Эрнест Абдыжапаров: “Саякбай” тасмасы өзүн-өзү актабай калды, себеби…

– Эрнест мырза, “Саякбай” тасмасын качантан баштап элге тартуулай баштайсыздар?

– “Саякбай” тасмасы былтыр 7-сентябрдан баштап кинотеатрларда көрсөтүлдү. Даты бир ирет 25-апрелден баштап элге тартуулайбыз деген продюсерлердин ниеттери бар…

– “Саякбай” тасмасына кеткен чыгым акталчудайбы?

– “Саякбай” тасмасы өзүн актабай калды го… Продюсерлер буга чейин “Легенда” деген тасманы чыгарышып, анын рекламасына аябай чачылса да өзүн актабай калган. Сүткө ооздору күйүп, айранды үйлөп ичишти десем болот. Саякбай тасмасынын рекламасына караманча акча жумшабай коюшту. Анын үстүнө бет ачар күнүн улам жылдырып жатып элдин көксөөсүн суутуп коюшту.

– “Шабдан баатыр” киносун тартууга бөлүнгөн 11 миллион сом максатсыз пайдаланылган” деп айтып чыгышты, каражат эмне болду эле?

– “Шабданга” бөлүнгөн 11 миллион сом албетте максатсыз пайдаланылып кетти. Анткени алгачкы максаты бул Шабдан баатыр тууралуу тасма тартылышы керек эле. Бирок ал акча кымбат камерага, керектүү жабдыктарга, кийим-кече, даярдыкка сарпталды. Азыр киностудияда башка максаттарга пайдаланышып жатат.

– “Шабдан баатыр” тасмасын эки-үч тарыхчы тарттырбоого аракет жасап келишет. Эмнеге алар анчалык жаналакетке түшүп жатышат, сценарийде одоно кемчилик барбы?

– Менин жеке пикиримде, балким бул кокустук болгондур, атайын уюштурулган диверсия дегим келет. Анткени мамлекеттен тапшырма берилгенден кийин, көзөмөлдөө институттары биздин тармакта өтө эле көп: Маданият министрлигинин коллегиясы, департаменттин эксперттик комиссиясы, киностудиянын көркөм кеңеши, редакторлор, андан тышкары Илимдер академиясы үч балкайган тарыхчыны бөлүп беришкен. Ал эми бул демилгени башынан баштап колдоп, менин жанымда жүргөн Шабдан атабыздын чөбөрөсү да бар эле. Ушундай электен сценарийдин 7-версиясы гана колдоого алынып бекитилген. Бул процедура. Ортодон жаш активисттер чыга калышып, биз дагы кеп-кеңешибиз менен бөлүшөлү деп алгачкы версиясын сурап алып, коомчулукка жарыялап жиберишкен. Чийки сценарийди коомчулук талкуулап отуруп, аягында бул проект жабылып калган.

– “Дарак ыры” тасмасына өз бааңызды берсеңиз, тасма кандай тартылыптыр? Тасма көпчүлүк мактап жаткандай мактоого арзыйбы?

– “Дарак ырынын” башаты “Боз салкындан” десем жаңылышпайм. 2006-жылы менин алгачкы мастер-классымды ошол тасманы тартып жатканда өткөргөм. Бүгүн ал ысымдарды баарыбыз билебиз. Съездбек Искеналиев, Асема Токтобекова, Элина Абай кызы, Зарема Асаналиева, Элнура Осмоналиева, Чолпонай Бөрүбаева, Тынчтык Абылкасымов, Санжар Абдыжапаров жана Айбек Дайырбеков. Айбек ошол кезде менин жардамчым эле. Кийин менин көптөгөн проекттеримди жетектеп, мастер-класстарымды түптөп берген. Айбек чыныгы өнөрпоз, эр мүнөз, кыргыз жыттанган мыкты режиссер. “Дарак ыры” кыргыз киносунда жөн эле жаңы катмарды ачпастан, кыргыздын байыркы көрөңгөсүн сууруп чыкты. Далай жаш киночуларга таасирдүү үлгү болуп берди. Ошого карабастан Айбек үчүн бул тасма алгачкы кадамдары. Келечекте биз күтпөгөн улуу ачылыштарды жасай турган дарамети бар…

– Идеяга бай инсансыз, алдыда дагы кандай тасма тартсам деп пландап жатасыз?

– Идеяга баймын, колумда тарта салам деген сценарийлеримдин саны онго чукул. Баары каражатка келип такалат. Бирок мындай карасам, баш аягы жыйырма беш жыл жанталашып жүрүп дегеле эс албаптырмын. Ошондон улам учурда “перезагрузка” болуп жатат окшойм.

– Быйыл кино жаатында жакшы ийгиликтер болду. Сиз тарткан “Саякбай” тасмасы, дагы башка тасмалар эл аралык фестивалдарга катышып, жакшы ийгиликтерге ээ болду, Өкмөт, Маданият министрлиги, Кыргыз киностудиясы сиздердин жеңишке кандай баа беришти, колдоп-коштоп алыштыбы?

– Эми мындай… Мен деги эле эмгегимди бааласын деп тасма тартпайм. Дегеле мактоого, сыйлап-сыйпоого муктаж эмесмин. Алардын бар-жогуна да кайылмын. Эн негизгиси, кайда жүрбөйүн элдин кадыр-баркына ээмин. Ошол эле депутат же өкмөттүн өкүлдөрүнө кезиккенде деле албан алкыштарды алып келем. Мындан өткөн баа болушу мүмкүнбү?

Маектешкен Мирлан АЛЫМБАЕВ

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *