Энеси сабаган ымыркай эсине келе элек

Эске сала кетсек, Ошто 3 жаштагы баласын энеси депкир менен комага түшкөнгө чейин сабаган. Анда баласынын ички органдары жабыркап, денеси көгала болуп, баланын баш мээсине кан уюп калган. Бул боюнча энесинин үстүнөн КР Кылмыш кодексинин 234-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, Ош ша­ардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 1994-жылы туулган энеси А.Д. эки айга камакка алынган.

Учурда баланын абалы ошол бойдон, Ош шаардык балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Энеси баласы шымын булгап койгон үчүн анча катуу эмес урганын, күйөөсү менен ажырашып кетип, жалгыз жашаарын айткан.

Булак: Азия Ньюс 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *