Эртең өлкө аймагында кар жаап, жолдор тоңголок, тайгак болот

Жакынкы күндөрү республикада туруксуз аба-ырайы сакталат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет.

12-январда көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаашы күтүлөт. Айрым аймактарда түнкүсүн жаан-чачын катуу жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Чүй облусунда күндүз +13°C болсо, түнкүсүн 0°C болот.

Талас облусунун аймагында күндүз +12°C, түнкүсүн -2°C түзөт.

Ош жана Жалал-Абад облустарында  күндүз +14°C, ал эми түнкүсүн абанын температурасы 0°C  болот.

Баткен облусунда абанын температурасы күндүз +14°C  чейин жогоруласа, түнкүсүн 0°C төмөндөйт.

Ысык-Көл облусунда күндүз +6°C , түнкүсүн -3°C.

Нарын облусунун аймагында күндүз -12°C, түнкүсүн -22°C.

Ал эми Бишкек шаарында  аба ырайы күндүз +12°C, түнкүсүн -1°C төмөндөйт. 

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *