Эркингүл Иманкожоева, экс-депутат: “УКМКны парламент көзөмөлдөй турган болсо, маалыматтар жайылып кетет”

Жогорку Кеңеш депутаттарынын УКМКны президенттин көзөмөлүнөн алып чыгуу аракетинин артында эмне турат?

– Жогорку Кеңештин депутаттары УКМКнын ишин көзөмөлдөй турган атайын парламенттик комитет түзүү демилгесин коомдук талкууга койду. Депутаттар УКМКны көзөмөлдөсө эле, реформа ойдогудай болуп, адилеттик өкүм сүрүп калабы?

 – Менин оюмча, бул туура эмес, УКМКнын ишине бир да мамлекеттик чиновниктер каалагандай кирише албайт. Мамлекетте купуя сырлар, улуттук сырлар сөзсүз катылуу болушу керек. Эгерде парламенттеги бир топ көзөмөлдөй турган болсо, маалыматтар  жайылып кетет. Маалымат тарабайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Башка маселе – мыйзамды одоно бузуулар, саясий негизде куугунтукка алуу, кимдир бирөөнүн заказын аткаруу ж.б ушуга окшогон иштердин болуп жатышы УКМК ишине нааразычылыкты жаратууда. Ал маселени башкача чечүү керек.

Булак: “Майдан.kg” гезити

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *