Эрежесиз эр уруш боюнча Кыргызстандын “Жаш күч” клубу Чеченстандын “Ахмат” клубун жеңип алды

Ишемби, 9-декабрда Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында өткөн ММА JFC Fight Night 2017  турниринде Кыргызстандык депутат Алтынбек Сулайманов аталык кылган “Жаш күч” клубу менен Чеченстандын президенти Рамзан Ахматович Кадыров аталык кылган “Ахмат” клубунун мушкерлери кыл чайнаша беттешти.
Биринчи таймаш кыргыз Белек Абдыжапаров (“Жаш күч”) менен чечен Мурад Идрисовдун (“Ахмат”) ортосунда болуп, Абдыжапаров утуп чыкты.
Экинчи таймаш Али Мургулчиев (“Ахмат”) менен Орозбек Мариповдун (“Жаш күч”) арасында өтүп, Марипов Мургулчиевдин оозу-мурдун канжалатып жеңишке жетти.
Үчүнчү таймашта Чеченстандын чемпиону Амирхан Адиев (“Ахмат”) менен мушкер Эрлан Улугбеков (“Жаш күч”) тебишип, Эрлан Амирхан Адиевди техникалык нокаут менен жеңип алды.
Төртүнчү таймашта гана “Жаш күчтүн” мушкери Тилек Батыров “Ахматтын” мушкери Замир Арипшевге утулуп, жалпы таймаштын жыйынтыгы менен 3:1 эсебинде депутат Алтынбек Сулаймановдун “Жаш күч” клубунун мушкерлери Чеченстандын президенти Рамзан Ахматович Кадыровдун “Ахмат” клубун жеңип алышты.

Булак: Кyrgyztoday.кg

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *