Ереванда Саргсяндын премьер-министр болушуна каршы акция өтүүдө

Ереванда оппозициянын тарапташтары мурдагы президент Серж Саргсяндын премьер-министр болуп шайланышына каршы нааразылык акциясына чыгышты. Өлкө парламенти 17-апрелде премьер-министрлик кызматка Саргсянды шайлайт деп күтүлүүдө.

Акциянын уюштуруучусу, «Жарандык келишим» партиясынын лидери Никол Пашинян тарапкерлери менен бирге Еревандын борборундагы бир канча көчөнү тосуп алды. Аларга студенттер дагы кошулду. Маалыматка караганда, буга байланыштуу метро кыймылы 10 мүнөткө токтоп, бир канча көпүрө жабылды.

Армения полициясы активисттердин бардык аракеттери мыйзамсыз экенин жана алар жарандардын эркин жүрүү укуктарын чектеп жатышканын билдирди.

Жүрүшкө чыккандар колдорун жогору көтөрүшүп, бул акция тынч экенин жана полиция менен кагылышууга баруу ниеттери жок экенин көрсөтүшүүдө.

Мартта өлкө парламенти алгачкы жолу жаңы президентти шайлап, муну менен 2015-жылы башталган конституциялык реформа соңуна чыккан. Ага ылайык, өлкө парламенттик башкаруу формасына өтүп, мамлекетти премьер-министр башкарып калган. Бул кызматка 14-апрелде бийликтеги Республикалык партия буга чейин он жыл өлкө президенти болгон Серж Саргсяндын талапкерлигин көрсөткөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *