Эрнис Кыязов кыргыз журналистикасынын каймактарын шылыды, аны менен коомдун деңгээлин алаканга салгандай ачып берди

Журналист Эрнис Кыязов “Бешинчиде бешөө” аттуу акыркы телеберүүсүндө Кыргызстандагы сөз эркиндиги тууралу теманы талкуулап, кыргыз журналистикасынын каймактарынын ичинен 4 журналистине кыргыйдай тийип, “персоналдуу суроолорун” берип, шаштысын кетирди. Алардын ички дүйнөсүн, потенциалын алаканга салгандай ачып берди. Биз кыйын деп жүргөн “Азаттык” менен Би-Би-Синин журналисттеринин дараметин элге көрсөттү. Бирок, биздин оюубузча, телеберүү сөз эркиндигинин бүгүнкү абалы же ал 4 журналист тууралу эмес, дегеле, алар өкүл болгон бүгүнкү кыргыз коомунун дарамети тууралу болду. 5 миллион кыргыздын кимисин cүйлөтүп койсо, башкаларды сындаса өзүн кыраан сезерин, дымактары асманды апчып турарын, бирок, баарыбыз “сынчынын сыңар өтүгү майрык” дегендей коомдун өкүлдөрү экенибизди кыйытты…

Төмөндө ал телеберүүнүн айрым урунттуу учурларынын стенограммасын жарыялайбыз, өзүңөр күбө болгула:

Эрнис Кыязов: …Биз бирдеме десе эле, мына, Өзбекстанга караганда, Казакстанга караганда, Түркмөнстанга караганда бизде сөз эркиндиги жогору деп, кайсы президент келбесин биз ушуну менен мактанабыз, бул примитивдүү да болуп бүттү. Анан Кыргызстан “демократиянын аралчасы” деген сөз да айтыла берип тажатма болуп бүттү. Ошондуктан мен Кыргызстанды башка коңшу мамлекеттер менен салыштыргым келбейт. Эгер Кыргызстанда сөз эркиндиги болсо ага ушул жерде олтургандардын да салымы болушу мүмкүн, эгер кемчилиги болсо да биздин салымыбыз бар. Макул, бизде сөз эркиндиги бар, элибиздин мүнөзү бар, падышаларды кууп жиберебиз. Бирок, ошолор бар болсо анда алардын натыйжасы да болушу керек эле да. Алардын натыйжасы экономикабыздан, элдин жашоо деңгээлинен көрүнүш керек болчу да? Сөз эркиндиги бар болсо анын элге пайда-батасы тийип жатабы?

…силердин жоопторуңар баягы эле биз билгендин тегерегинде болуп жатат. Сөз эркиндиги коомго кандай таасир берип жатат? Ушунун тегерегинде сөз кылалычы, мисалы, Эгизбаев бир нече коррупциялык иштердин бетин ачты дейли, бирок ошондон натыйжа болдубу? Жок дегенде бирөө-жарым уялып, кызматынан кеттиби?

Жанар Акаев: …бизде жоопкерчилик жок. Америкада ЦРУнун башчысы Дэвид Петроус деген киши ойношу менен жазышкан каттары маалымат каражаттарына жарыяланып кеткендиги үчүн кызматын тапшырып кетти. Килейген ЦРУнун башчысы. Ошол эле Европада бир министр бир аз эле ичип коюп, машинасынын рулуна олтурганын бир гезит жаза салып, жумуштан кетти. Бизде андай жок. Бизде “кет!” деп урушуп-талашып, мушташып-чачташып жатып араң кетиресиң да жумуштан.

Кыяс Молдокасымов: Жанар туура айтасың, бизде жоопкерчилик жок. Жанагы сен айткан ойношу менен кат жазышканы колго түшүп, кызматтан кеткени бизде жок. Биздин муфтий ойношу менен видеосу чыгып, ошентип кызматтан кетти, бирок, саясатчылар ойноштору менен видеосу чыкса да кызматын таштап кетпей жатышат. Түркияда бир Йылмыз деген саясатчы секретаршасын бир мейманканага алып барып, кичине тийише койгон экен, билинип калып, партиянын жетекчи кызматынан кетти. Бизде саясый элита ошондой жоопкерчиликти сезбей жатат…

Эрнис Кыязов: Мына, Жанар мырза, сиз “Азаттыкта” учурунда журналисттик демиңиз, орусча айтканда “дыханияңыз” ачылып, иликтөөлөрдү жасап, ар кандай ыңгайсыз суроолорду берип жүргөнсүз да… Анан менин эсимде, экөөбүз ошол кезде жазышканбыз, баягы Батукаев боюнча иликтөө жасаганыңызда,  ошол иликтөөңүздү КТРКдан чыгарбай коюшкан, анан аябай кейип-кепчип экөөбүз жазышканбыз… Андан кийин эле ошол Атамбаевге пресс-секретарь болдуңуз. Анан ошол иликтөөңүздө эң башкы суроо “ушунча бийлик карап туруп, Батукаевди кантип качырып жиберди?” деген нокот эле да. Атамбаевди жандап жүргөндө ошол суроону берип, өзүнө же ошонун чөйрөсүнө “кантип ушундай болуп калды?” деп сурап, конкреттүү жооп ала алдыңызбы?

Жанар Акаев: Эми мен Атамбаев менен иштешкениме такыр өкүнбөйм. Шайлоого чейин 5-6 ай иштеген учур болду. Ал убакта “Азаттыктар” менен миллиондук соттошуулар болгон эмес. Саясый камоолор да боло элек болучу. Мындай стабилдүү учурда бардым да. Андан кийин каршы чыгып, жанагындай окуялар болду. Батукаев боюнча жанагы “вице-премьер-министр Шамил Атаханов баштаган 3-4 министрди кызматтан албадыкпы, ошолордун тиешеси бар экен” деген жоопту уккам мен ошондо. Тегерегиндегилерден жана башкалардан “биз жазасын бердик, мына кызматтан алдык” деп. Батукаев боюнча ошондой жоопту уккамын, ал иликтөөнүн сүрөттөрү азыр да телефонумда сакталып жүрөт.

Эрнис Кыязов: Азыр эми кандай? Азыр ошол Атамбаевдин бийлигине сын айткан депутат болуп жүрөсүз, ошол Батукаев боюнча ошол эле ойдо калдыңызбы? Эл айтып жатпайбы, “кантип ушундай бакандай мамлекетте Батукаевди качырып жиберишти, ошол эле башчы кылды да…” деп. Сиз эми депутат катары кандай ойдосуз?

Жанар Акаев: Батукаев боюнча иликтөөнү журналист кезде жасагам, журналисттин милдети окуяны иликтеп, чагылдырып берүү, журналист колунан кармап барып, түрмөгө олтургузуп же соттоп жибере албайт. Ал окуяны журналист катары чагылдырдым, ал жагын эл түшүнсө болду. Калганын өздөрү жыйынтык чыгарат. Батукаев боюнча мурдагы чакырылыштын депутаттары, Болот Шер башында турган депутаттык комиссия иштеди. Бирөөлөр азыркы депутат Рысалиевди айыпташты. Алар болсо вице-премьерди айыпташты. Эми ошондой учур болду. Азыр эми мен чыгып алып парламентте Батукаев боюнча дагы комиссия түзөлү, иликтейли десем, анда “иштебейсиңерби андан көрө, экономиканы өнүктүрбөйсүңөрбү, Батукаев силерге кубаттуу экономиканы куруп береби?” деген сыяктуу сөздөр болушу мүмкүн. Анын баары эми тарых өзү далилдеп, бир жылдар өткөндөн кийин ачыкка чыгар эми…

“Би-Би-Синин” жана “Кут билим” гезитинин жетекчиси Кубат Чекировго Эрнис Кыязов: Сиз эки массалык маалымат каражатында иштейсиз. “Би-Би-Си” кыргыз кызматында жана “Кут билим” гезитинде. Сизге “Кут билим” гезитинин редактору катары суроо берейин. Кыргызстандагы билим берүүнүн бүгүнкү деңгээли баарыбызга белгилүү. Сиз ошол Билим берүү министрлигинин “Кут билим” гезитинин башкы редакторусуз. Сиздердин редакциялык саясатта сөз эркиндиги канчалык деңгээлде, сиздер ошол министрликтеги көйгөйлөр тууралу канчалык эркин айта аласыздар? Ошол министрликке, министрликтин жасабай жаткан иштерине сиздер кандай сөздөрдү айтып, анан ошол сөздөр билим берүү системасына кандай таасир берип жатат деп ойлойсуз?

Кубат Чекиров: “Кут билим” гезити 1960-жылдан бери чыгып келатат, анын ичинен акыркы 25 жыл бою мен редактор болуп иштеп келатам…

Олжобай Шакир: 25 жыл башкарып келатсаң, Усубалиевдей эле болуп калыпсын…

Кубат Чекиров: Бул гезит эң биринчи кезекте бул мугалимдердин кесиптик жардамчысы. Мамлекеттик билим берүү саясаты каякты көздөй баратат, кандай документтер менен, кайсы багыт менен кайсы инструкциялар менен жүрөт дегенге келгенде ушул гезит жардамчы да. Бул гезитти окубаган мугалим кадимкидей эле сокур болуп калат. Кайда баратабыз дегенди такыр эле билбей калат да. Экинчиден, бул мугалимдердин эркин трибунасы… Кандайдыр бир деңгээлде биздин гезит өз максатына жетип жатат. 10 миң тиражы бар…

Эрнис Кыязов: Мен бул суроону эмне үчүн берип жатам, сиздин бир капталыңыз Би-Би-Си, экинчи капталыңыз “Кут билим” болуп, мен ошол “Кут билим” тарабын сурап жатам да. Сөз эркиндиги десе эле бул бийлик менен журналистиканын байланышы болуп калат. Же эркин гезит болот же бир мекемеге байланган гезит болот…

Кубат Чекиров: Ар бир редакциянын өзүнүн редакциялык саясаты болуш керек. Мен “Азаттыкта” да “Би-Би-Сиде” да иштедим. Ал жерде алдын-ала бекитилген редакциялык саясат бар, Ошол сыяктуу ар бир гезиттин өзүнүн редакциялык саясаты, өзүнүн жүзү болушу керек… Баягы Чынара Жакыпова Билим берүү министри болуп турганда биздин гезитке “Америкада секс кандай болот?” деген макала чыгып кетиптир, анан эле мугалимдерден бизге куржун-куржун каттар келе баштады: “Силер биздин гезитти эмне кылып жибергенсиңер?“ деп. Ошондон кийин мен ар бир гезиттин өзүнүн саясаты болуш керек экенин түшүндүм…

Олжобай Шакир: Билим берүү системасында, айрыкча жогорку окуу жайларында, улуттук университетте коррупция аябай көп болуп жатат, силердин “Кут билим” гезити бул багытта жакшы иштей албай жатат. Силерде ташкөчүк журналисттер олтурушат, кашаңдык кылып жатышат, алардын ордуна “атка жеңил, тайга чак” жаш журналисттерди алсаңар болмок…

Эрнис Кыязов: Билим берүү министрлигинде көп жолу коррупциялык ызы-чуу чыкты, ошондо  “Би-Би-Силик” капталыңыз менен бейтарап форматта “Эмне үчүн мындай болуп жатат?” деп чыксаңыз болот эле да деген кеп болуп жатат бул жерде өзүңүздүн гезитте…

Олжобай Шакир: “Кут билим” менен “Кыргыз туусу” окшош болуп калды…

Кыяс Молдокасымовго Эрнис Кыязов: 2005-жылы революция болду деп, революциянын күүсү менен сизди “Азаттыктан” КТРге жетекчи кылып алып келишти. Кийин эркин гезиттин эркин духу менен ыраматылык Мелис Эшимканов агайыбызды да алып келип көрүштү. Бирок КТР “баягы, баягынын таягы” бойдон калууда. Эмне үчүн ушундай болууда, мындай бир концептуалдуу ойлорду айтсаңар?

Кыяс Молдокасымов: Бул өтө оор маселе экен. Мага КТРКны жетектөөгө эки жолу сунуш кылынганда мен барбай койдум. Себеби “силер, азыркы бийлик КТРКны оңдоого даяр эмессиңер” дедим. Акырында болбой алып барышты. Анан алып барышканда алардын убадасын алдым “мен ошол жерде турганда, жок дегенде бир жыл кийлигишпегиле. Муну чыгарып койдуң, аны чыгарып койдуң деп жанагы депутаттардын тизмесин мага бербегиле. Ал жердин саясатын мен өзүм жүргүзүп, “Азаттыктай” кылып бер дедиңер, ошондой кылып берейин. Ал жерге баргандан кийин коррупционерлер болсо коррупционерлерди сындайбыз” деп. Ал жерге баргандан кийин ашып кетсе 5-6 ай гана убадасына тура алышат экен. Андан кийин эле башталат экен. Аны президент өзү жасабаса да анын тегерегиндегилер баштайт экен. “Мына, КТРди “Азаттыкка” айлантып койду, сизди сындап жатат. Сиздин администрациянын жетекчисин сындап атат. Муну сындап атат, тигиндей деп туруп, КТРге жетекчи болуп барган адамды бийликке жек көргөзүп коёт экен…

Кубат Чекиров: Ушул жерде мен Мелис Эшимкановдун бир сөзүн айта кетейин, КТРКны башкарып турганда мага бир каңырыгы түтөп айтты эле. “Ак үйдүн 7-кабатына ““Ала-Тоо” программасын өзүңөр эле башкарып албайсыңарбы, мен биякка киришпей эле коёоюн, себеби баары бир 7-кабаттан телефон менен башкарылат”, деп айттым деген. КТРКдагы, айрыкча “Ала-Тоо” программасындагы редакциялык саясат мурунку президенттин (Алмаз Атамбаев – ред.КТ) тушунда да ушундай эле деңгээлде болду. Эми жаңы президенттин тушунда ушул саясат өзгөрөт деп ишенгим келет…

Эрнис Кыязов: Сизди, Би-Би-Сиде иштеген Кубат Чекировду КТРКга же “Кыргыз туусуна” алып барып, жетекчи кылып дайындап, ошол КТРК менен “Кыргыз туусун” Би-Би-Синин стандартына жеткирип алса болобу?

Кубат Чекиров: Болот.

Эрнис Кыязов: Азыр эле болбойт деп жатпадыңыз беле? (күлүп)

Кыяс Молдокасымов: Кубат, мен айтып коёоюн, маселе ал жетекчи кандайча драконго айланып кетээри тууралу болуп жатат. Мен “Азаттыкта” жетекчи болуп турганда, эч сөзгө көнбөй койгонумда “муну физикалык жактан жок кылгыла!” деген жетекчи менмин, СНБдан, Ак үйдөн келип айтышкан. КТРге жетекчи болуп келгенимде да жанагылардын тилин укпай койгонумда, ал талаш-тартыштарга Эрнис өзү да катышып калган. Президенттик администрациянын башчысынан “Өлтүрүп таштайм!” Көмүп таштайм азыр!” деген сөздү уккамын. Ошого чейин жеткенбиз биз…

Анан  мен “Кыргыз туусу” гезитине редактор болуп келгенде биз гезитти рухий маданиятты, улуттук темаларды көтөргөн деңгээлге жеткен гезитке айланганына мен кубанам. Анткени мен гезитке редактор болуп келерде ошол, жалаң рухий дүйнөнү, маданиятты, тарыхты чагылдырган улуттук гезит болсун деп бийлик менен макулдашып барып, мен ошого жеттим. Ошон үчүн “Кыргыз туусу” гезитинин тиражы 3,5 миңден 16 миңге чейин көтөрүлгөн. Бирок, 2010-жылдагы революциядан кийин жаңы келген бийлик “Бизге  андай гезитиңдин кереги жок. Биз айткан нерсени аткарасың” дешти…

Кубат Чекиров: Бул жерде эки шарт бар да. Биринчиси – бул финансы. КТРК азыркы күнгө чейин каражатты өкмөттөн, мамлекеттен алып жатат да. Ошондуктан мамлекетке, бийликке көз каранды болуп жатат. Ал эми Би-Би-Си сыяктуу чоң-чоң, элитага айланган корпорациялар элдин эсебинен, эл чогулткан салыктын эсебинен каражат алат. Бул жерде чоң айрымачылык бар…

Кyrgyztodayдин кыстырмасы: Тескерисинче, КТРК элдин эсебинен, эл чогулткан салыктын эсебинен каржыланып, бирок, бийликтин көзөмөлүндө эмеспи? Ал эми Би-Би-Си Улуу Британ мамлекетинин эсебинен каржыланып жатпайбы?  

Кубат Чекиров: Экинчиси – бул башкарууну тандаганда, Байкоочу кеңештин курамын баары бир эле баягы бийликтин башында тургандар тандап жатпайбы… Анан алар албетте ал жерге бийликке керектүү адамды КТРКга директор кылып дайындап берип жатышпайбы…  Байкоочу кеңешти тандоонун, түзүүнүн эрежесин караш керек…

Эрнис Кыязов: Маселе башкада. Мен башка нерсени сурап жатам. КТРКны айтып, КТРКнын маселесин бул жерде чечейин деген жокмун. “Азаттыкта” иштеп жүрүп, бейтарап маалымат деген эмне экенин билген Кыяс Молдокасымов КТРга жетекчи болуп баргандан кийинкини айтканын уктуңуз. Сиз андай жерлерге бара элексиз. Анан “барса, кылса, оңдосо, жасаса болот” деп жатасыз да. Ушуга сиз чындап эле ишенесизби?

Кубат Чекиров: Мен ишенем…

Эрнис Кыязов: Ар бир жаңы бийлик келген сайын “Азаттыкта” иштеген, эркин айтып, эркин жүргөн журналистти өзүнө тартууга аракет кылат. Ошондо менен бийлик деле ошондой эркин массалык маалымат каражаттарын түзгүсү келет окшойт деп ойлоп кетем. Мисалы, мына “Азаттыкта” иштеген Жанар Акаевди президент Атамбаев өзүнө тартты, иштеди, жанында жүрдү. Анан чыктыңыз. Жанында жүргөндө бийликтин “дракон” экенин байкай алдыңызбы?  Cизди депутат эмес, табияты журналист катары сурап жатам да…

Жанар Акаев: Эми бул… баягы… телеканалардын мамлекеттик эркин болушу, иш алып барышы ошол, түз эле президенттин эркине көз каранды. Эгер ал эрк берсе, жеке түз иштешсе, КТРдин жетекчисин “Мына, мен турам артыңда, эч кимден коркпо!” деп айтып койсун. Болду, депутатыңды да укпайт, министриңди да укпайт. “Чалса, буйрук берсе “сен каалаганыңды кыл, мен каалаганымды кылам” деп айтып кой” десе эле, анын Президент менен жакын экенин уккандан кийин бирөө да тийише албайт. Биз азыр парламентте кайсы министр президент менен жакын экенин билебиз дагы ал келгенде анын мыйзамдарын аябай бат өткөрөбүз. Алтургай жарымыбыз ал министрди мактап калганга жетишебиз. Президент менен түз сүйлөшпөгөн, андан алысыраак министрлерди такалап, өзүбүздү көрсөтүп калабыз…

Эрнис Кыязов: Анда парламентаризм кайда калат? Мыйзам кайда калат?

Жанар Акаев: Парламентаризм, сөз эркиндиги деген Кыргызстанга бул ошол эле Улуу Британиядагыдай 100 жылдап анан келсе керек…

Мына, сүйлөсө асманды челип, өзүн гений сезген, бирок баягы Салижан аке Жигитов сындап келген доордон бери өзгөрбөгөн же жазуучу Кубатбек Жусубалиев айткандай “көчүгү бок” коомдун автопортрети.

Булак: Kyrgyztoday.kg

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *