Эркин Эгембердиев, актер: Менин тукумумда окуган, жогорку билим алган адам болгон эмес. Театр менин багымды ачты

Кыргыз маданиятынын, анын ичинде театр маданиятынын өкүлдөрүнүн арасында жигердүү, креативдүү, ар кылган ишинен майнап чыгарган жаштардын бар экени кубандырбай койбойт. Алардын бири Эркин Эгембердиев. ДЕМ театр студиясынын, Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы театрдын эң мыкты актеру, кино жана театр жылдызы, түрдүү роликтерде мыкты образдарды жаратып келген актер менен жылуу суйлөштүк.

– Эркин мырза, чыгармачылыгыңыздагы жаңылыктар менен кеп баштасак…

– Чыгармачылыгымдагы эң акыркы жаңылыктардын бири, Кыргыз улуттук Т.Абдумомунов атындагы академиялык драма театрында Индия элинин улуу эпосторунун бири “Рамаянаны” драматург, акын Бактыгүл Чотурова эжекебиз кайрадан жазып чыгып, 29-30-мартта бет ачары болгон турат. Ушул спектаклде кичинекей ролум бар. Режиссеру Назым Мендебаиров. Ал эми кинодогу акыркы жаңылыгым, мындан эки жыл мурда “Мегатой” деген тасма тарттык эле. Ошол кинонун куйөрмандарынын суроосу боюнча, күйөрмандардын колдоосу менен “Мегатой 2” киносун баштаганы жатабыз. Сүйүн Откеев менен биргеликте бул ишти колго алуудабыз. “Рамаяна” спектакли коюлуп башталганда эле сценарийди жазып баштагам, жакында эле жыйынтыктадым.

– Биринчи тасманын да сценарийин сиз жазгансыз да?

– Ооба, биринчи кинонукун да мен жазгам. Экинчисине катуу даярдык көрүп жаткан учурубуз. Кастинг жарыялайбыз. Мурунку актердук составдын 70 пайызы катышпайт. Жаңы жүздөр менен жаңы тасма жараталы деп жатабыз.

– Сизди режиссер катары да жакшы тааныйм. Бул ишке олуттуу карап, балким тасма тартасызбы же спектакль коёсузбу, бул тууралуу ойлондунуз беле?

– Негизи кыргыз элинин сөздөрүнө аябай маани берем да. Ар бир сөзү төп келишет. “Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” деп коёт эмеспи. Чынында эле 70 өнөр аздык кылат. Бирок ошол ар бир өнөрдүн майын чыгара жасаш керек деп ойлойм. Дегеним, режиссура жагын билип-билбей эле кыла бербейин деп, үйрөнүп, такшалып алып элге чыксамбы деген оюм бар. Бирок кыска кыска постановкаларды, кыска метраждуу тасмаларды коюп, тартып жүрөбүз.

– Казактын белгилүү драматургу Рахымжан Отарбаев Кыргызстанда театр фестивалын өткөргөндө, сиз режиссерлук кылган спектакль гран-прини албады беле… Ал спектаклдин тагдыры кандай болууда?

– Мен Р.Отарбаевдин “Актриса” спектаклин Т.Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайдын студенттери менен койгом. Ал курсту мен жетекчилик кылып, быйыл бүтүрөм. Автор Рахымжан ага да дүйнөдөн өтүп кетти. Ыйманы саламат болсун. Өзү дагы аябай жактырып, Орто Азия мамлекеттерине толук көрсөтүп чыгабыз деген пикирин айтты эле. Казакстанда бул чыгармасын эч ким сахналаштырбай коюптур. Уят эмеспи, сиз бизди ушинтип жазасызбы деп актрисалар шылдың кылышыптыр. Кыргызстанга алып келгенде дагы бул чыгарманы эч ким сахналаштырбай койгон. Дегеним, анын башка чыгармаларын элдин баары ээлеп алып, мен коёоюн десем жалгыз эле ушул чыгармасы калып калыптыр. Мен ойлондум, эмнеге болбосун, коюп көрсө ийгилик жаралат да деген чечимге келип, сахналаштырып көрдүм.
Бактыга жараша жакшы чыгып, баш байгени алдык. Рахымжан ага: “Мага жаңы көз караш жетпей жатыптыр, сен мыкты коюптурсуң. Менин чыгармачылыгыма чоң секирик жасап бердиң”, – деп ыраазычылыгын да айткан эле бейиши болгур… Негизи бул чыгарма өтө ачык жазылган. Негизи 18 жаштан өйдө көрүүчүлөр үчүн болчу да. Мен өзүм кичине аракет кылып, 14-25 жаштан өйдө көрүүчүлөргө ылайыктадым. Рахымжан ага да өтө катуу бырчалаптырсын деп айткан болчу. Тагдыры туралуу сурап калдыныз бул чыгармада ойногон студенттер окуу жайды бүтүп кетсе, чыгарманын да тагдыры бүтөт, тилекке каршы.

– Бул спектакль чынында жаңы көз караш менен коюлган. Театрдын профессионал артисттери менен коюп, репертуарга алса болбойбу?

– Болот, эмнеге болбосун. Эгер койдурса болот. Бирок режиссура жактан бир маселем бар. Режиссёр деген дипломум болушу керек сөзсүз түрдө. Негизи бул чыгарма болбосо деле башка чыгармалардан масштабдуу спектакль койгум келет. Бардык нерсе кандайдыр бир эффекттер менен чыгып жатат. Театрга да өзгөчөлүк керек. Акыркы замандын жаштарын оңой менен көндүрө албайсың бир нерсеге. Керек болсо узун постту окубай калдык, узак кинону көрө албайбыз. А түгүл жол чырактар да бизди шаштырып, секундомер коюп калбадыбы. Мына ушундай заманда театр дагы талапка ылайыктуу иштешибиз керек. Театрга жаңылануу керек. Өзүбүзгө өзүбүз спектакль коюп алып эле жыргай бербешибиз керек.

– Режиссура боюнча билимиңиз жок экен да демек?

– Ооба, билимим жок. Бирок окуюн деп жатам. Анын үстүнө азыр режиссуранын сырлан окуу бөлүмү да жабылып калгандыктан иштен бошобой, окууга убакыт бөлө албай калат экенсиң. Бирок бул маселе чечиле турган маселе.

– Ар бир чыгармачыл инсандын жүзүн элге тааныткан чыгармасы, ролу болот эмеспи. Сиздики?

– Мен театрдан таанылган жокмун. Кинодон көбүрөөк таанылдым. “Белгисиз маршрут”, “Боз салкын” тасмалары аркылуу эл көбүрөөк таанышты. Кийинки кинолордон “Мегатой”.

– Сиздин чыгармачылыгыңызга ДЕМ театр студиясынын да салымы чоң болсо керек?

– Ооба, ДЕМ театр студиясынын негиздөөчүлөрү Назым Мендебаиров, Марат Козукеев экөө менин чыгармачылыгыма абдан чоң түрткү беришти. Бирөө ичтен окутса, бирөө сырттан окуткан. Бирөө окуучу катары окутса, бири дос катары окуткан. Мен бул инсандардан чоң таасир алгам, тарбия алгам. ДЕМ театрынын чыгармачыл жамаатына ыраазычылык билдирем. Театрдын өзүнөн таанымал болбосом да, ДЕМ театры аркылуу бир топ бийиктиктерди багындыргам.

– Бирок ошондой болгон күндө дагы театрдан баш тарта албайсыз?

– Жок, мен сары ооз балапан болуп арипти билбей, маданияттын “м” деген тамгасын билбей келгенде энемдей асырап алган театр болгон. Мен театрга келгенде кайра башынан билим алдым. Кайра башынан тарыхты, адабиятты, математиканы, айтор бардык предметги окуп. Менин тукумумда окуган, жогорку билим алган адам болгон эмес. Театр менин багымды ачты. Аябай эле кыйчалыш маселелер болуп, театр мени жактырбай бурчка такап коюп эле чыгарып ийишпесе, мен театрдан кантип өзүм чыгып кете алам?

– Атактуулуктун адамга пайдасы көбүрөөк тиеби же зыяныбы?

– Экөө бирдей эле. Пайдасынан зыяны көбүрөөк тиет. Азыркы жаштардын билим деңгээли ушундайбы, маданияты тайкыбы, айтор көчөдө бара жатсаң: “Момуну карап кой, оой артист экен”, – деп шылдыңдап өтүшөт. Кээ бирөө ушинтип кантип кийинсин деген сыяктуу сөздөр менен ачык эле мазактап өтүшөт. Кээ бири болсо жакшы сөз айтып, жаныңа келип учурашышат дегендей. Айтор басымдуу жаштар чынында маданияты бир аз төмөнүрөөктөй таасир калтырат. Бирок ошентсе да чыгармачылык бизге ырахат берет.

Автор: Нуркыз Рыскул кызы

Булак: “Фабула”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *