Эң аз добуш Токтайым Үмөталиева алды

Шайлоодо эң аз добушту Токтайым Үмөталиева алды. Ага 1426 адам добуш берди. Андан кийин Эрнис Зарлыков 1531, Арсланбек Малиев 1595, Арстанбек Абдылдаев 1989 колдоого ээ болду. Талапкерлигин алып салгандыгын акыркы күнү жарыялаган Азимбек Бекназаровдун аты-жөнү бюллютенден чийилбегендиктен, ага 2734 добуш берилди. КТРКдагы теледебаттан кийин көпчүлүктүн мактоосуна татыган Улукбек Кочкоров 8363, Таалатбек Масадыков 10 594 колдоо тапты.

Шайлоонун фавориттеринин катарындагы Темир Сариев 42 886 добушка ээ болуп, Адахан Мадудумаровдон артта калды. Адахан Мадумаровду 108 миң 423 шайлоочу колдоду. Ал эми эң негизги эки атаандаштын бири Өмүрбек Бабановдун добушу 564 миң 573 болсо, Сооронбай Жээнбековдуку 917 миң 217 болуп жеңишти камсыз кылды.

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *