Кубан Чороев, эксперт: Кыргызстандын банктык системасы жакынкы 2 жылда урап түшкөнү турат

Кыргызстанда коммерциялык банктардан кредит алгандарга орточо проценттик үстөк акыркы он жылдар ичинде улуттук валютада 19-25%, чет элдик валютада 15-20% тегерегинде жүрдү. Бул дегендик Кыргызстандын коммерциялык банктары элге карызга берген ар бир доллар же сом ар бир 4-5 жыл ичинде болжол менен эки эсе көбөйүп турат дегенди түшүндүрөт. Башкача айтканда калк менен ишканалардын коммерциялык банктардын алдындагы карызы ар бир 4-5 жыл сайын эки эсе көбөйүп туруусу керек. Бул эсеп КР Улуттук банкынын статистикалык маалыматтары менен дагы дал келет.

Калк менен ишканалардын Кыргызстандагы коммерциялык банктардагы карызы мындан 20 жыл мурда 1 миллиаррд сомду түзүп турган, 2016-жылдын башына бул сумма 96,3 млрд сом болгон, башкача айтканда 96 жолу өскөн. Орточо эсеп менен акыркы 20 жылда коммерциялык банктарга карыз ар бир 4,8 жыл сайын эки эсе өсүп турган. Акыркы төрт жыл ичинде, 2012-жылдан баштап, 30 млрд сомду камтыган карыздын көрсөткүчү 2016-жылдын башына 96,3 млрд сомго, үч эсеге көтөрүлгөн.

Эгерде элдин коммерциялык банктарга болгон карызы ушул темп менен өсө турган болсо, 2020-жылга карыз 200 миллиард сомдон ашып кетиши толук ыктымал. Анда өлкө өзүнүн Ички дүң продукциясынын (ИДП) тең жарымын жыл сайын банктарга берип турууга мажбур болот.

Ошол эле учурда Кыргызстандын жан башына бөлүнгөн орточо кирешеси банктардын проценттик кирешесиндей темп менен өспөй жатат. Салыштырып көрсөк, Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) эсеби боюнча 2012-жылы Кыргызстандын ИДПсын жан башына бөлгөндө бир адамга 1177 доллардан турган. Ал эми 2016-жылы Кыргызстандын Ички дүң продукциясы жан башына бөлгөндө 995 долларга түшүп кеткен. Тактап айтканда, калктын банктар алдындагы карызы акыркы 4 жылда 3 эсе өсүп кетсе, өлкөнүн кирешеси жан башына тескерисинче 15%га кыскарып кеткен.

Кыргызстандын банктык системасы өлкөнүн экономикасынын бардык маңызын сыгып алды. Башкача айтканда банктык системанын өлкөнүн экономикасын эксплуатациялоосу жетер чегине жетти. Мындан ары экономика банктык карыздардын оор түйшүгүн көтөрө албайт.

Кубан Чороев, эксперт

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *