же каралашар жакын тууганы жок, же дары сатып алып, дарыланайын десе мүмкүнчүлүгү жок!.. Айтор, асманды карап, Кудайдан тилегенден башка арга да жок…

Чек ара маселесин чечүүгө бир катар аракеттер жасалып, ал тургай, коомдук чуулгандуу пикирлерди жаратуу аракети да орун алды. Арийне, алардан эч кандай жарытылуу тыянак чыккан жок. Чыгышы да мүмкүн эмес.

Айрым коомдук ишмерлердин жана саясатчылардын бир тобу (арасында кечээ эле жалпы элдик-президенттик шайлоодо бир пайызга жетпеген добуш алгандары да бар!) Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге (айрымдары массалык маалымат каражаттары аркылуу) түз кайрылууга да далалат жасап көрүштү. Эч кандай реакция болбоду. Нурсултан Абишевич аларга “быш” деп да койгон жок, чымын чаккандай да көрбөдү…

Абдан энергиялуу иштеп жатканын далилдөөгө аракет кылып жаткан жаңы премьер-министр Сапар Исаков дал эми ал өзүнүн иш жөндөмдүүлүктөрүн чындап көрсөтүүчү момент пайда болгондугун сезген окшойт, адегенде, массалык-маалымат каражаттарында Казакстан жана Кыргызстандын премьер-министрлеринин чек ара маселесине байланышкан сүйлөшүүлөрү болгондугу жарыяланса, эртеси эле кыргыз премьер-министри күтүүсүздөн эле өзүнүн казак коллегасына жолугушууга жөнөп кетти. Сыягы, казак премьери Сагинтаев кечээ күнкү кечки телефондук сүйлөшүүдө “Бул энди телефондык суйлесуу эмес гой?!” — ​деп койсо керек…

Кыргыз чөйрөсүндө айтылып жүргөндөй, “өңдү көрсө жүз тайды” болот деп үмүттөндүбү, же башка дагы көрүнбөгөн козырлары колунда бар беле, ким билет, Сапар Исаков, сапары кандай аяктаган күндө да, чечкиндүүлүк менен татаал проблеманы жөнгө салууга жөнөп кеткени маалым болду. Тилекке каршы, бул ирет да ал фиаского учурады. Башкача айтканда, дагы эле кыргыздын көөнө сөзү менен айта турган болсок, аны казак коллегасы жөн эле тил эмизип, “иттен чыгарып койгон” сыяктанып калды… Көрсө, эки тараптуу сүйлөшүү, жөө адамдар жана жүксүз машиналар жөнөкөй эле тартипте, демейдегидей эле калыпта өтө беришсин, ал эми калган өтүүчүлөр үчүн бир жуманын ичинде “жол картасын” эки тарап тең биргелешип даярдоосу керек деген жыйынтык менен аяктаптыр!

Кызык, жөө жана жүксүз адамдар жөн эле, күйүп жаткан иштери болбосо деле, ары-бери каттай беришкидей, алар эмне, башка кыларга иштери жок болуп, зеригип калды беле? Же Кыргызстандыктар абдан эле байып, жыргап жашап калышса, алар саякаттаганга Казакстандын чек ара өтмөгүнөн башка жер калбай калганбы?!

Эми мына, Арменияда ЕврАзЕстин премьер-министрлеринин деңгээлинде үч тараптуу жолугушуу болору күтүлүүдө. Катышуучулары — ​баягы эле Кыргызстан жана Казакстандын премьер-министрлери жана бул уюмга төрагалык кылуучу Армения премьер-министри… Ал эми Россия “Казакстан менен Кыргызстанды ким жараштыра алат?” деп коюп, мыйыгынан жылмайып, четтен байкап карап турат… Анткени, чек ара жана экономикалык блокада көйгөйлөрү боюнча, азыркы Россиядай кыйынчылыктарга кабылган өлкө дүйнө жүзүндө али боло элек.

Тээ мурдагы АКШ президенти Барак Обаманын учурунда башталган эмбарго, экономикалык санкциялар маселеси жаңы президент Дональд Трамп келген соң чечилет деген үмүттөрү таш каап, кайра ого бетер күчөтүлдү. Ушундан улам, АКШдагы либералдык топтун Трампка асылышып, анын Россиянын атайын кызматтарынын жардамы менен президенттик шайлоодо утуп чыккан деп жатышканында аз да болсо чындык бардыр деген ой жаралышы ыктымал. Себеби, түздөн-түз кийлигише албаса да, күйөрмандык жана агитация иретинде колдоо болсо болгон чыгар… Дегеле, күчтүү мамлекеттер — ​ал эми АКШ жана Россия сыяктуу супердержавалар ого бетер! — ​өз кызыкчылыктарын өз өлкөсүндө гана эмес, башка өлкөлөрдүн аймактарында да активдүү түрдө коргоону улантыша берет эмеспи… Ал эми биздин бечел бийлик өзүбүздүн эле чек ара постубузда өз кызыкчылыктарыбызды коргой албай, ал гана эмес, ал проблемаларды жок жерден баш оорудай кылып жаратып алып олтурбайбы?..

Бул үч тараптуу жолугушуудан кандай жыйынтыкты күтүүгө болот? Албетте, Армения тарап бул уюмдун ишин өзү төрагалык кылып жаткан учурда кризиске батышын каалабайт жана маселени колунан келишинче, мүмкүн болушунча оң чечүүгө далалат кылары түшүнүктүү. Башкача айтканда, ал кыргыздар тарапты колдоого алышы мүмкүн. Ошол эле учурда, бул сүйлөшүүлөрдүн ошол деңгээлге чыгышына чейин жеткирген казакстандык тарап да куру кол барбасы анык. Аларда да, демек, жетишерлик жүйөлүү контраргументтери бар окшойт.

Андай болбогон учурда, мурдараак эле азыркы мөөнөтү аяктап, кызматтан кетип бара жаткан президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн чек ара, бажы боюнча ЕврАзЕстин кезексиз жыйынын чакыруу укугунан пайдаланамын деген жарыясынан кийин эле бул маселеде оң жылыштар өзүнөн-өзү эле башталмак… Казак тарап бул жарыяны тек гана көңүлкош кабыл алып, кулагынын сыртынан кетиргендей болду.

Чек ара өтмөгүндө күтүүсүздөн эле түзүлүп, тез аранын ичинде катаалдашып кеткен маселе аргасыздан өз алдынча тарыхый иллюстрациянын призмасы аркылуу кароого да мажбурлагансыйт. Бир кездеги “Ормон опузадан” коркуп кетип, акыры аягында ушунчалык катуу корккондуктан, кайсалап калып, буктурмага кабылып, туткунга түшүп, башы кесилип, кесилген башы чайырга чыланып, кыргыз уруусунун биринин бийи Жантай тарабынан Орус империясынын төбөлдөрүнө тартууга жөнөтүлгөн кичүү жүздүн ханы Кененсарыдан айырмаланып, азыркы казак бийлиги эч кандай “ормон-опузаны” түшүнбөй тургандай, ал эмес, кыргыздар тараптан ачык эле айтылып жаткан блеф-слефиңди да уруп ойнобойм дегендей, такыр эч нерсени, эч кандай куру сөздөрдү тоотпогондой таасир калтырды.

Кыскасы, кыргызстандыктар жакынкы арада жана оңой чечилбей турган татаал маселеге кабылганы талашсыз. Бул маселенин эң эле жаман жана эл турмушуна эң оор терс таасир этүүчү тарабы — ​экономикалык жагдай экени түшүнүктүү. Саясий-идеологиялык ажырым же дискуссиядан айырмаланып, мунун зыяны дароо эле ачык сезиле баштайт. Болгондо да, карапайым эл турмушунан. Ал болсо, — ​чынжыр реакциясы сымал — ​эл нааразычылыгын күчөтөт.

Ансыз деле өз жандарын эбактан бери эле өздөрү багышып, мамлекет тарабынан, өкмөттөн эч кандай колдоо күтүүдөн биротоло үмүт үзүп калышкан жарандар, эми минтип маңдай-тери менен таап жатышкан эмгегинин да үзүрүн көрө алышпай, зыянга учурап жатышса, албетте, алар нааразы болбогондо, дагы кандай реакция жаралмак эле?! Анын үстүнө, өндүрүш (оор индустрия жөнүндө ооз ачпай эле коёлук!), өнөр жай тармагы эбак эле өлгөн өлкөдө азыркы тапта агрардык тармак жана мал чарбачылыгы гана жеке ишкерлер, жергиликтүү дыйкандар тарабынан аздыр-көптүр кыймылдап, эл турмушунун белгилүү бир чектен түшүп кетпей, жашоо деңгээлине керектүү минимумду камсыз кылып турат.

Баса, өкмөт жана бийликтин бардык деңгээлдеги отчетторунда ошол жеке ишкерлердин көрсөткүчтөрү да камтылып, өзгөчө чоң орунду ээлеп турат. Мезгил- мезгили менен (адатта, ар бир квартал сайын!) “баланча даана жумуртка, баланча тонна эт-сүт ж. б.” өндүрүлдү деген жана да “баланча чарчы метр турак-жайлар салынды” деген сыяктуу отчеттор, көбүнесе, дал ошол жеке жарандардын аракеттеринен улам гана жаралып жаткан цифралар.

Рационалдуу ой жүгүрткөн адамга парадоксалдуу абал жаралбай койбойт: деги он беш-жыйырма жылдан берки расмий отчетторду хронологиялык тартипте көз жүгүртүп көрсөң, дээрлик бардык тармактарда ай сайын болбосо да, квартал сайын — ​ал эми жылына сөзсүз түрдө! — ​кандайдыр бир өсүү темпи бар экендиги такай белгиленип келе жатат. А бирок, реалдуу турмушту карай келсек — ​көрүнүш такыр башка!..

Мунун себеби, өлкө экономикасы жедеп кургуйга түшүп, андан ары түшүп кетүүгө такыр чек калбай калгандыгы менен түшүндүрүлөт. Мындай кырдаалда болор-болбос, бир аз гана жандануулар деле салыштырмалуу алганда “өсүш” сыяктуу сезиле берери шексиз.

Эми болсо, ошол дыйкандардын жыл бою эмгектенип, жыйып алган түшүмү коромжу болуп, банкрот болуу коркунучу жаралды. Бул чын-чынына келгенде бир кездеги Өзбекстан тараптан көрсөтүлгөн энергетикалык кысымдан да жаман жана кесепети оор. Анткени, эл бир нече күн, бир жама-эки жума отсуз-газсыз чыдап, ал кыйынчылыктан чыгып кетүү айлаларын таап калышкан. Ал эми чирип, сактоого мүмкүн болбой калган түшүмдү кайра калыбына келтирүүгө эч мүмкүн эмес!

Күчтүү жана эл аралык деңгээлде аброю бар мамлекеттер мындай экономикалык блокада абалына кабылышканда, демейде, башка региондордон жылчык-бош орун издешип, убактылуу болсо да кыйынчылыктардан чыгуу аракетин көрүшөт. Мисалга, алыска барбай эле коёлук. Мындан эки жылча мурда, Сирия менен Турция чек арасынын ортосунда атып түшүрүлгөн орус самолетуна байланыштуу, Россия Федерациясы менен Турция кырды бычак абалына жетишип, дипломатиялык мамилелерин да мына-мына үзө турган болуп калган чакта, Россиянын экономикалык блокадага кабылышы күчөшү бул саясий абалды өзүнөн-өзү оңдоп кеткен. Европадан алынуучу жер-жемиштер Турциядан келе баштап, мурдатан жыйырма жылдан ашуун жалдыратып, евросоюзга ар кайсыл шылтоолорду айтып, кабыл алынбай жүргөн Турциянын да көктөн тилегени жерден табылгандай болгон. Жаман айтпай жакшы жок демекчи, ал өз продукцияларын чыгаруучу жаңы рынок таап алып, НАТО боюнча аскердик өнөктөшү АКШнын ар кандай эскертүүлөрүнө карабастан, Россия менен тыгыз кызматташууга бара баштаган.

Кыргызстанга келсек, азыр башка багытты издеп, кыйынчылыктан чыгып кетүүчү жол таап кетүү мүмкүнчүлүгү да жок. Эбегейсиз чоң рынок болгон Кытай өзү чакан Кыргызстанды товарлары менен көөмп жатат. Ал эми Тажикстан менен Өзбекистан өздөрүнүн жер-жемиштерин батыра албай жатышат.

Демек, Кыргызстан алдында бир гана реалдуу жол калат. Ал жол — ​чек ара маселесин жок дегенде мурдагы калыбына келтирүү. Ансыз бул кырдаалда карапайым калк гана жабыр тартып, кыйнала берет. Ал эми мамлекетке келип түшүүчү чыгымдар деле анчалык сезилерлик болбосу анык. Себеби, биздин экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрүбүз өтө эле чектелүү (дал ошондуктан улам, Казакстан тараптан “өзүңөргө кереги жок болуп калган темир-тезектериңерди бизге бербейсиңерби?” — ​деп уялбай, жалдырап суранып жүрөбүз да!?). Ал эми импорт жайына келсек — ​убактылуу токтоп калуу деле көп таасир эте албайт. Ички рынок чет өлкөлүк товарларга ансыз деле толуп кеткен даана керектөөгө караганда алда канча ашып түшкөндүктөн, алардын баалары мурдагыларга салыштырмалуу байкаларлык арзандоодо…

Жыйынтыктап айтканда, күтүлүп жаткан ЕврАзЕс жыйынындагы карала турган жалгыз гана маселе — ​Казакстан менен Кыргызстандын өз ара чек ара мамилелерин кароо — ​бир гана Кыргызстан жана Кыргызстандык карапайым калк үчүн аба менен суудай зарыл маселе. Аны оң тарабына чечүүгө кыргыз өкмөтүнүн жана жаш премьер-министрдин шаасы жетеби, же жокпу, — ​азыркы өкмөттүн жана өкмөт башчынын келечеги дал ушул суроо менен тыгыз байланышып турат.

Ишенбек МУРТАЗАЕВ

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *