Эмнеден жаштар жасалма сулуулукка азгырылууда

Кыргызстанда пластикалык хирургия кеңири жайылып, күн санап келбетин өзгөртүүнү каалагандар көбөйүүдө. Операция жасатуу үчүн кайрылгандардын көпчүлүгү кыз-келиндер. Бирок, эркектер да жок эмес. Мындай зарылчылык эмнеден улам келип чыгууда? Аргасыздыкпы же ашыкча  берилгендикпи?

Мурда табият берген чырайына ыраазы болушуп, табигый сулуулук бааланып келген. Убакыт өткөн сайын шарттар өзгөрүлүп, акчанын күчү менен ар ким өзү каалагандай өң-келбетке ээ болуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Бирок, бул кадам дайыма натыйжалуу болот деп кепилдик берүү кыйын.

Учурда Кыргызстанда суроо-талап күч  операциялардын бири – көзүнө сурма койдуруу. Бул операцияны “блефаропластика” же “европалык сурма” деп атап коюшат. Пластикалык операция жасоочу клиникалар билдиргендей, кайрылгандардын дээрлик көбү 18-30 жаштагы кыз-келиндер. Келбетине нааразы болуп, курбулар менен сүрөткө түшкөндөн качып жүргөн Лиуза эми өзүн эркин сезип калганын, бул кадам ага жакшы жашоо тартуулаганын билдирди:

“Алгач курбуларым жасаткан. Кадимкидей эле сулуу болуп чыга келишти. Аларды көрүп мен да жасатууну чечтим. Дайыма өңүмдү жактырбай, түрү суук, жылдызы жоктой сезчүмүн. Азыр баары сонун. Эми өзүмдү кечке күзгүдөн карап эле отургум келет.”

Жаш көрүнүүнү самагандар үчүн заманбап косметология абдан көп мүмкүнчүлүктөрдү сунуштоодо. Анын ичинде эң кеңири жайылганы ботокс сайдыруу. Кыргызстанда акыркы мезгилде эркектер арасында да жаш көрүнгүсү келгендер көбөйгөн.  Алардын бири, 42 жаштагы Ырыс Жуманов бырышын жаздыруу үчүн ботокс сайдырганын айтат:

“Маңдайыма, көзүмдүн астына бырыш түшүп кеткен эле. Жашым өткөн сайын кабагым салаңдап, күзгүнү караган сайын маанай чөгүп баштаган. Анан, Түркиядан Ошко келип иштеп жаткан хирургга кайрылдым. Ал “кам санабаңыз, ботокс деген ийнени сайдырсаңыз эле жашара түшөсүз” деди. Кымбат болгонуна карабай сайдырууну чечтим. Натыйжасына ыраазы болдум. Бир аптадан кийин бырыштарым жазылып, кабагым ачыла түштү. Таасири алты айга чейин экен. Алты ай сайын акча аябай сайдырып жатам. Ар бир киши сымбаттуу көрүнгүсү келет да.”

А бирок, өң-келбетин артык кылам деп, тыртык кылып алгандар да жок эмес. Анжелина Жолидей болуу үчүн, ирандык бийкеч 50 жолу хирургдун бычагынын астында жатууга макул болгон. Тилекке каршы, баары ал күткөндөй болгон жок. Жыйынтыгында Тима Бертондун мультфильминдеги каармандыкындай келбетке ээ болгон. Мындай көрүнүш биздин өлкөдө да болгон. Кыргызстанда хирург кетирген катадан улам кайра-кайра операция жасатып, улам бир жерин кестирүүгө же оңдотууга мажбур болгондор да көп.

Учурда балдары менен үйдө отурган, тилчи Элиза Турдыева мурдуна операция жасаткан. Ал медицинада – “ринопластика” деп аталат. Пластикалык операциялардын ичинен эӊ оору. Хирург кичине эле ката кетирсе, оорчулук жаратат. Мурундун сөөгүн түздөө 35 000-75 000 сом болсо, тешиктерин кичирейтүү 15 000 сомдун тегерегинде. Алгачкы жасатканы ийгиликсиз болуп, оорутуп, ыңгайсыздык жараткандыктан, экинчи ирет кайрылууга аргасыз болгон.

“Келбетиңди минтип өзгөртүүгө болорун шаарга келгенде билдим. Студент болгондуктан, керектүү каражатты көп убакытта араң чогулттум. Операция ийгиликтүү эле болгондой болчу. Бир канча убакыттан соң оорута баштады. Бир жылдай жүрүп, жасаткан мурдум кыйшайып, акыры түшүп калды. Ошол күндөрдө аябай катуу депрессияга кабылгам. Өзүмдү такыр көргүм келбей, элдин көзүнөн да качып, бир айдай үйдөн чыкпай калгам. Ата-энем билген соң айылдан акча жөнөтүшүп, кайрадан операция жасаттым. Андан бери 3 жыл өттү, азыр баары жайында. Негизи тажрыйбалуу врачтарга гана жасатуу керек экен,”- дейт Элиза.

Британиянын Кембридж университетинин окумуштуулары салонго барып, жашартуучу ийне сайдырардан мурда же сулуулук үчүн бычак алдына жатардын алдында ал жердеги тазалык нормалары, дезинфенкциялык системасы кандай иштерин жакшылап текшерүүнү сунуштайт. Себеби таза эмес, арзан косметикалык процедуралар гепатит, ВИЧ-СПИД сыяктуу коркунучтуу оорулардын булагына айланышы ыктымал.

Бишкекте пластикалык хирургия борборлорунун биринде иштеген эстетикалык хирург Искендер Качкынбаев өлкөдө пластикалык операцияга кайрылгандардын саны жылдан-жылга өсүп жатканын билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда ондогон пластикалык операция жасаган борборлор иштейт жана булар биригип орточо эсеп менен жылына 5 миңдей кардарды тейлейт. Бирок, тажрыйбалуу адистер каалоочулардын бардыгына эле операция жасай бербейт. Кайрылгандар  биринчи кезекте текшерүүдөн өтүшү керек.

«Мага көп эле келет. Бирок алардын 70 пайызын кайра кетирип жиберем. Кээ бирде артык кылам деп тыртык кыла тургандар болот. Андан тышкары жаш кыздар арасында эстетикалык хирургияга мода деп досторуна атаандашып келгендер да жок эмес»,-деди Искендер Качкынбаев.

Дүйнөдө пластикалык хирургия боюнча Түштүк Корея биринчи орунда турат. Бул өлкөдө ар бир бешинчи аял эң жок дегенде бир жолу хирургдун бычагынан өткөнү айтылып келет. Адамдардын көздөрү бүтүгүрөөк келген Азия өлкөлөрүндө сурма койдуруу популярдуу болсо, Бразилияда жамбашты кичирейтүү, АКШда көкүрөк безин чоңойтуу сыяктуу операциялар көп жасалат. Бул өңдүү өлкөлөрдө пластикалык операция көнүмүш адат катары эсептелип, ал тургай бул көрүнүш коомчулукта социалдык статустун белгиси катары каралган учурлар бар.

Автор: Айпери Кыдырали кызы

Булак: Kyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *