Эмне үчүн жана кантип Курманбек Бакиев президент болуп калды

Басма сөз беттеринде жана электрондук ЖМКларда чет жерде баш калкалап жүргөн экс-президент Курманбек Бакиев тууралуу ар-түрдүү маалыматтар маал-маалы менен чыгып калууда. Акыркылары катары казак авторлордун анын качуусуна байланыштуу жагдайлар тууралуу даректүү тасмасын жана Белорустагы зор бизнес-долбоорлору тууралуу макалаларды айтсак болот. Бакиевдин бийлиги учурунда да жана ал качкандан кийин да анын бешкаруусунун терс жактары, кесепеттери тууралуу мен көп жолу айтып, жазган элем. Бирок ушул күнгө чейин бир суроо жеткиликтүү талданып, ага ынанымдуу жооп табыла элек: эмне үчүн жана кантип ушундай адам президент болуп калды? Эмне, башка варианттар жана альтернативалар жок беле?

Биринчи жолу мен аны 1990-жылкы “атактуу” Жогорку Кеңештин депутаттарынын арасынан көргөн элем. Ал Көк-Жаңгак шаардык комитеттин катчысы болгондуктан Кыргызстан компартиясынын тизмеги боюнча шайланган эле, башкача айтканда, ал өзгөчө, жеңилдетилген тизмек аркылуу өттү, демократ депутаттар сыяктуу бизге окшоп айыгышкан атаандаштыкта суурулуп чыккан жок. Кийин К.Бакиев бүт депутаттык мөөнөтүн (1990-1994-жж.) аткаруу бийлигинин бир катар органдарындагы иши менен айкаштырып өттү (төрт жыл ичинде беш кызмат орунду алмаштырды: Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы, Жалал-Абад областтык кеңештин төрагасынын орун басары, Тогуз-Торо районунун акими, Мамлекеттик мүлк фондусунун төрагасынын орун басары, кайрадан Жалал-Абад областынын губернаторунун орун басары). Ал кезде бул кадыресе көрүнүш болчу, анткени Жогорку Кеңеш такай негизде иштебейт эле, маал-маалы менен сессияларга чогулуп турчу. Буга карабай ал кездеги Жогорку Кеңеште талкуулар катуу жүрөт эле, бул ошол жылдардагы мамлекет үчүн оор жана маанилүү окуяларга байланыштуу болчу: 1990-жылдагы Ош окуялары, биринчи президентти шайлоо, Мамлекеттик эгемендүүлүк (1990) жана көз карандысыздык (1991) тууралуу Декларацияларды кабыл алуу, мамлекетибиздин биринчи Конституциясын кабыл алуу (1993) жана да экономикалык, саясий реформаларга байланыштуу көптөгөн мыйзамдарды кабыл алуу. Мен К.Бакиевдин кайсы бир маселелер же мыйзам долбоорлору боюнча чыгып сүйлөгөнүн эстей албайм. Ал жетекчиликтин көрсөтмөсү боюнча добуш берип гана дайым тынч отурар эле.

1996-жылы ал Жалал-Абад областынын мамлекеттик администрациясын жетектеп турган кезде экөөбүз жакындан тааныштык. Мен ал убакта депутатмын, Жогорку Кеңештин Элдик өкүлдөр палатасынын (ЭӨП) социалдык маселелер боюнча комитетин жетектеп турган элем. Ага кайрылуума менин мурдагы санаалашым М.Жээнбековго иш таап берүү тилегим себепчи болду, ал Ош областтык мамадминистрациясынын жетекчисинин орун басарлыгынан жана жаңы губернатор Д.Рустамбеков экөө менин кадрым болгондуктары үчүн гана иштен айдалышкан эле. Мага жеткен маалыматтар боюнча, Жалал-Абад областында айрым кызмат орундары бош болчу. К.Бакиев мени күттүртпөй, жылуу кабыл алды, мурда анчалык деле тыгыз иштешпесек дагы мен тууралуу көп жакшы сөздөрүн айтты. К.Бакиев берген убадасына турбады – М.Жээнбековду жумушка алган жок, бирок биздин мамилелер ошондон баштап жакыныраак болуп кетти. 1997-жылы мен Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр палатасынын төрагасы болдум, ал болсо – Чүй областынын губернатору. Экөөбүз тең мамлекеттик дачаларда турабыз, кез-кезде иш боюнча жолугуп калабыз, үй-бүлөлөрүбүз менен катышып турдук. 2000-жылы К.Бакиев Эл өкүлдөр палатасы өткөргөн рейтингдик добуш берүүдө ал кездеги премьер-министр Амангелди Муралиевди утуп өкмөт башчысы болуп дайындалды. Менин баамымда, анын көтөрүлүшүнүн себеби төмөнкүдө. К.Бакиев, мен мурдараак айткандай, эски, коммунисттик шарттагы номенклатурдук чиновниктин катардагы өкүлү болчу. Ал буйруктан чыкпаган аткаруучу гана болуп, өзүнчө демилге көтөрбөгөн, жогорудагылар менен кайым айтышпаган адам эле, ушунусу менен ал А.Акаевге жакчу. Бул биринчиден. Экинчинден, ал Макмал алтын комбинаты жайгашкан Тогуз-Торо районунун акими болуп турган кезде эле А.Акаевдин үй-бүлөсү менен жакшы мамиле түзгөнгө жетишкен. Бул тууралуу А.Акаевдин үй-бүлөсү менен бир кезде жакшы мамиледе болуп, 1993-1998-жылдары “Кыргызалтын” мамлекеттик концернин жетектеген, ал эми К.Бакиевдин заманында ага оппозицияга өткөн Д.Сарыгулов Мамлекеттик катчы кызматынан кеткенден кийин мага айтып берген болчу. Буга К.Бакиевдин аялы Татьяна күйөсү губернатор болуп турганда жана да кийин премьер-министр болгондо Майрам Акаеванын “Мээрим” фондусунун активдүү мүчөсү жана анын вице-президенти болгондугу далил болуп бере алат. Үчүнчүдөн, А.Муралиев 2000-жылы президенттик шайлоо учурунда А.Акаевге үзүлүп чуркап, колдоо көрсөтпөй, ден-соолугуна шылтоолоп бир аз тоң позицияга туруп алгандыктан президенттин каарына калган эле. А.Акаев мунусун кечире албады. Ошондуктан А.Акаевдин администрациясы да, К.Бакиевдин кланы да депутаттар менен катуу иштешти. Ырасын айтканда, рейтингдик добуш берүү бул, оюн гана, көз боемочулук эле. Мурда жасалып келгендей эле К.Бакиевди добуш берүүсүз, түз эле дайындап коюшса болмок. Премьер-министрлик кызматта К.Бакиев өзүн чарбаны билген жакшы аткаруучу-адис катары көрсөтө алды, техникалык жогорку окуу жайды бүтүрүп, Самарада жана Көк-Жаңгакта заводдордо иштеп, жаштайынан ал бул чөйрөнү жакшы билет эле. Бирок анын башынан эле талдуу жери – саясат болчу, бул тууралуу анын 1990-1994-жылдары Жогорку Кеңеште балык сымал унчукпай отуруп келгендигин мисал кылып айткан элем. Ошондуктан ал көп өтпөй эле бир катар орчундуу саясий каталарды кетирди. Анын биринчиси – Сохтун айрым аймагын Өзбекстанга өткөрүп берүүгө макулдугу, буга байланыштуу Жогорку Кеңеште чоң чатак болгон: депутаттар аны кызматтан кетирүү талаптарын көтөрүп чыгышты. Өзгөчө Адахан Мадумаров менен Өмүрбек Текебаев катуу күпүлдөп жатышты. Төрага катары мага талкууну тынч, конструктивдик жолго салуу оорго турду. Экинчи катасы – Аксы трагедиясы. Кандай гана адам (премьер-министрлик тууралуу айтпай эле коёюн), ушундай учурда дарыланам деп кичи мекени Жалал-Абадга бир жумага кетип калат, ага чейин К.Бакиев букадай ден-соолугум бар деп мактанып калчу эмес беле! Ошондуктан анын 2002-жылы кызматтан кетиши – бул кадыресе, мыйзам ченемдүү көрүнүш болду. Бирок ал кеткиси келбеди! Мен ал кезде бири-бирин жактап, кызмат ордуларына жармашып жаткан өкмөт мүчөлөрүнө катуу ызырынган элем. Бир гана администрациянын жетекчиси Аманбек Карыпкулов арызын дароо жазып кызматтан кетип калды. Ал кезде А.Акаев К.Бакиевду мажбурлап жатып гана кетире алды.

Мындан ары К.Бакиевдин эскерүүлөрүндө жана китептеринде эскерилбеген, кенен коомчулукка белгисиз бир катар фактылар жана окуялар тууралуу айтып бермекчимин. Менин мүнөзүмдө бир өзгөчөлүк бар – кызматтан кеткендердин ал-абалын сурап, кайрылып, мүмкүн болсо жардам берип, колуман келбесе жылуу сөз менен көңүлүн көтөргүм келет. Ошондуктан К.Бакиевдин кызматтан кеткенине бир ай болуп калганда А.Акаевден К.Бакиевдин тагдыры тууралуу сурап калдым. Ага кызмат сунушталдыбы? “Ооба, мен Кубанычбек Жумалиев аркылуу ага Талас областынын губернаторлугун сунуштагам, бирок ал жок деп, Чүй же Ысык-Көл областын сураптыр”, – деди ал мага. Ал чоң областтарды башкарганга көнүп калгандыктан, Талас областы ага кичинекей көрүнсө керек, анан да анын орус аялы аякка барбайт го, балким анын негизги билимин жана кесибин эске алып Өнөр жай министрлигин же вице-премьер рангындагы ЕврАЗЭСтеги атайын өкүлчү кызматын сунуштап көрбөйлүбү дедим. А.Акаев сүйүнүп кетти, бул жакшы сунуш деди. Ал К.Бакиев менен сүйлөшүп берүүмдү суранып, ал макул болсо, бардык колдоо көрсөтөөрүн билдирди.

Ушул сөздөн кийин мен К.Бакиевди Ала-Арча капчыгайынын жанындагы өкмөттүк конок үйгө чакырып, кыргыз салты боюнча коноктоп тосуп, А.Акаев менен болгон сүйлөшүүмдү айтып бердим. Ал болсо мага таарынчын айтып (“Сен мени Коопсуздук кеңешинде колдогон жоксуң” деген сыяктуу), айтылган сунуштарга макул болбой мага мындай деди: “Ала-Бука округу боюнча депутаттыкка барайын деп жатам, келечекте президент болсом дейм”. Анын каалоо-тилектери, максаттары ушундай эле. Мен бул тууралуу, албетте, А.Акаевге айттым. Көп өтпөй  Бакиев чын эле аталган округ боюнча өз талапкерлигин үн депутаттыкка койду. Мен А.Акаев менен дагы бир жолу сүйлөштүм, ал К.Бакиевдин депутат болуусуна каршы эместигин, эч кандай тоскоолдуктар болбостугун билдирди. Силерге белгилүү болгондой, 2002-жылдын октябрында К.Бакиев округунда жеңип чыгып, мен төрагалык кылган Мыйзам чыгаруучу жыйындын депутаты болду. Мурдагы кызмат ордун, иштерин эске алып, анын иш алып баруусуна бардык шарттарды түзүп бердик.

Мына так ошондо Бакиев биринчи жолу мени аялым менен кийин кепке айланып белгилүү болгон чиркөөнүн жанындагы Жибек Жолундагы үйүнө конокко чакырды. Албетте көп нерсе тууралуу сүйлөштүк, ошонун катарында келечектеги президенттик шайлоо тууралуу. Ал шайлоого сөзсүз катыша тургандыгын, ага катышыш үчүн керектүү каражатты даярдап койгонун билдирди. Баса, мен ошондо биринчи жолу анын уулдарын көрдүм.

Депутат катары К.Бакиев, 1990-жыдардын башындагыдай эле, эч нерсеси менен эсте калбады: жарыш сөзгө чыкчу эмес, мыйзам долбоорлорун сунуштабады. Бара-бара Мыйзам чыгаруучу палатанын оппозициялык тобуна катыша баштады, ал анын лидери эмес болчу, бир гана оппозициянын позициясына жараша добуш берип жүрдү. Ал кезде оппозициянын лидерлери А.Масалиев, А.Мадумаров, Ө.Текебаев, Д.Садырбаев, И.Кадырбеков, И.Исаков, А.Проненко болчу.

Бирок ошол учурда К.Бакиев “Жолду баскан киши арытат” деген баналдуу аталыштагы чакан китебин (2003) чыгарганга жетишти, ал өзү билдиргендей, бул китеп жамаатташып жазылып, аны аялы Татьяна Бакиева редакторлогон. Келечектеги президент катары анын Кыргызстандын тарыхына жана учурдагы абалына көз карашын чыгалдыра турган китепте айтайын деген ойлору чаржайыт болуп, ал эптеп-септеп жазыла калгандай, А.Акаевди көкөлөтө мактаган жерлер көп болуп, жел сөздөр басымдуулук кылган. Баарынан таңгалычтуусу, китептин чыгарылышы (нускасы, качан, кайсы жерден чыккандыгы) тууралуу маалыматтар эч бир келтирилбеген, башкача айтканда, китеп мыйзамсыз чыгарылган. Мурдагы премьер-министрдин, келечектеги президенттин ошол кездеги интеллектуалдык деңгээли ушундай болчу. Аңгыча 2005-жылга белгиленген парламенттик жана президенттик шайлоолор жакындап келе жатты. К.Бакиев сырткы саясий ишмердүүлүгүн күчөтө баштады, жеке өзүнчө да, оппозициялык депутаттардын тобу менен да Орусияга жана АКШга барып келип жатты. Баса, акыркы топ менен АКШга чакырылгандардын арасында мен дагы бар болчумун, бирок мен парламенттин спикери чет өлкөгө расмий тартипте, парламенттик делегациянын курамында гана барыш керек деген көз карашты карманып, барбастыгымды айтып, бул тууралуу А.Акаевди маалымдагам.

Кыргызстанда президенттик кызматка ар-түрдүү талапкерлер көрсөтүлүп, талкуулана баштады. Алардын катарында бир кезде А.Масалиев колдоо көрсөтүп жаткан К.Бакиев да бар эле. Бирок бир аз убакыттан кийин анын көз карашы өзгөрдү. 2004-жылдын жаз айларында А.Мадумаров мага эки жолу келип, А.Масалиев К.Бакиевди кайратсыз, чечкиндүү эмес деп колдобой калгандыгын, башка талапкерлер, алардын ичинде ал, А.Мадумаров тууралуу да, ойлоштуруп жатканын айтты. Балким, аларда өз ара ушундай сүйлөшүүлөр болгондур. Бирок июнда А.Масалиев мага өзү келип, К.Бакиев президенттикке жарабайт, унчукпай эле отурат, жарыш сөзгө чыкпайт, өзүн лидер катары көрсөтпөйт деди. Андан соң мага түз эле суроо узатты: “Биз сизди чынчыл, калыс, бийлик тарапка да, оппозиция тарапка да бирдей мамиле кылган адам катары билебиз. Ошондуктан сизди колдойлу деп жатабыз. Эгер коркпосоңуз, жайкы каникул учурунда сиз менен чогуу Алайдан баштап бүт Кыргызстанды кыдырып чыгып, элди өз максаттарыбыз, каалоо-тилектерибиз менен тааныштыралы деп жатабыз”. “Биз” деп кимди айтып жатасыз?”, – деп тактадым. Ал: “Коммунистерди, Б.Акунов, О.Дүйшеев, И.Исаков жана башкаларды айтып жатам”, – деди. Мен мага көрсөтүлгөн ишеним үчүн А.Масалиевге ыраазычылыгымды айтып, макул экенимди билдирдим. Июлдин башында, каникул башталганда, кичи мекеним Алайдан баштай турганыбызды макулдаштык.

Саясий этиканы сактап, бул тууралуу мен А.Акаевге билдирдим. Ал каршы болбоду, бирок да кубаттап эч нерсе айтпады.

Бирок көп өтпөй пландарыбыз өзгөрүп кетти. И.Исаков июлдун башында Германияга НАТОнун окутууларына бара тургандыктан, биргеликте республиканы кыдыруубузду башка мөөнөткө жылдырууну өтүндү. Анын жүйөлөрүн угуп, А.Масалиев биздин иш сапарыбызды сентябрдын аягына койгонго макул болду, анткени бул күндөрү Мыйзам чыгаруучу палатанын регламентина ылайык шайлоочулар менен жолугушууга бир жума каралган.

Бирок, 2004-жылдын аягында А.Масалиев күтүүсүздөн бул дүйнөдөн узап кете берди. А.Акаев баш болуп бардыгыбыз аны татыктуу узаттык. Өкмөттүк акыркы сапарга узатуу комиссияны мен жетектедим. Президенттен жана башкалардан кийин президенттик администрациянын каршылыгына карабай оппозициянын суранычы боюнча сөздү мен Үсөн Сыдыковго бердим. Бир канча күндөн кийин А.Масалиевдин кичи мекенинде – Кадамжай районунда – ал өзүн түштүк элинин аксакалымын, башкача айтканда мураскермин, деп атап, К.Бакиевди президенттикке талапкер деп жарыялады.

Ушул окуядан кийин да К.Бакиевге менин сый мамилем эч өзгөргөн жок. Акыркы жолу дос катары чечилип сүйлөшкөнүбүз 2004-жылы ноябрда менин кабинетимде болду. Ошондо ал өз округундагы (Базар-Коргон – Тогуз-Торо) абал аны чоочулатып жатканын жашырбай айтып берген эле. Башка талапкер – ишкер Сайдулла Нышанов – ар-түрдүү кызматтарды көрсөтүп, шайлоочулардын көңүлүн алып койгон экен. Ошондуктан К.Бакиевдин жеңишине үмүт аз болчу.

Белгилүү болгондой, К.Бакиев Ө.Текебаев колдоо көрсөткөн С.Нышановго шайлоону өз округунда уттуруп койду. Ооба, бийлик тараптан ар-түрдүү бут тосуулар болгондунун тануу болбойт. Бирок ал утулуштун негизги себеби эмес эле. Негизгиси – шайлоочулар С.Нышановду анын көптөгөн материалдык жардамы үчүн, жана да ал, жергиликтүү, базар-коргондук болгондугу үчүн колдошту. Анда эмне үчүн К.Бакиев бийликке каршы чыккан элдик кыймылдын жетекчиси болуп чыгып, өлкөнүн убактылуу президенти болуп шайланды?

Журналисттер менен талдоочулар айтып чыккандай мунун бир нече себеби бар. Ошондуктан мен өз оюмду кыскача гана айта кетейин. Биринчи кезекте, 15 жыл өлкөнү башкарган А.Акаевден элдин тажаганы, экономикалык алсыздык, жакырчылык жана жумушсуздук, бийликтин бардык органдарында орун алган жемкорлук, оппозицияны куугунтуктоо, шайлоодогу бурмалоолор. Буга: бийликтин алсыздыгы же параличи, оппозиция менен сүйлөшө албастыгы, күчкө гана таянуу, сырт жактан (Орусия, АКШ) оппозицияга колдоонун көрсөтүлүшү сыяктуу субъективдуу факторлор кошулду. К.Бакиевдин жеке адамдык төмөнкүдөй ресурстары бар эле.

1) Аймактык фактор. Коомдо, өзгөчө түштүк элинде түндүктөгүлөр балансты бузуп өтө эле көп мөөнөт бийликте отурат деген сезим калыптанган: И.Раззаков 11 жыл өлкөнү башкарган, Т.Усубалиев – 25 жыл, А.Масалиев – 5 жыл, А.Акаев – 15 жыл. Түштүк өкүлдөрүнөн эң көрүнүктүүсү К.Бакиев эле, анткени ал президенттиктен башка бардык бийлик тепкичтеринде болгон.

2) Жалпы республикага таанымал болгондугу. Республикалык мекемелерде иштеп, Чүйдүн губернатору, андан кийин премьер-министр болуп, ал бүт өлкөгө белгилүү болду.

3) Анын Орусияда окугандыгы, орустан аял алгандыгы республиканын орус тилдүү катмарынын жана Орусиянын (башында) ага оң мамиледе болушуна себепчи болду.

4) Кландуулук. К.Бакиевдин күчтүү кланы бар болчу. Ушуга байланыштуу бир кызыктуу окуя эсиме келди. К.Бакиев премьер-министр болуп турган кезинде анын жакын тууганы – Чүй областык ИИБинин МАИнин жетекчиси өтүп кетти. Мыйзам чыгаруучу палатанын жыйындарына байланыштуу мен өз убагында ага көңүл айта албай калдым. Так ушул убакта Жалал-Абад шаарында Курманбек баатырдын 500 жылдыгы белгиленмей болуп калды. Салтанат учурунда К.Бакиев менен кокустан кезигип калбаш үчүн (кыргыз салты боюнча бул туура эмес), мен Бакиевдерди жакшы тааныган жалал-абаддык депутат К.Жолдошев аркылуу кечинде Жалал-Абадга келээрим менен Бакиевдин үйүнө барып көңүл айтсамбы деп жатканымды айттырып жибердим. Ал менин айтканымды жеткирди. Кечинде экөөбүз Бакиевдердин үйүнө бардык. Бизди К.Бакиев баш болуп жети лөкүйгөн адам тосуп алды. Амандашып, көңүл айтканыбыздан кийин чайга отуруп жатып мен чын жүрөктөн: “Силер өзүнчө эле бир мафия турбайсыңарбы!” деп тамашалап калдым. Баары ыңгайсыздана калышкандыктан сөздү башка жакка буруп, мафия деген итальян сөзү “үй-бүлөнү” түшүндүрөрүн айттым. Мен так ушу мааниде айткан болчумун.

5) Каржы ресурсу. Жалал-Абадда К.Бакиевди оппозициялык кыймылдын жетекчиси кылып шайлап жатышканда так ушул ресурс чечүүчү ролду ойногонун Ү.Сыдыков да, А.Бекназаров да жазгандары бар.

Так ушу (адамдык) жактан да А.Акаев бир катар каталарды кетирди. Эгер ал 2000-жылы Конституцияга ылайык (2 мөөнөт), “саясат адептүү болушу керек” (1990) жана “саясатчы туу чокуда турган кезинде кетиш керек” деп өзүнүн айткандарын тастыктап кетип калса Кыргызстанда эч кандай саясий толкундануулар болбойт эле. Экинчиден, ал эмес ошол эле 2005-жылы парламенттик шайлоонун алдында да, шайлоо өтүп жатканда да, кийинчирээк да анда саясий кырдаалды тынч жол менен чечкенге мүмкүнчүлүктөр бар болчу: элдик өкмөттү түзүп, кийин президенттик шайлоону да мөөнөтүнөн мурда өткөрүп берүүнү убадалоо жолу же болбосо стратегиялык маанидеги жолдорду жабуу, административдик мекемелерди жана банктарды басып алуу сыяктуу мыйзамсыз аракеттер менен чечкиндүү күрөшүү максатында өзгөчө абалды киргизүү жолу. Бирок башкалардын айтканына көнбөй, өзүнө ашыкча ишенген А.Акаев мындай кадамдарга барган жок.

Мунун бардыгы жыйынтыгында 2005-жылдагы марттагы окуяларга алып келди: элдик көтөрүлүш, А.Акавдин качышы жана К.Бакиевдин президенттин милдетин аткаруучу болуп шайланышы. Ал кезде кокустан бийликке келип анда эч бир даяр план, стратегия жок болчу. Башкача айтканда ал элдин тандоосу менен эмес, кокустан гана бийлик башында болуп калды.

Бир канча убакыттан кийин мен аны менен кабинетинде жолугуштум. Жаңы кызматы менен куттуктап, андан түз эле сурадым: Алайда утуп алган депутаттык мандатымды Марат Султановго өткөрүп берүү тууралуу чечимди ал чыгардыбы деп. Ал, албетте, мен эмесмин деп, каргана баштады, мен каалаган жумушту берээрин айтып, убадалап жатты (кийинчирээк ошол кездеги БШКнын төрагасы Т.Абдраимов башында башкалар аркылуу, кийин менин өзүмө М.Султанов тууралуу ушундай буйрукту К.Бакиев жеке өзү бергенин айтып берди). Мен азыркы негизги максат – өлкөдө туруктуулукту орнотуп, президенттик шайлоону өткөрүү экендигин жооп кылдым. Ошондуктан ага жардам берейин деген ниетим бар экенин билдирип, ал эми мага жумуш тууралуу президенттик шайлоодон кийин сүйлөшөлү дедим. “Азыр болсо, эгер макул болсоңор, администрацияңардын жетекчиси О.Абдыкалыков аркылуу сизге шайлоо кампанияңыздын стратегиясы жана тактикасы тууралуу өз оюмдагыларды жазып берип жиберейин”. Бакиев кубануу менен макул болуп менин көзүмчө О.Абдыкалыковго чалып, мени менен тыгыз байланышта болуп туруусун, менин жазгандарымды алып дароо ага алып келип берүүсүн айтты.

Ушул макулдашууга ылайык, О.Абдыкалыков аркылуу шайлоо кампаниясынын ар башка учуру боюнча үч катымды берип жибердим. Акыркысында өз инаугурациясын А.Акаевге окшоп тар чөйрөдө өткөрбөй, элдин көзүнчө Ала-Тоо аянтында өткөрүшүн сунуштаган болчумун. Менин каттарым менен К.Бакиев канчалык деңгээлде жакшы таанышканын билбейм (ага деги жеттиби бекен?), бирок анын инаугурациясы Ала-Тоо аянтында өткөнүн жакшы билебиз, анан да аны өткөрүү сценарийи мен акыркы катымда сунуштаганга окшош болчу.

Ошол эле убакта мен президенттикке ат салышкан талапкерлер менен алардын суранычы боюнча жолугушуп жаттым. 2005-жылы жазында “АкиПРЕСС” агенттигинде пресс-конференция өткөрүп, өлкөдөгү туруктуулук үчүн К.Бакиев менен Ф. Куловду тандем түзүүгө чакырдым, эгер алар бул кадамга барышпаса, көптөгөн адамдар мага кайрылышкандай мен өзүмдүн талапкерлигимди президенттикке коерумду айттым. Атап айтканда, ал кезде Урмат Барыктабасов менен Баяман Эркинбаев талапкерлигиңизди коюңуз же бизди колдоп бериңиз деп кайрылышкан, ушундай эле сунуштарын айтып мени менен Жусупбек Шарипов (учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы) жана Феликс Кулов жолугушкан болчу. Баарына мен бирдей жооп бердим: “Жок, мен талапкерлигимди койбойм, силерге да ушуну сунуштайм, анткени мындай оор, туруксуз кырдаалда бардыгыбыз реалист болушубуз керек, учурда чыныгы элдик ишенимге татыган, колунда чыныгы бийлиги бар К.Бакиевди колдошубуз керек”.

Жыйынтыгы белгилүү: К.Бакиев президент болуп шайланды. Ал эми ал кандай президент болгонун – баарыбыз жакшы билебиз.

Абдыганы Эркебаев

(уландысы бар

Булак: Жаңы Жүздөр

2 comments

  • Абдыкерим says:

    Бакиев кандай президент болуп калганына озу жооп бериптир, канча жол баскан кадр экенин. Озу канча жыл ал жерде темселеп журду мага тушунуксуз. Акаевдин биринчи номердеги кошоматчысы, ошонусу учун спикер болгон, кийин кошоматты Бакиевге кескин бурганын да озу чиймелептир. Эмки болугундо жаз, Атамбаевге катуу кошомат кылып паракор кызындын жазасын шарттуу кылып алганынды. Кошоматчы болбосон жазат элен го, алкаш кантип президент болуп калганын, долдурогон досун мураскер дайындаганын. Мажироо кошоматчылыктын эталону болуп омуру отту, эми мемуар жазгандын балакетин алат бекен бул киши, бул мемуар деле жаны бийликке кошомат экен го. Баса, академиядагы коррупциялашкан иштерин жабайын деген го сыягы.

  • Бектур says:

    чыдамсыздык менен уландысын күтөбүз!

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *