EREM командасы Кыргызстандын чемпиону болуп, энелер лигасы старт алды

Кыргызстандын волейбол оюну боюнча эркектер арасында улуттук лиганын чемпионаты аяктады. 6-ноябрь күнү акыркы турдун кезектеги оюндары старт алып, оюн талаага биринчилерден болуп EREM командасы менен «Жаңы муун» чыкты. 3:2 эсеби менен оюн бүттү. Кийинки күнү EREM «Нацгвардия» менен беттешип, аны 3:0 эсебинде багынтып өлкө биринчилигинде 34 упай топтоп, чемпиондук наамды EREM командасы жеңип алды. Ошол эле 6-ноябрь күнү волейбол оюну боюнча «Энелер лигасынын» расмий ачылыш аземинде КР Волейбол федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев эне топ чапкычтарды кызуу куттуктап, «сиздердин лига өз алдыңарча оюн жүргүзө турганыңарды көрсөтө алдыңар. Эми биздин федерация колубуздан келген жардамды аябайбыз. Сиздер өлкө ичинде оюнду жайылтуу үчүн абдан чоң салым кошуп атасыздар» деди. Салтанаттын соңунда Замира Тентимишовага, Рахат Эгембердиевага, Барчын Амановаларга ыраазычылык кат тапшырды. Албетге, ушундай эле сыйлыктарга бүгүнкү күндө ойноп жүргөн биздин топ чапкыч ардагерлер: Валерий Бычков (80 жаш), Аскар Жумагулов (76), Асанбек Мамырбаев (76), Игорь Левченко (75), Токтобек Шаршеев (68)Рауза Гайфулина (68), Апал Абдимомунова (56) жана 9 баланын энеси Бактыгүл Акбарова, 8 баланын энеси Саадат Ормонова, 7 баланын энеси Зейнеп Райымбековалар татыды.

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *