Эмилбек Каптагаев, саясий-коомдук ишмер: «Мен Атамбаевдин адекватсыз, калп айткандарын прессада ашкереледим, адекватсыз – ​бул келесоолук»

“…Түтүнмө-түтүн ырчы экен…”- деп Мидин айтса керек эле, ошол сымал кыргыздын баары эле саясатчы болуп алгандай. Буга бийлик өзү үлгү, өзү себепкер десек, аша чапкандык болбос. Кыргыздын канындагы калыстык талашкан эзелки көктүк, моюн сунбастык — ​чыгыш деспотизмине жана азыркы бийликтин зомбулугуна тизе бүкпөгөндүк да мунун далили. Эгемендүүлүк доору башталгандан бери ачык саясий акциялардын көптүгүнөн улам “Кыргызстан — ​демократия аралчасы” аталып калгандыгы да бекеринен болбосо керек.

Союз ыдырай баштаган тээ 80-жылдардын аягынан тартып Кыргызстанда башталган саясий өзгөрүүлөр дал мына ушул кыргыз элинин саясий кулк-мүнөзүнө негизделип, алдыңкы көз караштагы жаштар коомду сапаттык жактан алга сүрөөнүн алдыңкы катарына чыгышкандыгына орто муундун, улуу муундун өкүлдөрү күбө. Мына ошол жылдардагы жаштардын бири, мамлекеттик жана коомдук ишмер, математика илимдеринин кандидаты КАПТАГАЕВ Эмилбек Саламатович: 61 жашта, 3 баланын атасы, жумушсуз. Мурда ал жооптуу жетекчи кызматтарда: мамлекеттик дин комиссиясынын төрагасы, президенттик аппараттын жетекчиси, Ысык-Көл облусунун губернатору болуп иштеп келген.

Соңку мезгилде Эмилбек Саламатович мамлекеттик кызматкер катарында эмес, саясатчы катарында коомчулукка белгилүү болуп отурат. Ал эми губернатор кезинде Караколдо болгон тополоңго байланыштуу сот процесстеринин жүрүшү менен саясаттын чордонунда да болуп калды окшойт. Ал тополоң Кумтөр чырынан улам келип чыккан 2013-жылдын 7-октябрындагы Жети-Өгүз районундагы Саруу айлынын жаштары тарабынан губернаторду барымтага алуу менен байланышкан.

Атамбаев бийлиги башында турган күч органдары жогорудагы тополоң боюнча белгилүү саясатчы, Жогорку Кеңештин 2 жолку депутаты Мекенчил партиясынын негиз салуучусу, бийликтин жогорку эшолонундагы уюмдашкан коррупциячыл кылмыштуу топко каршы аёосуз жана келишкис күрөш баштаган Садыр Жапаровду түздөн-түз айыптаса, жумуриятыбыздын коомчулугу бул нерсени четке кагып, айыпты коррупциячыл кыргыз бийлигине оодарып келди. Натыйжада жогорудагы окуяга байланыштуу Садыр Жапаров баш болгон 10 чакты азамат жалаага кириптер болуп, узак мөөнөткө эркинен ажыратууга өкүм кылынган.

Официалдуу бийлик Садыр Жапаровго ошол 7-октябрдагы окуядан улам Кылмыш кодексинин 4 беренеси боюнча айып коюп, губернатор Эмилбек Каптагаев негизги жана жалгыз жабырлануучу катары табылган. Бул жердеги акылга сыйбай турган жана таңкаларлык нерсе — ​негизги жана жападан жалгыз жабырлануучунун “жабыр көрсөтүүчүгө” кыпындай да доосу жоктугу! Мындай парадоксалдуу жагдайга тагыраак жооп алуу үчүн кабарчыбыз тергөө органдары тарабынан жабырлануучу деп табылган Эмилбек Каптагаевди кепке тарткан.

— Садыр Жапаровдун оозун басууга алы жетпеген Атамбаев бийлиги аны сизди барымтага алуу, өлтүрөм деп коркутуу жана башка кылмыштарда айыптап, 11,5 жылга кести. Укук коргоо органдары жарыя кылып чыккандай ал сизди барымтага алган, өлтүрөм деп коркуткан. Аталган айыптоолор канчалык чындыкка дал келет?

— Менин күч колдонуу менен барымтага алынгандыгым, бензин апкелишип, өрттөйбүз деп өмүрүмө коркунуч келтирилгендиги, мага карата ээнбаштыкка жол коюлгандыгы чындык. Бирок, башынан эле айтып коёюн: Садыр Жапаровду жогорудагы кылмыштарды жасоону уюштурду, ага жетекчилик кылды дебейм. Дегенге далил жок. Эмне үчүн дегенде, ошол окуя болгон күндөрү ал Кыргызстандан сыртта болгон.

— Кылмыш ишинде тергөө органдарынын айыптоолорун ырастаган күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү бар го?

— Жапаровго адвокат болоюн деген деле ой жок менде, бирок учурда аны жактоого туура келип жатат. Анткени “күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү” деп көптүк мааниде айткандыгыңыз бир аз туура эмес. Неге дегенде, кылмыш ишинин материалдарында бир гана кишинин “барымтага алууну Жапаровдун тапшырмасы менен мен уюштургам”- деген көрсөтмөсү бар, ал Кенжебек Жумабаев. Туура, Жумабаев мени барымтага алуу процессинде жигердүү катышкан, машинеге күчтөп салууга катышкан. Убагында камалып, 9 жылга соттолгон. Анан түрмөдө жатып Садыр Жапаровго каршы көрсөтмө берген, анын көрсөтмөсү менен Жапаров кесилген. Азыр уксам ал көрсөтмөнү УКМК кызматкерлери тарабынан күч колдонуп, зомбулук көрсөтүү, коркутуу жолу менен жаздырган деп айтып жатат. Мен буга ишенген деле жокмун. Анткени ал ошол көрсөтмөсүн берип туруп, 9 жылга соттолгонуна карабай, 1 жыл 3 айда бошоп кетип жатпайбы. Демек соода болгон, Жапаровду салып берсең сени бошотобуз деген сунушка макул болгон. Болбосо аны ким бошотот эле. Эми боштондукта жүрүп чындыкты айтам деп жатат, азыр көрсөтмөсүнөн баш тартаарын жарыя кылып отурат. Бирок, кандай болгон күндө да бул “жаңы жагдай” катары каралып, Жогорку Сотто Жапаровдун ишин кароодо эске алынууга тийиш.

— Сиз бир нече жолку маалымат жыйындарында, кийинчерээк соттук процесстерде, кыскача айтканда, Садыр Жапаровго эч кандай дооңуз жок экендигин билдиргенсиз…

— Ооба. Андан танбайм. Эмне үчүн дегенде, дагы бир жолу кайталап айтам — ​ал учурда Жапаров Караколдо гана эмес, Кыргызстанда да жок болчу. Бул маалымат так. Ошондуктан ага карата “барымтага алуу”, “өлтүрөм деп коркутуу”, “ээнбаштык” айыбы натуура деп ойлойм. Ал эми өлтүрөм деп коркутуш үчүн ал мага телефон чалып же түздөн-түз жаныма келип, аракеттениш керек болчу да. Эгер Садыр Жапаровдун жогорудагы 4 берене боюнча кылмыштарды жасагандыгына көзүм жетип турса, тергөө органдарына дагы, соттун отурумунда дагы тийиштүү көрсөтмөлөрдү бермекмин…

— Бир караган кишиге сиз жабырлануучу эмес, айыпталуучунун адвокаты катары туюлушуңуз да мүмүкүн…

— Мүмкүн. Бирок, мага да “Жапаровго каршы көрсөтмө бербей жатат” — деп ​нааразы болгондор бар чыгар… Өзүм ишенбеген нерсени жалаа катары башкага жапкандыгым Кудайга да жакпайт го… Дагы бир жолу тастыктап койсом дейм — ​тергөөнүн жүрүшүндө ошол учурдагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү катары мени барымтага алуунун чоо-жайы, уюштуруу механизмдери, уюштуруучулары аныкталган жок, “ким, кандай максатта уюштурду?” — ​деген суроого жооп берилген жок.

— Сиз бир кездеги партиялык-комсомолдук жетекчи болгонсуз. Атеист эмессизби?

— Бир кезде Илимдер академиясынын комсомол уюмун жетектегениме карабастан, тээ 10 жашымдан бери Кудайды таанып келаткан кишимин. Чоң атам Турсунбай белгилүү молдо болгон, өмүрүнүн 42 жылын агартуу тармагында иштеп, мугалим, мектеп директору болгонуна карабастан, коммунист болгон эмес, Куранды жатка билген Кары эле, Октябрь революциясына чейин диний билим алган.

Кептин нугун кайра эле Жапаровго бура турган болсок, буга чейин анын мага орунсуз жерден сөз тийгизген учурлары деле болгон. Көкүрөгүмдө Кудай болгондуктан, жүрөгүмдө кек сактоого орун жок деп ойлойм. Биз бир-бирибизге кечиримдүү болсок гана ишибиз алдыга жүрөт. Анын мен жөнүндө айткандары, жазгандары чындыкка коошпойт, өзүнүн эле абийиринде болсун. Кечирим бергем, жүрөгүмдө эч кандай ала жок азыр. Ал эми Жапаров боюнча коом алдында калыс сөзүмдү айтып коюу менин адамдык милдетим болчу.

— Мен Садыр Нургожоевичтин адвокаты катары жүрүп, сизди Биринчи Май райондук соту тараптан көрүп калган учурларым болду. Бир жолку процесске сиз сүзүп кирип келип, судьяга: “эмне үчүн мени процесске чакырбаганыңар аз келгенсип, сот залына, ачык процесске кирүүгө тыюу салдыңар?” деп нааразылык билдиргениңизге күбө болгом…

— Туура. Андай учур болгон. Эмне үчүн дегенде мен Жапаровго карата тергөө жана соттук териштирүү иштеринде бийлик тараптан болуп жаткан иштердин нугуна кирген жокмун. Мен Жапаровго каршы көрсөтмө бербей турганымды сот билген, а түгүл менин сотто айткандарым Жапаровду актагандай болуп да жатпайбы. Ошентип, мен соттук териштирүүгө уруксатсыз, чакыруусуз кирип келип, өз пикиримди билдирдим. Жапаровду айыптаган процесс атайын саясий буюртма болгондугу үчүн судья жанталашып мага каршылык кылып жатат да.

— 14-майда Бишкекте өткөрүлгөн “Демократия жана саясий туткундар” деп аталган укуктук форумда Садыр Жапаровдун адвокаттар тобунун жетекчиси Шарабидин Токтосунов, Кенжебек Жумабаев, Наристе Калчаев сыяктуу эле тергөө жана сот органдары тарабынан сизге да кысым болгондугун айтып өттү…

— Мен андай кысымды сездим: Баскан-турганымды тескеп, мурдагы иштеген жерлерди казып-чукуп, бирдеме таап мага да кылмыш ишин козгоо аракеттери абдан көп болду. А түгүл өздөрүнүн гезиттери, сайттары аркылуу болбогон ушактарды, карандай жалааларды байма-бай эле жарыя кылып жатышпадыбы, аны коомчулук жакшы билет. Мунун баарын кыйыр түрдөгү кысым десек болот.

— Ага карабастан, сизди барымтага алуу, өмүрүңүзгө коркунуч келтирүү учуру болгону чындык да?

— Чындык. Аларды кимдер жасагандыгы өзүнчө тема…

— 29-майда Жогорку сот Садыр Жапаровдун көзөмөл иретиндеги арызын карайт…

— Билем, мен дагы доо арыз жазгам, кайра карагыла деп, сотко катышуу үчүн чакыруу алдым. Сөзсүз барам. Угушума караганда, ал процесске тергөөдө жана мурдакы соттук инстанциядагы териштирүүдө калп көрсөтмө берүүгө мажбур болуп, азыркы учурда болгонун болгондой кылып туура көрсөтмө берем дегендер да барышат экен. Жогорку Соттун судьялары адилет карайт деп ишенип туралы, азыр замандын ырайы да өзгөрүп жатпайбы.

— Акыркы жылдарда Атамбаевдин бир катар орунсуз сөздөрүнөн улам аны “жинди, кеңкелес” деп айтып чыккандар да болууда…

— Анын мамлекеттеги биринчи адам катары кээ бир айткан сөздөрү элди таңкалтырбай койгон жок. Президентке эмес, карапайым кишиге да жарашпай турган сөздөрдү ойлонуп-ойлонбой туруп “балп” эттире койгон учурлары көп эле болду. Көп учурда карандай калпты да айтып жатты, мен Атамбаевдин адекватсыз, калп айткан учурларын ачык эле прессада айтып, ашкерелеп турганымды билесиңер да.

— Адекватсыз деген сөздү кантип котороор элеңиз?

— Адепсиз, же Бейадеп дегенди Келесоо деп айтыш керек го дейм… Андан башка кантип которулмак эле.

— Келесоо дейин десең 6 долларлык кычкачты заматта 600 доллар кыла койгонучу? Эми ТЭЦтеги 100 миллиондорду уурдап жок кылууларды Сапар Исаковдун оозу менен Сооронбай Жээнбековго жүктөй салуу аракетичи?

— Бул жерде Жээнбековду күнөөлөш натуура деп айтат элем. ТЭЦти утурумдук оңдоп, кышка даярдоого акча-каражатын бөлүп берүүдө эч кандай күнөө жок. Эгерде энергетиктер ыйлап, кышка даярдык кылуу үчүн баланча акча керек, болбосо иш чатак деп жатканын укпай, көңүл бурбай, Өкмөттө карабай, акча таап бөлбөй коюп, анан авария болсо күнөөлүү болмок. Ал премьер-министр кезде ТЭЦтин ремонтуна жетиштүү сандагы акчаны таап берди. Аны кантип сарамжал иштетүү энергетика тармагынын жетекчилеринин милдети болчу. “Осурган кыз берки кыздын бетин тытат” болуп…

— Бүгүнкү учурга кандай бааңыз, азыркы бийликке кандай каалооңуз бар?

— Азыркы кезде президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен коррупцияга каршы күрөштүн жаңы этабы башталгандай болуп турат. Ошентсе да, бир аз чечкиндүүлүк, иште ырааттуулук жетишпей жаткандай сезилет. Президенттин тазалыгы жана калыстыгы менен 6 жыл бою жалган жалаанын туусун желбиретип келген бийликтин саясий жана укуктук террору токтоду. Мына ошол террорго башчылык кылган Атамбаев, аны ойлонбой колдоп чыккан Сапар Исаков, Сегизбаев, Жолдубаева, президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Арабаев, бир катар коррупцияга малынган өкмөт мүчөлөрү жана башкалар кызматтан четтетилди. Бирок бул иштер негизги максат эмес да, негизги максат өлкөдө акыйкаттыкты, калыстыкты камсыз кылуу, мыйзамдуулукту орнотуу. Алдыда эң кечиктирилгис иш — ​бул сот реформасынын өтөөсүнө чыгуу, мурда мыйзамсыз соттолгондордун ишин кайра карап, адилеттүүлүктү калыбына келтирүү. Бейкүнөө адамдар түрмөдө отурбашы керек. Азыр, тескерисинче, ошондой буюртма, жасалма кылмыш иштерин токугандар, мыйзамсыз өкүм чыгаргандар түрмөгө отуруусу туура болот.

Негизи эле Сооронбай Шарипович эбегейсиз чоң милдетти моюнга илип алды, көпчүлүк маселе оңой-олтоң чечилбейт, чымырканууну, чыдамкайлыкты, чечкиндүүлүктү талап кылат. Эл аны туура түшүнүп, ар тараптуу колдоого алууга тийиш. Ошондуктан учурдан пайдаланып, Сооронбай Шариповичке тилектештигимди билдирем, ишине ийгилик каалайм!

Маектешкен: Номанжан Аркабаев

Булак: Жаңы Ордо”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *