Эрке талтаң Анвар, “торпедага” жолугуп

Анвар Артыков аптанын эс алуу күнү Лексусуна аялын салып алып жол эрежесин сактабай, шаардын ичинде машинасын катуу айдап баратса, аялы коркуп:

-Сен светофордун кызылы күйгөндө токтошуң керек эле да,- дептир аны жалооруй карап.

-Мен деген СДКПнын “эркеталтаңымын” деп экс-ар-намысчы ээн баштанып машинанын ылдамдыгын ого бетер көбөйтүп баратып кийинки светофордун жашылы күйүп турса «тып» токтоп калыптыр. Буга таң калган аялы:

-Сен жол эрежесин таптакыр билбейт турбайсыңбы. Бул эмне кылганың?- дейт жөн отурбай.

Ошол замат эркелигин токтоткон Анвар мырза:

— Шаштырбай коётурчу. Тиги жолдо Ата-Мекендин “торпедасы” кетип баратпайбы,-деп сөөмөйү менен бир машинаны көрсөтүп коёт дейт рулга бекем жабышып.

Көрсө, ошол учурда кесилиш жолдо светофордун кызылын уруп ойнобогон Өмүрбек Текебаев зуулдап өтүп бараткан экен.

Булак: Жаңы Ордо 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *