Эльвира Артыкбаева: Моделдиктин арты менен арт-директорлукка жеттим

—Алгач өзүң жөнүндө айтып берсең?

—Мен Нарын областынын Тогуз-Торо районунун Казарман айылында төрөлүп өскөм. Макмал орто мектебинде билим алгам. Окуучу кезимен эле активисттердин катарында болчумун. Жаңы нерселерди билүүгө кызыгып, изденип келем. Азыркы учурда Кыргыз Улуттук университетинин Кыргыз-Кытай факультетинин 4-курсунун студентимин. Мүнөзүм токтоо, чыдамкай, боштондукту сүйгөн адаммын. Өткөн нерселерге эч өкүнбөйм. Атамдын мүнөзүда дал ушундай, атамды тарып калсам керек. Өз көңүлүмө жакпаган жумуш болсо же болбосо мен каалагандай болбосо эч ойлонбой туруп таштап кеткен жайым бар. Келечеке умтулуп, келечек менен жашайм. Өзүмдү туура жолго тарбиялап, кемчиликтеримдин үстүнөн ар дайым иштейм. Үй-бүлөдө 7 эркектин арасында жалгыз кызмын, ата-энем, туугандарым менин байлыгым. Эмне болбосун ар дайым ар тараптан мени колдоп келишет.

—Моделдик сферага кандайча келип калдың эле?

—Моделдик сферага кастинг аркылуу өтүп, атайын курсун «Serebrov Models» агентствосунан аяктагам. Кичине кезимде эле телевизорлордон мода көргөзмөлөрүн калтырбай көрүп, өзүмдүн модель болгонумду элестете берчүмүн. Ушул сферанын «ички кухнясын» билгим келчү. Кастингге коркуп атып баргам. Бирок параметрлерим туура келгендиктен өтүп кеткем.

—Эң биринчи подиумга чыкканың эсиңдеби?

—Эң биринчи катышкан көргөзмөм Алматы шаарында өткөн. Модага байланышкан иш-чаралардан калбай жүрчүмүн. Кийин арадан 4 ай өткөн сон «Serebrov Models» агенттиги менеджер болуп иштөө сунушун киргизишти. Өзүмдү ар тараптан көрсөтүп, ишти мыкты алып баргандыгымдан аталган агентстводо арт-директор болдум. Бул сферада 2 жылдан бери иштеп келем. Ушул убакыттын ичинде масштабдуу «показдарды», эл аралык конкурстарды өткөрүп, көптөгөн проекттердин үстүндө иштеп келуүдөбүз. Ар бир айда эки жолу балдар үйлөрүнө, карылар үйлөрүнө жардам берип турабыз.

—Эмнелерге кызыгасың?

—Саякаттоого абдан кызыгам. Унааны катуу ылдамдыкта айдоону абдан жакшы көрөм. Экстрим, адреналин мага дем берет.

—Күнүң кандай өтөт?

—Күнүмдү график түзүп алып өткөрөм. Азыркы учурда бош убактым болсо туугандарыма арнап, алар менен өткөргөнгө аракет кылам. Ал эми тренажерго, китепке, интернетке, достор менен жолугушууга өз убакыттары менен барам. Убакытты туура колдонгонго аракет кылам.

—Моделдик сферага кызыккандарга эмне айта аласың?

—Моделдик сфера абдан кызыктуу. Талыкпай иштеп, ак эмгекти талап кылган жумуш десем болот. Кыргыз элибизде бул сфера эми гана калыптанып келе жатат. Ошондуктан негиздөөчүлөрүнүн бири болгондугума сыймыктанам. Чет өлкөдөгу агентстволор менен келишимдерибиз бар, алар менен жаңы проекттердин үстүндө иштеп жатабыз. Иштөө графиги тууралуу айтсам абдан эле оор. Анткени эртеден кечке, күнгө-түнгө карабастан долбоорго жараша иштөөгө туура келет. Съемкаларда моделдерибиз менен жумушту контролго алып, коопсуздукту да карайбыз. Кээ учурларда тамактанууга да убакыт болбой калат. Мунун баары оор болгону менен өз ишиңди сүйүп, чын жүрөгүңдөн берилип аткарсаң өзүнчө ырахат аласын.

—Биздеги моделдер каражатты жакшы эле табышабы?

—Кыргызстанда модель болуп жакшы каражат тапкандар көп. Ар бир кесип өз убагы менен жемишин берет. Көп нерсе аракеттен дагы көз каранды.

—Өзүңдү сулуумун деп эсептейсиңби?

Ар бир адам өзүн сулуу деп эсептесе керек. Мен да ошолордун  катарындамын. Ошондон улам моделдикке келсем керек.

—Сулуулар сынактарына катышып көрдүң беле?

—Былтыр Эл аралык сулуулук « International Face – 2017» сынагына катышкам. Азыркы учурда мен үчүн сулуулар конкурсуна катышуунун кажети деле жок. Жаңы иштеп баштаганда Кайрат Примбердиевдин «Лето « клибине тартылгам. «Албарсты» деген популярдуу роликте дагы ырдап калгам.

—Учурда эмне менен алексиң?

—Учурда дипломду колума алайын деп турам. Моделдик сферанын артынан, шоу-бизнести, пиар менеджерликти өздөштүрүп, өз ишимдин профессионалы болууга болгон аракетимди жумшап жатам. НТС каналында «Платформа» долбоорунда менеджер болуп иштеп жатам. Ошондой эле мода  агентстволорунда дефиледен сабак берем. Арт-директор болгондуктан көптөгөн маселелер менин мойнумда.

—Алдыда кандай ой-максаттар бар?

—Алдыга койгон максаттарымдан өзүм да коркуп турган кезим. Бизнес-тренингдерге көп барам, бир чоң ишкер болом деген изги тилегим бар. Абдан көп максаттарым бар, кудай кааласа баары болот.

—Артыңдан чуркаган мырзалар көп болсо керек?

—Өз сезимдерин айткан жигиттер көп. Бирок көңүлүмө жаккан өз адамымды жолуктура элекмин. Акылдуу, менден күчтүү, мага жаңы нерселерди ачкан, билими-илими мени менен бир теңдикте болгон  жигит болсо дейм. Турмушка азырынча шашпайм, учурда өзүмдүн  аракеттеримди күчкө салып, өнүгүү  процессиндемин. Келечекте Кыргызстанды алдыңкы өлкөлөрдүн арасына кошууга болгон салымымды жумшоого даярмын.

Сайкал Илиасова

Булак: De Факто

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *