Эрлан Жумагазиев, акын: “Элге бат таанылам десең жалаң “Кыргыз өлдү, кыргыз житти” деген сыяктуу штампталган ырларды жазыш керек экен…”

«Нурборбор» чыгармачыл академиясынын, “Калемгер” адабий клубунун, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Б.Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин маалымат катчысы, “Жан дүйнө жаңырыгы”, “Машакат өмүр” поэтикалык жыйнактардын автору Эрлан Жумагазиев менен маектештик.

“Мындан бир-эки жыл мурда бир дептер ырым өрттөлүп кеткен…”

Акын айымдар эле эмес, мырзалар деле жубайынын көзүнчө актанууга туура келет. Мындан бир-эки жыл мурда бир дептер ырым өрттөлүп кеткен. Мунун баарын кылган кызганыч. Дептерде чынында кызгана тургандары да бар эле. Бирок өрттөнүп кеткени жаман иш болду. Ошол окуядан кийин ырларга аяр мамиле жасап, жашырып-жаап, ой, бул сага эле жазылган деген сыяктуу шылтоолорду таап калдым. Мындай кызганычтар эркиндикти чектеп салат. Чыгармачылыкта солгундоо болбойт деген менен ашыктык, сүйүү ырларын жазууда тизгинди тартып калат экенсиң. Мындай нерсе менин башымдан көп эле өттү. Көөдөндөгү нерсе кагазга түшпөй калганда, көкүрөктөгү бук чыкпай калат. Колуңдан келсе ошондой ырларды аялыңа окутпай эле коюш керек экен. (күлүп) Кызганыч деген өтө жаман нерсе. Ошонун айынан учурда үй-бүлөбүз эки ажырым болду.

“Турмушум бузулду. Ортодогу кызыма гана кейийм…”

Кызганычтан мурда ушул ыр-ыр деп жүрө берип материалдык жактан көп аксап калганым да үй-бүлөмдүн бузулушуна себеп болду. Материалдык жактан аксаган учурда атаңдын көрү, ушул Чернышевканы аңдыгандан көрө, бизнес борборлорун аңдыбай деп ичимден кейип коём. Көп учурда көп нерсени курмандыкка чалышка туура келет экен. Дегеним, руханий жактан канчалык бай болбо, материалдык жактан аксап турсаң турмушуңа кедергеси тийбей койбойт экен. А түгүл чөнтөгүң жука болсо дос-тууганың деле адам катары эсептебейт да. Той-ашка барганда кошумча кошо албасаң же  материалдык жактан бир пайдаң тийбесе, эч ким сени менен эсептешпеген заманда жашап жатпайбызбы. Мына ошондой түрдүү себептердин айынан элчилеп таарынышып, кайра жарашуу деген нерсе жок, жубайым менен таптакыр ажырашып кеттим. Ортодо кызыма гана кейип кетем. Кызым азыр бир жарым жашка чыгып калды.

“Ыр мен үчүн жүрөктөгү кайгымды, кубанычымды, бугумду, сүйүүмдү айтор бардыгын айткан менин жан шеригим”

Канчалык материалдык жактан тартыштык жаралса да, ырлар жеке турмушума кедергисин тийгизсе да ырды таштай алган жокмун. Мен өзүмдү башка чөйрөдө да сынап көрдүм. Эки жылдай эмерек жасоо менен алектендим. Ошол аралыкта ыр жазбай койдум. Ыр жазбай койсом кандай болот экен деп өзүмдү сынадым. Көр тирилик өтө берет экен, бирок көкүрөктө бук чыкпай кыйналат экенсиң. Негизи эле ыр мен үчүн жүрөктөгү кайгымды, кубанычымды, бугумду, сүйүүмдү айтор бардыгын айткан менин жан шеригим. Кээде буулугуп кеткенде, бирөөлөргө айта албай жатсаң ырга айтып алсаң өзгөчө жеңилдейсиң. Ошондуктан баары бир мен өзүмдү канча кыйнабайын, ыр дүйнөсүнөн алыс кете албайт экенимди түшүндүм.

“Атам ырды Алтынбек Исмаиловдой жазбайсың деп…”

Акындыкты пиарлоонун башаты биздин муундан башталды. Бул нерсени Алтынбек Исмаилов баштап берди. Ачык эле айтыш керек, Алтынбек өзү жеке сайттарды ачып, теле-радиолорго барып ыр окуп берип жүрүп, анын артынан көптөгөн жаштар ээрчип кетишти. Биз Алтынбек Исмаилов, Мирлан Самыйкожолор менен тең жүргөн калемдештербиз. Бирок бир таң калганым, экөөнү элдин баары тааныйт. Мен кечелерге алардан көп барам, теле-радиого алардан көп чыгам. Бирок мени эл көп тааныбайт. Мунун сыры эмнеде деп ичимден көп толгоноор элем. Бир күнү айылга барып калсам атам: “Ээ, атаңдын оозун урайын, өзүңдүн арыз-арманыңды эле жаза бересиң. Мына, ыр дегенди момундай жазбайсыңбы?! Тетиги Исмаилов досуңдай жазбайсыңбы?!”, – деп калды. Ии, ал эмне кылыптыр десем, атам: “Тимеле Акаевди жер-жеберине жеткире сындап жатат го”, – дейт. Анан ошондо гана түшүндүм. Демек, жамаатка (толпа) “Кыргыз өлдү, кыргыз житти” деген сыяктуу, илгери совет малында “Жашасын партия, садагаң кетейин Сталин” деген ырлар бар го, ошол сыяктуу ырларды  жазыш керек экен. Жөн эле өзүңдүн кайгыңды, кубанычыңды, арманыңды жазып жүрө берсең аны эл көп деле кабыл албайт экен.

“Ит өлүп калса деле, мышык өлүп калса деле анын баарын ырга сала бергенде ал акындын кадыры кайда калат?”

Негизи акын-жазуучуларды эл тааныганы деле жакшы. Эмне үчүн жалаң артисттерди, саясатчыларды жана башкаларды эле тааныш керек. Акындын таанылганы жакшы. Бирок бир жагынан элдин пикири ар кандай да. Азыр “Фейсбук” тармагына ырларын койгон жаштардын ырларына жакты деген белги 1000-2000ге чейин чыгып жатат. Бул акынды өлтүрүп алышы мүмкүн. Себеби жаңы чыгып келе жаткан калемгер “Аа, демек мен ушундай эле жаза берсем эл кабыл ала берет турбайбы”, – деген ой менен изденбей, жалаң штампталган, печатталган ырларга гана басым жасап туруп алышы мүмкүн. Бул түшүнгөн адамга оор трагедия, акын деген жалаң штампталган ырларга байланбаш керек. Көрүп эле жүрөбүз го, акындын көбү жапатырмак Москвадан кыздар өлдү деп ага жазат, учак кулады деп буга жазат, суукта ит үшүдү деп ага жазат. Эми муну жазыштын кажети бар беле, жок беле деп эч ким ойлонбойт. Оюңду айткың келсе макала түрүндө деле пикир калтырып айтууга болот. Сөзсүз эле ит өлүп калса деле, мышык өлүп калса деле анын баарын ырга сала бергенде ал акындын кадыры кайда калат? Мындай ырларды жазуу бир жагынан акынды элге таанытууга жакшы, бир жагынан өзүңдүн жеке чыгармачылыгыңды өлтүрүп алышың мүмкүн. Ал эми печатталган ырлар халтурага гана алып барат.

“Халтура менен чыныгы поэзияны жалпы масса  билбейт”

Халтура менен чыныгы поэзияны жалпы масса  билбейт. Аны талдап, иргеп бериш биздин адабиятчылардын, Жазуучулар союзунун милдети болуш керек болчу. Бирок эми азыр баарыбыз эле өлбө жаным өлбө болуп, ар кимибиз эле эптеп өз оокатыбызды  кылып, өз арбайыбызды өзүбүз согуп жатпайбызбы. Кээде тилиң кычышып, айткың келгенде жазасың. Мен “Фейсбуктан” бир жолу “тиги жериң минтип калыптыр” деп жазып көрдүм. Дароо менин комментарийимди өчүрүп салды. Ошондон кийин аа кокуй, жөн эле коеюнчу деп калдым. Бирөөгө жаман көрүнгүм келбей калды.

“Жогорку наамдарды жалаң пиарщиктер алып кетип жатат…”

Акындыкта муун-муун болуп бир катар чыккан жакшы акындар болот. Биздин муунда жогоруда айткан Алтынбек, Мирлан, Жылдызбек сыяктуу бир топ чыгаан акындар бар. Бизде ич ара эрегишүү деген нерсе жакшы жагынан гана ишке ашты. Тагыраагы бири-бирине эрегишүүнүн эки түрү болот. Бири бут тосуу болсо, экинчиси мен мындан да күчтүү жазышым керек, мындан да мыкты жазышым керек деп күчтөнүү. Бизде ушундай бири-бирибизден мыкты жазууну эңсеп, изденүү көп болду. Ошонун арты менен ийгиликке көп жеттик. Бирок менин кемчилигим, ырларды өз дүйнөм менен алпурушуп жазып жүрүп, пиар менен алектенбегеним болду. Наам, сыйлыкка азырынча жете элекмин. Жогорку наамдарды жалаң ошол пиарщиктер алып кетип жатпайбы.

Нуркыз Рыскул кызы

Булак: Фабула 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *