Эмилбек Каптагаев, Президенттик Аппараттын экс-башчысы: “Укук коргоо органдары менен сотторго люстрация керек”

-Эмилбек мырза, соц. түйүндөрдө өзүңө карата ушак таратып, жалаа жапкан гезиттерди сотко берүүгө ниеттенгениңди жазган элең, эмнегедир тынч эле турасың, же айнып калдыңбы?

– Ооба, мындан бир айдан ашык мезгил мурда “Мантыш” деген гезит карандай калпты, учугу узарбаган ушактарды жыйнап, мага карата жалаа жабуу аракетин кылып, Каптагаевдин кадыр-баркын коомчулуктун алдында тепсөө максатында макала жарыялаган, ошондо айткам. Чынымды айтсам мурда гезиттер менен соттошуу оюма да келчү эмес, анткени мен бийлик түзүмдөрүндө жүрдүм, “бийликтин күчүнө салып, соттор менен сүйлөшүп алып, прессага кысым жасап атат – деген сөз чыгат”-деген пикирде элем. Ал учурда сотто жеңип чыксаң дагы көп адамдар ишенбейт болчу, мага карата жазылгандар жалаа экендигине. Азыр болсо шарт башка, кырдаал өзгөрдү. Мен мамлекеттик кызматта эмесмин, тетирисинче, азыр бийликтин көзү мага түз эмес. Керек болсо “Каптагаевди да камаш керек” дегендер Акүйдө толтура. Ошондуктан “Мантыш”, “Багыт”, “Фабула”, “Де-Факто” сыяктуу бийликтин колун караган гезиттер аркылуу мага карата курулай жалаа жабылып жатпайбы. Азыр мен гезитти сотко берсем “прессаны кысымга алып жатат” – деген доомат мага карата айтылбайт. Куугунтукта жүрсөм колумдан келмек беле кысым кылуу. Тескерисинче, ошол эле гезит ээлери өздөрүнө буюртма берген бийликтеги кожоюндары менен чогуу-чаран Каптагаев “жеген, ичкен, уурдаган” дегендерин далилдешип, сотто баарын айкын кылууга мүмкүнчүлүк алып жатышпайбы. Чын эле алар жазып жаткандай мен бирдеме уурдап алган болсом, далилдерди жыйнай коюш алардын колундагы эле иш, бийлик колдорунда турат. Ошондуктан, “сотко берем” – деген ниетимден жазган жокмун, жакын арада сотко доо-арыз өтөт.

– “Ысык-Көлдө иштеп жүргөндө Каптагаев далай мыйзам бузган, ошондуктан ага карата кылмыш иштери козголгон” – деп айтып да, жазып да жүрүшөт. Бул сөздөрдө канчалык деңгээлде чындык бар?

– Ооба, Ысык-Көлдө 2002-жылы губернатордун биринчи орун басары болуп иштеп жүргөндө “Өнүгүү фондусунун каражатын пайдаланууда мыйзам бузуу болгон” – деген айып тагылып, 2008-жылдын апрель айында мага карата кылмыш иши козголгон. Ошол кезде эле айтылган – бул саясий буюртма, анткени ошол жылдын март-апрель айларында “Акыл Ордо” деген коом түзүп, облус боюнча эл менен жолугуп, Каркыра менен Көл жээгиндеги 4 пансионатты Казакстанга берүүгө каршы акцияларды уюштуруп жүргөнбүз. Апрель айынын аягына жөө жүрүш дагы пландалып жаткан. Мына ошол учурда мени коркутуш үчүн кылмыш ишин ача коюшканы чындык. Кылмыш ишин Эрнис уулу Айбек деген Финансы полициясынын тергөөчүсү козгоп, тергөө иштерин эптеп-септеп чампалай салып сотко өткөргөн. Анын бул чечимин ошол кездеги Баш прокурордун биринчи орун басары Асангелдиев деген беките салган. Адвокат экөөбүз ошондо коюлган айыптын ар бир пункту боюнча тушүндүрмө берип, ал жерде эч кандай мыйзам бузуу жок экендигин далидеп көрсөткөнбүз. Бирок, тергөөчү менен башкы прокуратура саясий буюрманы так аткарышкан, биз берген арызды карап да коюшкан эмес. Кылмыш ишин Каракол шаардык соту 2009-жылы туура бир жыл карады, будамайлап соттоп жиберүүгө да негиз таба алышкан жок. Аргасыздан “жоопко тартуу мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу’ – деп ишти жабышкан. Бирок, кийин мен өзүм арыз менен кайрылып, кылмыш иши туура эмес козголгонун, мыйзам бузуу жок экендигин, менин кыймыл-аракетимде эч кандай кылмыштын курамы жок экендигин жазып өткөргөм. Каракол шаардык соту 2009-жылы жабылган ишти кайра бузуп карап чыкты, мени толук актады. “Акыры барып чындык жеңди” – десем да болот. Мына ошондо мага жок жерден кылмыш ишин токуган тергөөчү Эрнис уулу Айбек деген азыр Биринчи май районунда судья болуп иштеп жатат, ал эми Асангельдиев деген дагы эле Башкы прокуратурада. Аларын артынан түшкөн жокмун Апрель революциясынан кийин деле. Ал эми Сиздин сурооңузга кайрыла турган болсом “Ысык-Көлдө иштеген мезгил боюнча ушул саясий буюртма менен ачылган кылмыш ишинен башка мага карата бир да доомат коюлган эмес, эч кандай иш козголгон эмес.

– Соттун чечими менен акталгандан кийин сага карата мыйзамсыз кылмыш ишин козгогондорду жоопко тартуу тууралуу эмне үчүн кайрылган жоксуң? Же “акталганыма шүгүр” деп эле ыраазы болуп отуруп калдыңбы?

– Менин оюмча – ар бир мага окшоп жасалма кылмыш иши козголуп, жабыр тарткандар акталып чыккандан кийин ошол жабырланууга түз себепчи болгон тергөөчүлөргө кылмыш ишин козгоп, аларды жоопко тартуу – бул прокуратуранын түз милдети болууга тийиш. Билишимче, мыйзамсыз кылмыш ишин козгогондорго да кылмыш-жаза жоопкерчилиги бар, тиешелүү статья бар. Ошондуктан “арыз берди” же “бербеди” – дебей эле мыйзам иштеши керек. Негизи, сотко кайрылып, ошол бир жарым жыл запкы жегенимдин компенсациясын Башкы прокуратура менен Финансы поли-иясынан өндүрүп алсам деле болмок окшойт, бирок ага деле барган жокмун. Жогоруда айтпадымбы, тергөөчүлөргө деле доомат койгон жокмун.

– Жогоруда айтып кеткендей ошол Бакиевдин тушунда саясий буюртма менен кылмыш ишин козгоп, ак жеринен кишини күйгүзгөн тергөөчүлөрдү, акыйкаттыктан тайып, жазыксыз адамдарды соттогон судъяларды 2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин тазалап салууга болбойт беле? Адилеттик ушундай ишти талап кылып турган да. Мындай саясий кадамга барууга эмне жолтоо болду? Бийлик толук бойдон силердин колдойт эле го…

– Туура, ошондой кадам жасасак жакшы болмок экен, коом тазаланмак, далай “чаар ичегилерге” сабак да болмок, бирок андай ишти аткарууга чамабыз келген жок. Ал учурда деле кай бир судьяларды, прокуратура жана башка укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жасаган мыйзамсыз иштерин көрсөтүп туруп жумуштан кетирдик. Унчукпаи эле кетишкен. Бирок, Убактылуу Өкмөт кеткенден кийин алардын бары кайра эле келип алышыптыр.Азыр кайда карабагын, баягы Бакиевдердин “ур-токмоктору” отурат. Бул бүгүнкү күндүн чындыгы. Жогоруда айтпадымбы, ошол Бакиевдердин буюртмасы менен мага кылмыш ишин мыйзамсыз козгогон тергөөчү азыр сотто отурат деп, ал эми кылмыш ишин “мыйзамдуу” деп бекиткен киши дагы эле Башкы прокуратурада отурат. “Мурда саясий буюртма аткарып жүргөн немелер азыр судья катары же прокуратура кызматкери катары ошондой эле саясий буюртма менен дагы бирөөнүн тагдырына балта чаппайт” – деп ким кепилдик бере алат? Эч ким. Ушундан улам ошол убакта сунуш кылынган Люстрация дегенди биринчи кезекте ушул соттордон, прокуратура, коопсуздук жана милиция кызматкерлеринен баштасак туура болмок экен, аларды кызматтан четтетип гана тим болбостон атайын чечим менен эч качан юридикалык жакта иштөөгө укугу жок, адвокат болууга укугу жок, жада калса күзөт агенттиктеринде курал алып күзөтчү болгонго да укугу жок деп салса абдан туура болмок экен деп ойлойм. Ушул кадамга баруу зарыл болчу экен ошол убакта. Бул ой азыр келип жатпайбы башка. Азыркы буюртма иштерди ошол эле Бакиевдин заманында ошондой иштерде такшалгандар, кыргызча айтканда “капталын жегендер” жасап жатпайбы, муну кантип тана алабыз? Ошол кезде катуу чара көрүлгөндө азыркыдай укуктук өзүм билемдик жок болмок, бийликке жакпай калган кишилерге оңду-солду кылмыш иштери козголмок эмес.

Маектешкен Бабырбек ЖЭЭНБЕКОВ
Булак:“Алиби”

1 ой-пикир

  • Sulayman Kayıpov says:

    Эмил Кaптaгaевди мен Илимдер aкaдемиясындa иштеп жүргөн убaгынaн бери билем. Aнaлитикaлык ой жүгүртүү жөндөмүнүн жогорулугу менен бaшкaлaрдaн aйырмaлaнып тургaн, мыкты жигит болучу. Комсомолдун лидери болуп жүргөн. Экөөбүздүн ортобуздa сый-урмaткa негизделген ынaк мaмиле бaр эле. Бирок, Эмил мырзa бийлик колунa тийгенден кийин кескин өзгөрдү. Мурдaгы жетекчилерди туурaдыбы, aйтоор, aдaмдaргa “өз киши”, “өзгө киши” деп бөлүп мaмиле кылa бaштaды. Мен негедир, aнын “өзгө киши” деген тaрaбындa болуп кaлдым. Aндaй болоорун күткөн эмес элем. Мен жетектеген университетте иштеген aбaлaры коллективдин aтынaн демиш болуп орусчa сaбaтсыз жaзып бaргaн (“нижеподписaвщиеся” деген сөзү турсa дa, эч кимдин колу коюлбaгaн) тоголок кaтты үңүлүп окуп, ошондон мaгa кaршы бир нерсе чыгaргысы келди. Мен дa текей терип жүргөн киши эмесмин дa, aл жaнaгы сaбaтсыз жaзылгaн кaтты окуп, aбaсынын мени жaмaндaгaнын угуп бүткүчө кaттын көчүрмөсү менин колумa келип түштү. Aбaсы Aк үйдөн чыгaры менен чaкырып aлып кепке тaртсaм, өзү Эмил мырзaгa aлып бaргaн тоголок кaттa жaзылгaндын тaптaкыр тескерисин aйтaт, тообо. “Эмесе бир aкмaктaр мынa мындaй сaбaтсыз кaт жaзышыптыр” демиш болуп, тексттеги кaтaлaрдын бaaрын көрсөтүп, шылдыӊдaп туруп окуп бердим. Тултуюп отуруп укту, кээде кaлп күлүмүш болуп дa койду. Aкырындa, “Ушул дa болдубу эми?” десем, “Болбойт…” деп, кесе aйтты. “Aндa жaнaгы сиздин пикириңизди бaсмa сөзгө берсек болобу?” десем, “Болот, болбой aнaн” деди. Ошентип, aнын тоголок кaттaгы эмес, мaгa aйткaн пикири “Эркин Тоо” гaзетaсынын эртеси күнкү номерине бaкыя жaрыялaнды. Теaтр бекен?!
    Эмил мырзa кaнчa сурaнсaм дa, мени кaбыл aлгaн жок. Бирок, менин колумдa иштеген юрист менен буxгaлтерди кaбыл aлып, мени кызмaттaн aлуунун укуктук жолдорун издеди. Aл экөөнүн Эл aрaлык келишимдин 6-пунктун Эмил мырзaгa туурa эмес түшүндүрүп жaткaнын дa билип турдум. Ошол зaмaт экөөнү теӊ Aк үйдөн чыгaaры менен өзүмө чaкырып aлып, жaнaгыны туурa эмес түшүндүргөнүн беттерине aйттым. Aдегенде чычырa тaнышсa дa, aкырындa моюндaрынa aлышты. “Кaйрa бaрып туурaлaп түшүндүрүп келгиле эми” деп шылдыңдaдым. Шылкыйып отурушту. Тaгдырдын тaмaшaсын кaрa, ушул эки тентекти ишсиз кaлгaндa (ообa, көчөдө кaлгaндa!) мен жумушкa aлып, түрктөр менен тaлaшып-тaртышып жaтып жaкшы aйлык койдуруп берген элем. Ушунун бaaры мaгa күлкүлүү спектaклдей туюлуп жaтты.
    Дaгы бир күнү Эмил мырзa өзүмдүн жолдошум, кызмaткерим Дөөлөттү кaбыл aлды, aл дa мени жaмaндaды. Бaaрын жыйнaп келгенде менин күнөөм сузaктык болгонум, Бaкиев менен бир рaйoндон экендигим, сaрттыгым экен. Мунун бaaры мен үчүн күлкү. Мен мындaй ой жүгүрткөн кишилерди үңкүрдө туулуп, үңкүрдө өскөн мaкулук деп эсептейм. Aнaн дa, aл кызмaттын мaгa керек эмес экенин aны өткөрүп aлгaн күнү эле сезгем. Aл орундун эмне экенин түшүнгөм. Бирок, эч ким менен бул жөнүндө сыр бөлүшкөн эмесмин. Ошол 4-5 жыл ичинде кимдин ким экенин, дегеле кыргыздын aткa минерлеринин “эмнеден токулгaнын” aбдaн жaкшы билип кaлдым. Жөн эле теaтр!
    Эмил мырзa го aпчесинин тилинен чыгa aлгaн жок, кийинчерээк К. Сaдыков былгытмa иштерин жүргүзө бaштaды – себеби бaр. Aгa И. Жунусов кошулду – себеби бaр. Aнaн A. Келдибеков кошулду – себеби бaр. Себептерин кийинчерээк, сот зaлындa aлaр менен бетме-бет туруп aйтуугa ниеттенип жүрөм. Кызмaттaн кеткендигим жөнүндө эмес, мыйзaмдaрдын кaндaй бузулгaндыгын, университеттин мүлкүн кимдер кaнтип тaртып aлгaндыгын aйтaм. Розa aпчебиз менен aнын бир туугaн эжеси Рaйxaн aпченин университетке кaндaй зыян келтиргенин эл aрaлык деңгээлде резонaнс туудургудaй кылып, ошол кездеги Жогорку соттун төрaйымы Ферузa кaрындaшымы күбө кылып туруп aйтaм. Эмне деп aйтaaрымды Эмил мырзa, aкылы тунук жaн эмеспи, aчык болбосо дa, боолголоп билип турсa керек. Эмне деп aйтaaрымды ошол кездин Бaш прокурору К. Бaйболов дa билет, aпчебиздин ошол кездеги кеңешчиси Т. Тургунaлиев дa билет. Спектaклдын рaзвязкa бөлүмү aли aлдыдa. Aйтылa тургaн сөз көп!
    Эмил мырзaнын өзүнө тaaндык сaпaттaрынa aзыр дa бaa берем. Aкыл кaлчaп, өткөн күндөрдун ийри-түзүн иргеп жүргөн чыгaр. Эми бийлик келсе, мурдaгы кaтaлaрын кaйтaлaбaс деп, үмүттөнүп жүрөм. Жок дегенде мaмлекеттик сыйлык жaнa нaaмдaрды тaaныштaрынa чaлчaктaтa тaркaтып, aнaн мaрaтория жaрыялaп туруп бaсып кеткен пaстыктaргa бaрбaйт ко дейм. Мындaй нерсенин уяттaн уят экенин билди го дейм.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *