Эр жигит эл четинде, жоо бетинде: Биздин муундун тагдырына Ооган согушу туш келди

Полковник Какан Эралиев Куралдуу Күчтөрдүн катарында көп жыл кызмат өтөгөн аскер адамы. 1883–1985-жылдарда Ооганистандын Нангархар провинциясындагы Желалабад шаарында жайгашкан аскердик бөлүктө кызмат өтөп, бир катар аскердик күжүрмөн сыйлыктарга татыктуу болгон. Ал учурда Ооган согушунун ардагерлеринин Ош шаардык Кеңешинин төрагасы. Биз жакында ага жолугуп, окурмандарыбызды кызыктырган бир нече суроолорду узатканбыз.

— Маекти Ооган согушунун ардагерлеринин Ош шаардык Кеңешинин жүргүзүп жаткан иш-чараларынан баштасак…

Тарыхка көз жүгүртсөк, эр жигиттер эзелтеден эле элди, жерди коргоп, абалтадан эле мекендин коопсуздугу ага жүктөлгөн. Алсак, биздин аталардын жаштыгы Улуу Ата Мекендик согуш учуруна дал келсе, биздин муундун тагдырына Ооган согушу туш келди. Ош шаардык аскер комиссиараты 751 жоокерди Ооган согушуна жөнөткөн, анын ичинен 19у каза болгон. Азыркы учурда Ош шаарында 402 интернационалист жоокер бар. Алар Ош шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган жаштарды патриоттук сезимге тарбиялоого багытталган иш-чараларга активдүү катышып келүүдө.

Афган согушунун ардагерлери эки жыл катары менен болгон Баткен окуясындагы эрдиктери, алардын тайманбастыгы башкаларга үлгү болгон. Ош окуясында түзүлгөн кооптуу абалды турукташтырууга, эки элдин ынтымагын чыңдоого кошкон салымы чоң экендиги эч кимдин эсинен чыга элек. Ошондуктан эрдиктин, каармандыктын күбөсү болгон Ооган согушунун ардагерлери ар дайым урматтоого татыктуу.

Өткөн жумада өлкөбүздүн башка аймактары сыяктуу эле Ош шаарында Оогандан советтик жоокерлердин чыгарылышынын 29 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара уюштурулду. Ага Ооган согушунун ардагерлери, бул согушта курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрү жана аскер бөлүктөрүнүн жоокерлери катышты.

Ооган согушунда курман болгон жоокерлерге арналып тургузулган эстеликке гүлчамбарларды коюу жана шейит кеткендердин арбагына куран түшүрүү менен башталган бул иш чарада Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммадов, Россиянын Ош шаарындагы консулу Роман Свистин, шаардык кеңештин депутаты Расулберди Раимбердиев, Ооган согушунун ардагерлеринин Ош шаардык жана облустук кеңештеринин төрагалары Какан Эралиев, Беделбай Маматовдор чыгып сүйлөштү.

Алар ошол кездеги өлкөнүн коопсуздугун сактап калуу үчүн болгон согушка катышкан көп улуттардан турган советтик жоокерлердин эрдиктери жана интернационалист жоокерлердин жаш муундардын мекенчилдикке тарбиялоодогу, эл достугун чыңдоодогу жарандык активдүүлүгү тууралуу баяндама жасашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө бир катар Ооган согушунун ардагерлерине Ош шаарынын мэриясынын жана КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Ардак грамотасы жана материалдык сыйлыктар ыйгарылды.

Анын киийнки бөлүгүндө курман болгон интернационалист жоокерлердин урматы үчүн аскер бөлүктөрүнүн жоокерлери эстеликтин жанынан салтанаттуу марш менен өтүштү.

Иш-чара мэрия тарабынан уюштурулган сый тамак жана шаардагы «Келечек» балдардын чыгармачылык үйүнүн тарбиялануучуларынын тематикалык концерти менен жыйынтыкталды.

Биз Ош шаарында жашаган Ооган согушунун ардагерлери тууралуу чоң көлөмдөгү китеп чыгаруу демилгеси менен Ош шаарынын мэриясынын жетекчилигине кайрылуу жолдодук эле, ал колдоого ээ болду. Мэрия бул китеп үчүн 180 миң сом каражат бөлүп бере турган болду. Кийинки жылы Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылгандыгына 30 жыл толот. Китеп ага чейин жарык көрөт. Бул кийинки муундар үчүн эстелик болуп калмакчы.

— Советтик аскерлердин чектелген контингентинин Афганистанга киргизилиши тууралуу кайчы пикирлер айтылып жүрөт. Адискөй аскер адамы катары анын башкы себеби эмнеде болгондугуна түшүндүрмө берип өтсөңүз.

— Өткөн кылымдын 80-жылдардын аягында көптөгөн чет өлкөлүк саясатчылар жана эскперттер «СССРдин аскерлери Афганистандан чыгып кеткенден кийин, бул өлкөдө согуш токтойт» деп далилдөөгө аракет кылышкан болчу. Алардын божомолдору негизсиз экендигин мезгил көзгө сайып көрсөтүп берди. Ошол мезгилде «дин үчүн күрөшкө чыккандарды» адегенде жашыруун, кийин ачык колдоого алган АКШынын акчалай жардамынын жылдык суммасы 600 млн. $га жеткен. Советтик аскерлердин бул өлкөдөн чыгып кеткендигине быйыл 29 жыл болсо да ушул күнгө чейин мүшкүлгө баткан бул өлкөдө жарандык согуш дале токтой элек.

Тарыхый документтерге таянсак, 1970-жылдарда СССРдин түштүк тараптагы коңшулаш турган Кытай, Пакистан, Иран менен болгон мамилеси татаалдашып, бир гана Афганистан менен достук мамиледе болгон. Афганистан болсо АКШ жана НАТО өлкөлөрүнүн жана консервативдүү ислам дүйнөсүнүн саясий, материалдык, финансылык жана аскердик колдоосуна таянган афган можахеддеринин («душмандарынын») көп сандаган куралдуу бирикмелери менен согушуп, Советтер союзунун ар тараптуу жардамына муктаж болуп турган. 1978-жылы 5-декабрда СССР менен Афганистандын ортосунда аскердик кызматташуу боюнча келишим түзүлгөн.

Ошол мезгилде Афганистандын абалы оор эле. Бул өлкөдө жарандык согуш 1973-жылы 17-июлдан тартып башталган. Афганистандын королу Закир шах Италияда жумушчу визит менен жүргөн кезде болуп өткөн аскердик төңкөрүштүн натыйжасында анын ордуна Мухаммед Дауд бийликке келген. Ал өлкөнү республика деп жарыялап, бирок авторитардык диктатура орноткон. Бир катар реформаларды жүргүзүүгө аракет кылса да, анын көбү ишке ашпай калган. Анын тушунда саясий туруксуздук орун алган. Бул мезгилде солчул жана исламчыл топтордун ортосундагы атаандаштык, тирешүүлөр абдан күч алган. Исламчылар бир нече жолу көтөрүлүшкө чыгууга аракет кылышкан, бирок алардын бул аракеттери өкмөттүк армия тарабынан басылган.

Өлкөдө абал 1978-жылдын 17-апрелинде өзгөчө курчуган. Ошол күнү Афганистандын элдик демократиялык партиясынын (НДПА) «Парчам» фракциясынын мүчөсү, белгилүү коомдук ишмер Мир Акбар Хайбар бийлик тарабынан киши колдуу болуп, анын сөөгүн коюу демонстрацияга айланган. 26-апрелде түн ичинде Дауддун буйругу менен полиция НДПАнын Борбордук Комитетинин жетекчилери Н. М. Таракини, Б. Кармалды, анын мүчөлөрү Г. Д. Панджшерини, А. Х. Шараи Джаузджани, А. Ратебзадды, Шах Валини жана Н. Тахзибди камакка алган. Бул НДПАнын нараазылыгын жаратып, революциялык кырдаалды пайда кылган.

27-апрелде башталган «Саур ревоюциясы» деп аталган аскердик төңкөрүштө Кабулдагы хан сарайда Дауд жана анын жакындары атылып өлтүрүлгөн. Саур ревоюциясынан кийин бийлик Нур Мохаммад Тараки башында турган Афганистандын элдик демократиялык партиясына (НДПА) өтүп, ал өлкөнү демократиялык республика деп жарыялаган. 29-апрелден тартып, Тараки Ревсоветтин төрагасы жана премьер-министр болуп калган. Афганистандын өкмөтү 1979-жылдын март айында Герат шаарында болуп өткөн козголоңдон кийин декабрына чейин СССРдин жетекчилерине аскердик жардам көрсөтүү тууралуу 20га жакын кайрылуу жасаган. Эл аралык абалга байкоо жасаган Советтер Союзунун жогорку эшалондогу жетекчилиги бул суранычты аткаруу опурталдуу экендигинен улам андан баш тартып келген. Бирок, Герат окуясы Советтер союзун коооптондуруп, Афганстан менен болгон чек араны чыңдап, бул өлкөдө аскер кеңешчилеринин санын көбөйткөн.

1979-жылы сентябрда партиянын ичиндеги бөлүнүп жарылуучулуктан улам, Н. М. Тараки өлтүрүлүп, анын ордуна Хафизулла Амин келген. Ал өз бийлигин сактап калуу үчүн өлкөдө каршылаштарына гана эмес, өзүнүн партиялаштарына да репрессияны күчөткөн. Анын бийлигине замандаштары Афганистандын тарыхындагы кара так катары баа беришкен. ооган мамлекетиндеги мындай кырдаал НДПАнын режиминин кулашына, анын ордуна башка СССРге каршы турган күчтөрдүн бийликке келип калышына алып келмек. Советтер союзунун жетекчилигине жашыруун кызматтар Х. Аминдин 1960-жылдардан тартып ЦРУ менен кызматташып тургандыгы тууралуу маалыматтарды берген. КГБнын мурдагы генерал-майору В. Широнин өзүнүн эскерүүсүндө аны тастыктоого аракет жасайт. Бул факты СССРдин жетекчилерин ого бетер чочулаткан.

Ошол мезгилдеги эл аралык кырдаалды кылдат талдап чыккан, ага реалдуу баа берген саясий серепчилер советтик аскерлердин чектелген контингентинин Афганистанга киргизилишинин башкы себеби СССРдин коопсуздугу үчүн зарыл чара болгондугун тастыктап келишет.

— Советтик аскерлердин чектелген контингентинин Афганистанга кандай киргизилгендиги тууралуу ирети менен баяндап өтсөңүз.

— Советтер союзу ошол кездеги Афганстандын өкмөтүнүн кайрылуусуна жана 1978-жылы 5-декабрда эки өлкөнүн ортосундагы аскердик кызматташуу боюнча келишимге таянуу менен 1979–жылдын декабрдын башталышында Баграмга «Мусулман батальону» деп аталган өзгөчө маанидеги отряд, 14-декабрда 7-июлдан бери Баграмдагы советтик аскердик-транспорттук самолеттерду жана вертолетторду кайтарып турган 105-гвардиялык парашюттук-десанттык дивизиянын 111-батальонун күчтөндүрүү максатында 345-гвардиялык парашюттук-десанттык полктун батальону жөнөтүлгөн. 20-декабрда Баграмдагы «Мусулман батальону» Кабулга жиберилген.

25-декабрда Түркестан аскер округунун генерал Ю. В. Тухарин командалык кылган 40-армиянын бөлүктөрү Афганистантын аймагына үч жерден Кушка, Термез жана Хорог аркылуу кирген. Адегенде 108-мотоачкычтар полкунун 781-й айрым чалгындоочу батальону кирген. Анын артынан Саланг ашуусун кайтаруу, коргоо үчүн 4-й десанттык-чабуул жасоочу батальон жөнөтүлгөн. Ошол күнү 103-чү гвардиялык аскердик аба күчтөрүнүн бөлүктөрү командири подполковник Г. И. Шпак башында турган Кабулдун жана Баграмдын аэродромуна түшкөн.

27-декабрда КГБнын «Гром», «Зенит» деп аталган атайын бөлүктөрү жана «Мусулман батальону» Х. Аминдин Кабулдун түштүк-батыш тарабында жайгашкан «Таж-Бек» деп аталган хан сарайына чабуул жасаган. Бул кагылышта Амин өлтүрүлөт. Кийинки күнү Афганистандын жаңы өкмөтү түзүлүп, Б. Кармал башында турган жаңы жетекчилиги келет. Ал радиодон афган элине революциянын экинчи этабы башталгандыгын жарыялаган.

— Тарыхчылар жана расмий аскер адистери Советтик аскерлер катышуусу менен болгон бул согушту канча этапка бөлүп, ага кандай мүнөздөмө берип жүрүшөт.

–1979-жылдын 25-декабрын 1989-жылдын 15-февралына чейинки аралыкты камтыган 110 айга созулган бул согушту шарттуу түрдө төрт мезгилге бөлүп, ага төмөндөгүдөй мүнөздөмө берүүгө болот:

  • 1979-жылдын 25-декабрын 1980-жылдын февралдын аягына чейин- Советтик аскерлерди Афганистанга киргизүү жана аларды гарнизондорго жайгаштыруу;
  • 1980-жылдын мартынан — ​1985- жылдын апрелине чейин аскердик активдүү аскердик аракеттерди (анын ичинде кеңири масшабдагы) жүргүзүү, Афганистан Демократиялык Республикасынын куралдуу күчтөрүн кайра түзүү жана чыңдоо;
  • 1980-жылдын апрелинен — ​1987-жылдын апрелине чейин советтик авиациянын, артиллериянын жана сапердук бөлүктөрдүн афган аскерлердин колдоого өтүшү, атайын бөлүктөрдүн чет өлкөлөрдөн келип жаткан куралдардын ок-дарылардын жолун тосууга жасаган күрөшү; бул мезгилде советтик аскерлердин бир катар бөлүктөрүн Афганистандан чыгаруу;
  • 1987-жылдын январынан — ​1989-жылдын февралына чейин Афганистандын куралдуу күчтөрүнүн күжүрмөн аракеттерин колдоону улантуу менен улуттук жарашуу саясатына жүргүзүүгө катышуу. Советтик аскерлерди Афганистандан толук чыгаруу.

— Ооган согушундагы жоготууларды фактылар менен далилдей кетсеңиз.

— Баарыбызга белгилүү ошол жылдары Афган согушундагы жоготуулар тууралуу маалыматтар өтө жашыруун сыр болчу. Азыр ачык эле айтылып калбадыбы. Бул согушка баш аягы 620 000 советтик жаран катышкан. Жүз миңдеген советтик жоокерлер тайманбастыгын, каармандыгын көрсөтүштү. 200153 адам (анын ичинен 10955 адам каза болгондон кийин) күжүрмөн орден медалдар менен сыйланган. Анын ичинен 86ы Советтер Союзунун Баатыры деген наамга көрсөтүлгөн. 103 аскердик кызматкер Ленин, 1972си Кызыл Туу орденине татыктуу болгон.

Кандай согуш болбосун, ал жоготуулар менен коштолот эмеспи. Советтер союзу 15 031 адамынан ажыраган. (Мисалга алсак, мен кызмат кылган № 93992- аскердик бөлүк 1983–1985-жылдардын аралыгында катуу кармашууларда каза болгон 2300дөн ашык жоокердин сөөгүн союздун аймагына жөнөткөн). 53 753 адам жарадар болгон, контузияга учурап, травма алган. Расмий маалыматтарга таянсак, 417 аскер кызматчысы туткунга түшүп дайынсыз жоголгон. Анын 130у советтик аскерлер Афганстандан чыкканга чейин бошотулган.

Башка союздук республикалар сыяктуу эле Кыргызстан да өзүнүн 7141 уулун эл четине узаткан. Анын 252си курман болгон, 586ы майып, 1500дөн ашыгы жарадар болуп кайткан, төрт адам дайынсыз жоголгон.

Материалды уюштурган: Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ, Ош шаары.

 

Булак: Ачык сөз 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *