Эрнст Исаев, полковник: «Кулов Батукаев менен досторчо кучакташып, аны “братаным” деп сыймыктануу менен атагандыгын кантип түшүнүүгө болот?»

Гезитибиздин 14-15-16-сандарына Феликс Кулов менен болгон интервью жарыяланган соң, редакцияга Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ГСИН) штабынын мурдакы начальниги, ички кызматтын отставкадагы полковниги Эрнст Исаев келиптир. 30 жылдан ашуун күч катмарларында кызмат өтөгөн күжүрмөн офицердин айтуусуна караганда Куловдун газета аркылуу билдирген пикирлеринин басымдуу бөлүгү чындыкка дал келбейт. Интервью өзүн актоо-жактоо максатында берилгендей. Полковниктин айтуусуна караганда Кулов туулгандан Феликс Эдмундович Джержинскийдин атын албаганда эч ким аны “Железный Феликс” деп атамак эмес экен. Эмне үчүн дегенде, Дзержинский падышалык куугунтукта жана көп жылдар түрмөдө жашап, далай сыноолорду башынан өткөрүп, өзүнүн “Железный” атына татыган дейт отставкадагы полковник. Ошондуктан, чү дегенде эле мен ага төмөнкү суроолорду узаттым.

-Феликс Шаршенбаевич өзүнүн эл берген “Железный Феликс” атына татыктуу эмес деп ойлойсузбу?

— Биринчиден, “Железный Феликсти” өзүнүн киши чыдагыс сыноолору аркылуу революциячыл доор жараткан. Экинчиден, биздин Феликс Шаршенбаевич милициянын үй-бүлөсүндө, оокаттуу чөйрөдө туулуп-өскөн. Ачыгын айтканда, атасы полковнк Шаршенбай аксакал өз учурунун мыкты инсаны болгондугун көп кишилер кеп кылышат. Бул эки Феликс таптакыр принципиалдуу эки башка адамдар. Анын үстүнө Феликс Эдмундович бийик идеалдар үчүн, социалдык теңдикти камсыз кылган жаңы коом үчүн күрөшкөн болсо, Феликс Шаршенбаевич өз атына “Железный” деген жагымдуу лакапты алуу үчүн өзү кызмат кылган системага айтарлык эмгек деле сиңирген жок да. Кадыресе министр болду. Жакшы иштөөгө жолтоо кылгыдай проблемалар болбосо да, ички иштер органдарына жаңылык деле киргизе алган жок. Кийинчерээк мамлекеттик коопсуздук министри, премьер-министр болду. Анын тушунда криминалитет, кылмыштуу топтор гүлдөп-өстү. Жыйынтыгында ушул бүгүнкү акыбалга — ​таз кейпибизге келип такалдык.

— Жалпы негизде ар бир жетекчини, лидерди айыптай берсек болот да?..

— Тактап айта турган болсок — ​2005-жылдын 20-октябрында 31-түрмөдө Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаев баш болгон 4 жараныбыздын өлүмүнө түздөн-түз болбосо да, Куловдун кыйыр күнөөсү бар деп эсептейм.

2005-жылдын сентябрына карата Кыргызстандын түрмөлөр тармагында болуп көрбөгөндөй оор кырдаал түзүлдү. Камактагылар аткарууга мүмкүн болбой турган талаптарды коюп, кырдаалды курчута башташты. Натыйжада балдардын, аялдардын жана Жалал-Абаддагы 10-түрмөнү эске албаганда, жазаларды аткаруу мекемелерин башкаруу Батукаев баштаган зектердин колуна өтүп кетти. Ошол учурда ГУИНди (жазаларды аткаруу башкы башкармалыгы) өкмөт тарабынан каржылоо 28–30 пайызга аткарылгандыгына карабастан, камактагылар өздөрүн тамак-аш менен камсыздоону 100 пайызга аткарууну талап кыла башташкан. ГУИН (кийинчерээк — ​ГСИН) болсо Адилет министрлигине карап, министрлик Кыргыз өкмөтүнүн курамында болгон. Бул мезгилде өкмөт башчысы Кулов болчу.

— ГУИНди каржылоо 30 пайызга да жетпегендиги үчүн Куловду күнөөлөп жаткан жоксузбу? Бир гана бул багыт эмес, ошол жылдары эл чарбасынын бардык тармактары ушундай акыбалда эмес беле?

— Туура айтып жатасыз. Мен бул жерде камсыздоонун көрсөткүчү тууралуу эмес, түрмөлөрдөгү түзүлгөн болуп көрбөгөндөй оор кырдаал: башаламандык, моюнсунбоочулук тууралуу айткым келет. Кулов ал кезде Премьер-министр болчу. Ал көп жылдар бою күч катмарларын жетектеген киши жана опертивник катары кырдаалды көзөмөлдө кармоого милдеттүү эле.

2005-жылдын октябрь айынын башында 31-түрмөдөгү зек Кахрамон Матякубов калп жерден сокур ичегисинин жарылып кеткендигин шылтоолоп, кырдаалды курчутуу максатында чатак салганы аз келгенсип, медициналык багыттагы 47-түрмөгө баруудан баш тартканда, админстрация анын айтканына моюн сунуп, Бишкек шаардык № 1-ооруканага алпарышат. Бирок, ал жерде Матякубовдун диагнозу жалган болуп чыгат да, аны кайра 31-мекемеге алпарышпастан, зек каалаган 3-түрмөгө жеткиришет. Зектердин арасында бул планын ишке ашыруу үчүн Матякубов ГСИНдин лөктөрүнүн бирине 10 миң доллар бергендиги айтылат. Аталган түрмө криминалдык дүйнөнүн борбору эле. Калыстык үчүн айтып кете турган нерсе — ​аны каалаган түрмөсүнө которуу чечими ГУИНдин начальниги Икматулло Полотовго таандык эмес болчу.

Матякубовдун 3-түрмөгө жеткирилиши менен аталган мекемеде кырдаал кескин курчуп, алгач 3- 31- түрмөлөрдө, андан соң өлкөнүн калган бардык түрмөлөрүндө зектер администрацияны кууп чыгышкан. Кулов жетектеген Кыргыз өкмөтүнө түзүлгөн кырдаал убагында билдирилип тургандыгына карабастан, өкмөттүн тийиштүү күч катмарлары ГУИНдин кайрылуулары боюнча жетишерлик чара көргөн эмес. Кырдаалды иликтеп, тийиштүү чара көрүү аракеттери болгон эмес.

Айла кеткенде түрмөлөрдөгү башаламандыкка Жогорку Кеңештин депутаттары көңүл буруп, укук коргоо органдары жана конституциялык коопсуздук комитетинин төрагасы Тынычбек Акматбаев баш болгон комиссия түзүлгөн. Кулов өзүнүн интервьюсунда Т. Акматбаев сот реформасы боюнча комитетти жетектеген деп айтканы да чындыкка туура келбейт.

Түзүлгөн комиссиянын алдына түрмөлөрдөгү оор кырдаалдын пайда болушун талдап чыгып, акыбалды жакшыртуу боюнча өз сунушун иштеп чыгуу жана киргизүү милдети коюлган болчу. Ар кандай бюрократиялык илинчектерден улам, комиссиянын иш баштоосу көпкө созулуп кеткендигин айтпай коюуга болбойт.

— Бул убакта 31-түрмөнү ээлеп алган Батукаевдин командасы депутаттык комиссиянын келиши тууралуу өз убагында кабар тапкандыгына байланыштуу Акматбаевди өлтүрүүгө даярдык көрө алышкан дегиңиз келип турабы?

— Көпкө созула түшкөн убакыттын ичинде Батукаев жана анын башкесерлери жетишерлик сандагы курал-жарактарды камдоого, өз ара милдеттерди бөлүштүрүп, даярданууга үлгүрүшкөн. Натыйжада алар Акматбаевди, анын эки жардамчысын, ГУИНдин начальниги полковник Полотовду түрмөнүн ичинде атып өлтүрүшкөн. Тагыраак айтканда — ​аларга чыгарылган Батукаевдин өкүмүн иш жүзүнө ашырышкан.

— Куловдун, зектер Жогорку Кеңештен баргандардын өздөрүнүн куралдары менен атып өлтүрүшкөн деген сөзү туурабы?

— Иш жүзүндө депутат Акматбаев, анын эки жардамчысы жана Полотов батукаевчилер алдын ала даярдап коюшкан куралдар менен өлтүрүлгөндүгү чындык. Эмне үчүн дегенде депутат жана анын жардамчылары куралсыз киришкен. Ошол замат админстративдик корпустун жанында жогорудагы 4өөнү кокусунан ортого алышып, куралдуу кол салуу болуп, авторитет Абдуллин жана анын шериктери тарабынан 4 киши өлтүрүлгөндөн кийин, өлүктөрдү жүктөшүп, Батукаевге рапорт берүү үчүн жилая зона деген жакка алып өтүшөт. Ал жерде өлтүрүлгөндөрдүн кийимдерин текшерип жатышып, Полотовдун бутуна байланган ПСМ тапанчасын таап алышат. Комиссия мүчөлөрү өз куралдарынан өлтүрүлгөн деген сөз Куловго окшогондордун чыгарган эле сөзү. Акматбаев Абдуллиндин колундагы ТТ тапанчасы менен атып өлтүрүлгөн.

31-түрмөдөгү 4 азаматтын өмүрүн кыйган террорго ушул убакка чейин тийиштүү жетишээрлик укуктук жана саясий баа берилбей келаткандыгы, Батукаевге берилген жазанын салыштырмалуу жеңил өлчөмү сыяктуу табышмактар азырга чейин коомчулукка түшүнүксүз бойдон калууда. КР Кылмыш-жаза кодексинде каралган “Мамлекеттик ишмерди өлтүргөндүгү”, “Эки же андан көп кишини өлтүргөндүгү”, “Бандитизм” жана “Баңгизаттарды сактагандыгы” жана мурда бир нече жолу соттолгондугу үчүн айыпталып, өмүр бою эркиндигинен ажыратууга бир жолу эмес, үч жолу кесилүүгө тийиш эле. Тилекке каршы, 7-кабаттагы айрым бирөөлөр менен кошо тергөөчүлөр жана соттор ачыктан-ачык сатылып, Батукаев кармаган общактын кассасы ага дайыма жеңил жазаларды камсыз кылып келген.

— Мындан улам, 2013-жылы Батукаевдин Нарындагы түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу да акчанын күчү менен болгон го?

— Акчасыз Батукаев эркиндикке чыга алмак эмес. 2012-жылы анын адамдары Жогорку Кеңештин Сот реформасы комитетинин төрагасы Садыр Жапаровго чыгышып, Батукаевди бошотуу үчүн 3 миллион доллар сунуш кылышкан. Алардын бул аракети Жапаров тарабынан колдоо таппаган соң, аталган сумма жок эле дегенде 2 эсеге көбөйтүлүп, 7-кабаттан колдоо тапкан. Бул маселени чечүү үчүн ошол кездеги вице-премьер Атаханов ортого түшүп, Атамбаевге киргендигин генерал-лейтенант Кулов өзүнүн берген интервьюсунда айтып эле отурбайбы…

— Демек?..

— Демек, баш мыйзамда көрсөтүлгөндөй, коррупциялык кылмыштар боюнча, мүнөздөп айтканда — ​кыргыздын ар-намысын тебелеп, башына чычып жиберген кылмыштар боюнча — ​эскирүү мөөнөтү алынып салынгандыктан: Атамбаев, анын кайын агасы, атактуу ортомчу Атаханов, Табалдиев, Нарынбаев, Сатыбалдиев, Салянова, Суранчиев, Сагынбаева, Рысалиев, Ахун сыяктуулар мыйзам алдында, кор болгон кыргыз коомчулугунун алдында жооп берүүгө тийиш!

Кошумча айтайын дегеним — ​бул актуалдуу маселени бүгүнкү бийлик унутпай, Кулов аксакал өзүнүн берген интервьюсунда көрсөткөн кылмыштуу жагдайлардын негизинде Батукаевдин мыйзамсыз эркиндикке чыгарылышынын себептери толугу менен тергелип, укуктук принципиалдуу баа берилүүгө тийиш! Муну коомчулук унутпайт жана талап кылат!

— Айрым бир сейрек прогрессивдүү депутаттар баш болгон кыргыз коомчулугу чырылдап кала берди. Деги бул коррупциялык кылмыш боюнча чыккынчы-лөктөрдү жоопко тартууга болобу?

— Кантип эле болбосун. Коррупциялык кылмыштар боюнча куугунтуктоодон эскирүү мөөнөтүн алып салууга жетишкен Текебаев деле далилсиз кылмыш үчүн 8 жылга кесилип, 47-түрмөдө отурбайбы.

— Жолдош полковник, кошумча дагы эмнелерди айта аласыз?

— Кошумча айта турган сөз көп. Кулов, депутат Тынычбек Акматбаев агасы Рысбек менен биргеликте бийликти басып алууну көздөшкөн дейт. Бир туугандар өлкөдөгү бийликти басып алабыз дешкенби же түрмөлөрдөгү бийликтиби? Генералдын бул айыптоосу түшүнүксүз жана орунсуз.

Ошону менен бирге Кулов экөөнүн бири өлтүрүлүш керек болчу деген кыязда: “Азизге Акматбаевди өлтүрүүдөн башка жол калбаган болчу” деп, Батукаевди актап сүйлөгөндүгүн кантип түшүнүүгө болот? Куловдун сөзүнө кулак сала турган болсок, өзүнөн башканын баары эле айыптуудай сезилет. Эмне үчүн Ички иштер министри Мурат Суталинов 31-түрмөдөгү теракт тууралу Куловго эмес, президент Бакиевге билдирүү жасаш керек? Өзүнүн түздөн-түз начальниги премьер-министр Кулов турганда анын башынан кантип секирип өтмөк? Кулов болсо Бакиевге маалымат берүүгө бети чыдабагандай..

— Сиздин сөздөрүңүзгө караганда Акматбаев баш болгон 4 кишини Кулов өлтүргөн болуп жүрбөсүн?

— Андай сөздү айтуудан алысмын. Ага ишарат кылып сүйлөгөн да жокмун. Себеби, жогорудагы 4 азамат Кулов 31-түрмөгө жетип келгенден 2–3 саат мурда эле өлтүрүлгөн болчу. Кулов өз жардамчысы Жаныбек Бакчиев менен 31-түрмөгө жетип келген кезде дарбазанын алдында мен жана генерал Шамкеев баш болгон бир нече полковниктер турган элек. Кулов кайгылуу кырдаалды уккан соң, жардамчысына: “Азиз менен байланыштыр” деди, эски таанышын эстегенсип. Бакчиев Батукаевдин номерин терип, телефонду Куловго берди. Биз анын жардамчысынын Батукаевдин телефонунун номерин билгенине таң калдык. Кулов телефон аркылуу Батукаев менен 3 мүнөтчө жылуу-жумшак, досторчо аман-эсенчилик сурашкандан кийин, зонага кирип чыгууну чечти да, өзү менен кошо ички кызматтын полковниги Сапарбаевди жана Бакчиевди гана ээрчитип, жаңы эле 4 кишини өлтүрүү болгон жерге — ​наша чегип алышкан куралдуу кылмышкерлер турган жерге негедир чоочубастан эле кирип кеткендиги ойлондурбай койбойт…

Ичкери киришкен соң, полковник Сапарбаевдин айтуусуна караганда, Кулов Батукаев менен досторчо кучакташып, аны “братаным” деп сыймыктануу менен атагандыгын кантип түшүнүүгө болот? “Коллегалар” чай ичүүгө өтөөрдө тигил “вор” Сапарбаевге: “сен бизди жалгыз калтырып, сыртка чыга тур” деп, буйрук берген. Кулов болсо “вордон” анын ден соолугун, ал-акыбалын кайра-кайра бажактап сурап, бир топ убакыт өткөндөн кийин гана Акматбаевдин жана аны коштоп зонага киргендердин тагдыры эмне болду деп сураган.

Ошол 2005-жылдын 20-октябрында Премьер-министр Кулов Батукаевге кирип чыккан сааттардан тартып, ого бетер күчүнө-күч, демине дем кошула түшкөн “Азиз-братан” телефон аркылуу бардык зоналарды козгоп, кырдаалды ого бетер курчуткандыгын да айтпай коюуга болбойт. Ошентип, 20-октябрдан 1-ноябрга чейин зоналар камактагылардын башкаруусуна өткөн.

Бул жерде дагы бир баса белгилеп кете турган нерсе — ​Кулов менен кошо 31-колонияга ИИМ менен Адилет министрлигинин атайын күчтөрү жетип келип, зонаны айланта курчап, автоматчан зектерди зыянсыздандырууга даяр болуп калышкан эле. Батукаевдин кабыл алуусуна кирип чыккандан кийин Кулов түрмөгө чабуул коюуга катуу тыюу салып, Ички иштер министри Суталиновдун коштоосунда Молдовановка айлынан чыгып кеткен.

ГСИНдин жаңы жетекчиси полковник К. Мукеев президент Бакиевге чыгып жатып, түрмөлөрдө тартип орнотуу үчүн атайын операция өткөрүүгө уруксат алып, Батукаевдин “бийлигин” кулатканбыз. Бул аракеттерге мен да түздөн-түз катышкам Операциянын жүрүшүндө эр жүрөк Мукеевге ок жаңлып, жарадар болгон.

— 1-ноябрда өткөрүлгөн атайын операцияга кайсы күчтөр тартылган?

— ИИМдин, ГСИНдин спецназдары жана ГСИНдин бириккен отряды.

— Ошол атайын операциянын жүрүшүндө өлтүрүлгөндөр болгонбу?

— Болгон. Батукаевдин куралдуу жансакчысы жана дагы бир зек өлтүрүлгөн.

— 20-октябрдан 1-ноябрга чейин спецоперация өткөрүүгө тоскоолдук кылып келген Батукаевдин “братаны” эмне үчүн бул тагдыр чечер иш-чараны биротоло токтотуп кала алган эмес?

— Токтотуп кала албагандыгынын себеби — ​спецоперация өткөрүүгө уруксатты Капар Мукеев Бакиевдин өзүнө кирип жатып араң алган.

— Сиз 31-зонада батукаевчилердин колунда көп сандагы курал-жарактардын болгондугун да айткансыз…

— Алардын колундагы ок атуучу куралдардын канча экендигин так айта албайм. Бирок, Башкы прокуратуранын кызматкерлери болуп эсептеп жатканыбызда бир гана четин — ​оптика менен жабдылган 3 Калашников автоматын, чет элде чыгарылган көптөгөн винчестрлерди, 30 чакты түрдүү үлгүдөгү тапанчаларды, гранаталарды өз көзүм менен көргөм.

— Өзүнчө эле аскер бөлүгүн жабдууга боло турган мынчалык сандагы курал-жаракты Батукаевдин бандасы кайдан алышы мүмкүн? Түрмөгө кантип алып кирген болушу мүмкүн?

— Бул суроого тергөөчүлөр жоопту, өзүңүздөр сезип тургандай, жогорудагы “кимдир-бирөөнүн” тоскоолдугунан улам, “таба албай” коюшту. Таба да алышмак эмес. Кыскасы, ишти аягына чыгарууга Батукаевдин “братаны” жол койбоду сыягы. Тишине чейин куралданган Батукаев менен сырдашып, чайлашып-пайлашып жүргөн Премьер-министр турса… Анын үстүнө ошол кайгылуу сааттарда Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы жазаларды аткаруу кызматынын начальниги Полотов өлтүрүлүп, ГСИН тармагында өтө оор моралдык-психологиялык кырдаал түзүлгөн эле. Ошондуктан, түрмөлөр Батукаевдин башкаруусуна өткөн жогорудагы 10 күндүн ичинде биздин кызматкерлердин бир далайынын айтылуу Рысбектен колдоо издеп калгандыгы да бекеринен эмес болчу.

Мен айтаар элем: жогорудагы куралдарды жалпак тил менен айтканда, ошол түрмөлөр башкармалыгынын жетекчилеринин ичинен кимдир-бирөөлөр жана ошол 31-зонада иштешкен чыккынчылар өздөрү тоскоолдуксуз алып кирип берип турушкан. Албетте акчага!

— Батукаев түрмөдө президенттей эле жашаган деген сөз чынбы?

— Чын. Айрым жагдайлар боюнча президенттен да жакшы жашаган. Куралдуу жансакчылар, врачтар, массажисттер, чачтарач, ашпоздор, акыркы үлгүдөгү электрондук байланыш каражаттары, интернет, япондук телевизор, холодильниктер, сулуу аялдар… Айрым жагдайлар боюнча … дегеним — ​президенттин резиденциясында апийим өстүргөн аянт жок да. Азиз каалаган убагында брондолгон жеңил машинада зонадан сыртка чыгып да жүргөн.

— Мунун баарын түрмөнүн начальниги, кызматкерлер билишкенби?

— Билишпей анан. Коомчулук мындай 7-кабаттагы чыккынчылык төрөгөн зонадагы коррупциячыл абалга көнүп эле калган болчу. Адис катары айтсам — ​түрмөдөгү акыбал — ​мамлекеттин, бийликтин чыныгы жүзүн, акыбалын чагылдырат…

Кулов өз интервьюсунда Рысбек Акматбаевди “замочить” этип салуу ниети болгондугун айткан. Рысбек сыяктуу криминалитетке каршы өз жигиттери менен чыгуу максатында болгондугун да билдирген. Мындан улам Премьер-министрдин кол алдында белгисиз жигиттерден турган мыйзамсыз күч түзүмдөрү болгонбу деген мыйзам ченемдүү суроо туулбай койбойт. Ушул жерде “Железный Феликстин” чочулагандыктан улам, Рысбекке жалгыз баралбастыгын — ​жигиттердин коштоосунда барарын айтат да, тишине чейин куралданган ажыдаардын уюгуна — ​“Азиз-братанына” коркпой-нетпей эле бараарын билдирип отурат. Рысбек Акматбаев чоң бандит болсо да, ал Көк-Жардагы мечиттен чыгып келатканда автомат менен атылып өлтүрүлгөндүгүнө карабастан, ошол учурда Кыргыз Республкасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болгондугун, депутаттын формалдуу күбөлүгүн алаарына саналуу эле сааттар калгандыгын коом билген.

“Рысбекти ким өлтүргөндүгүн билем, бул оперативдүү маалымат, ошондуктан айтпайм” дейт Кулов журналисттердин суроолоруна берген жообунда. Эгер билсе, эмне үчүн өзгөчө оор кылмышты жаап-жашырып, бул жөнүндө укук коргоо органдарына билдирбейт?

Жогорудагылардан тышкары дагы бир айтып кете турган нерсе — ​2013-жылы Батукаевдин бошотулушу тууралуу парламентте чоң чатак чыкканда, Кулов унчукпай — ​эч кимди айыптай албай — ​жер карап отуруп бергендигин кантип түшүнүүгө болот? Эми болсо өз интервьюсунда: “Атамбаев Батукаевди бошотууда Атаханов аркылуу буйрук бергендигин мойнуна алган” деп айтып отурат. Куловдун бул сөзүн Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин аткаруу жана сот бийликтеринин ишине түздөн-түз кийлигишүүсү — ​кылмышы тууралуу жарыя кылып билдирүүсү деп түшүнгөнүбүз туура болот.

Маектешкен Номанжан АРКАБАЕВ, милициянын отставкадагы полковниги

Булак: “Жаңы ордо”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *