Эмилбек Бусурманкулов КР Өкмөтүнүн аппаратынын жетекчисинин орун басары кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койгон буйрукка ылайык Бусурманкулов Эмилбек Бурканбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин орун басары, уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду. Бул тууралу КР Өкмөтүнүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү билдирет.

Бусурманкулов Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимдерди даярдоодогу сабатсыздыгы үчүн кызматынан алынганы белгилүү болду.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *