Эркинбек Чодуев, Айыл-чарба жана мелиорация министринин орун басары: “Өзбекстан менен Казакстан өздөрү картошканы көп өндүрүптүр”

Акыркы учурларда Айыл чарба министрлигине эң көп дооматтар айтылууда. Айрыкча дыйкандарыбыз өндүргөн картошкалардын арзан баасы сын-пикирге негизги фактор болду. «Чек ара ачылды, жакшы баада коңшу өлкөлөргө экспорттойбуз» деген сөздөргө ишенген дыйкандарыбыз таман акы, маңдай тер менен алган түшүмүн өздөрү ойлогон баада сата албай олтурганы өкүнүчтүү. Деги эле картошка чуусу бүтпөгөндүктөн Айыл чарба министринин орун басары Эркинбек Чодуевден чоо-жайын сурап көрдүк.

—Эркинбек Урайымович, Өзбекстан келишимдегидей картошканы сатып албай, эмнеге баш тартып койду? Картошкалардын баасы мурда эле аларга белгилүү болчу да…

—Бул маалымат таптакыр туура эмес, Өзбекстан менен тыгыз иштешип жатабыз. Картошкаларды азыр Өзбекстанга, Казакстанга, Түркмөнстанга экспорттолууда. Эң башкы көйгөй бул баа. Биздин дыйкандарга башка өлкөнүн фирмалары койгон баа жакпай жатат. Дыйкандарыбыздын купулуна толо турган сумманы айтпай эки тарап азыр сүйлөшүү менен гана чектелип жатабыз. Жаз келгенде элдин баардыгы ороосун ачса, баа мындан дагы түшүп кетет деген коркунуч бар. Өзбскстандын 73 компаниясы тизме берип, сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. Учурда картошкаларыбыздын көбү Казакстанга экспорттолуп жатат. Анткени биздин акча менен алганда картошканын баасы Алматыда 16 сом, Астанада 11 сомдон базарда сатылууда.

—Бизден канча сомдон сатып алып жатышат?

—10 сомдон аз көлөмдө болсо алышат. Бирок салмагы тоннадан ашып кетсе анда 8 сомдон накталай акча берип алышууда. Учурда Ысык-Көлдүн Түп, Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунда картошка абдан көп. Дыйкандарыбыз 5-6 сомдон сатпай, баа көтөрүлүп калабы деп олтурушат.

—Кыргызстанда картошканын канча сорту көбүрөөк эгилет?

—Республикабыздын аймактарынын климатына жараша 8 сорту эгилет.

—Дыйкандар 2019-жылы канча гектар жерге картошка эгебиз деп жатышат?

—2018-жылы 84400 гектар жерге картошка эгилип, 1 миллион446 миң тонна түшүм алганбыз. Быйылкы жылдагы алдын ала маалымат боюнча дыйкандар 80 000 гектарга чейин картошка айдайбыз деп жатышат. Кыргызстандын өзүнүн ички керектөөлөрүнө жана үрөндүк, ошондой эле малга жем кылганга 1 миллион 200 миң тонна картошка жетет. 200 000 тоннага чейин картошканы экспортко чыгарууга мүмкүнчүлүк жетиштүү. Чынын айтканда картошканын түшүмдүүлүгү бир аз начар. Эгерде 80 000 гектарга чейин картошка айдасак, мамлекеттин баардык ички керектөөсүн камсыздамакпыз.

—Былтыр 16 сомдон кайсы өлкөлөргө сатылган. Эмнеге быйыл арзан сурап жатышат?

—Өзбекстан менен Казакстанга 16 сомдон сатып алышкан эле. Быйылиушул эле мамлекеттердин өздөрүндө картошканын түшүмдүүлүгү жогору болуптур. Мисалга Казакстан быйыл 3 миллион 628 000 тонна, Өзбекстан 3 миллион 200 000 тонна картошка өндүрдү.

—Үрөндү жакшыртуу үчүн дыйкандарга атайын шарт түзүп бересиздерби?

—Дыйкандар үрөндү өздүк кампаларынан алышат. Чет өлкөдөн келген сапаттуу үрөндөр өтө аз көлөмдө болуп жатат. Мисалы Голландиядан, Германиядан атайын үрөндөрдү алып келгенибиз менен алардын баары дыйкандарга жетишпейт. Биздин дыйкандар дүйнөлүк стандартта алдыңкы орунду ээлебесе дагы даамы жогору, экологиялык жактан таза картошканы өндүрүп беришет. Бул жагынан сыймыктансак болот.

—Аймактарыбыздын климатына каран түшүм бере турган үрөн алып келүү планы боюнча иштеп жатасыздарбы?

—Биз андайды жасай албайбыз. Кайсыл картошканын үрөнү жакшы түшүм берээрин, агротехникалык эрежелерди сөзсүз сакташы керек деген кеңештерди гана бере алабыз.

—Картошкалардын баасын ортодогу кызыл кулактар түшүрүп жатышкан жокпу?

—«Ортомчулар 5 сомдон алып, он сомдон сатып жатыптыр» деген сөздөрдүн баары жалган. Ортомчулар арзан алганы менен сорттоп жыйноодо бир топ жумушчу күчүнө каражат жумшалат, жол киреси дагы оңой акча болбойт. Ошентип олтуруп эле баасы он сомго чыгып кетүүдө.

—Базарларда курт түшүп кеткен жашылчалардын сатылып жатканы жашыруун эмес. Зыянкечтерден арылуу боюнча атайын дыйкандарга кеңеш бересиздерби?

—Жыл сайын областтарда атайын семинарларды өтүп турчу элек, быйыл райондордо өтүп жатабыз. Чүй, Ош, Жалал-Абад шаарларында бүттүк. Бул айда Талас, Нарын, Ысык-Көлгө барып семинарларды өтөбүз. Бул албетте жетишсиз. Телеканалдар аркылуу мыкты түшүм алган корпоративдерди көрсөтүп, жеринен мисал кылсак балким таасири чоңураак болмок. Азыр мунун аракетин көрүп жатабыз. Жакын арада ишке аша баштайт.

Баян Кулова

Булак: “Де-Факто”

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *