Эски-жаңы бийликтин күрөшү: Фарид Ниязовдун кетиши – А.Атамбаевдин алсырашы

Кыргызстанда жаңы президент шайланган менен эл алты жылда алты ишкана курбаган, ошол эле учурда коррупция менен партиялык кланды гүлдөткөн, отуздан ашык саясый атаандаштарына ар кандай далилсиз айыптарды тагып каматкан экс-президент А. Атамбаевдин “эски көчүнүн” уланышына нааразы болчу. Баарынан да шайлоо өнөктүгү учурунда С. Жээнбековдун штабын жетектеп, андан мурда да президенттик аппараттын жетекчиси болгон Ф. Ниязовдун кайрадан эле бул кызматка дайындалышы жаңыланууну күтүп турган баарыбыздын жаңы бийлик менен кошо жаңылануу, жакшы жагына карай өзгөрүү болот деген илгери үмүтүбүзгө суу сепкендей болгон.

Себеби президенттин Аппараты машинанын мотору сыяктуу бүтүндөй Ак үйдүн кадр саясатын чечерин эске алсак, ошол аппарат башчынын укугу жарым падышага эле тең болуп жатпайбы. Демек, Ф. Ниязов өзүнүн аппаратынын “тетиктерин” бурап, түздөп, майлап-сүттөгөндөн тышкары мамлекет башчы кол коё турган жетекчи кызматтарга талапкерлерди сунуштоо, жакпагандарын бошотуу сыяктуу документтерди даярдайт. Ошондуктан мурда-кийинки президенттердин тушунда деле чоң кызматтан үмүт эткендер алгач президенттин аппарат башчысынын алдынан өтүп, “добросун” алып келишкен. Мындан тышкары туңгуч президент А. Акаевдин доорунан бери Ак үйдү айланчыктап келаткан Ф. Ниязовдун аты айрыкча А. Атамбаевдин тушундагы оппозицияга каршы жасалган пиар компания жана хансарай оюндарынын башкы уюштуруучусу катары айтылып жүрөт.

Бирок С. Жээнбеков президенттик кызматын аркалаган жүз күндө анча-мынча гана жаңы кеңешчилерди дайындаганы болбосо, калган командасы дээрлик мурдагы элдин көңүлүнө көк таштай тийген баягылар, экс-президенттин гвардиясы менен иштешип келаткандыгы да чындык. Эл арасында бул жагдай да   А. Атамбаевдин кадрларын коргоо “миссиясы” жүктөлгөн Ф. Ниязов менен байланыштырылып келди.  Эми бул карышкырга кой кайтарткандай эле болуп атпайбы. Өздөрү коррупцияны жаратып, түзүп, гүлдөтүп аткан чиновниктер кантип ага каршы күрөшүп, өздөрүн жоопко тартмак эле. Андыктан эл президенттин мындан аркы кадамы жаңы кадрларды алып келип, өз командасы менен иштөөнү талап кылууда.

Сыягы, Ф. Ниязовдун кайрадан айланып келип “тууруна конушуна” чын эле А. Атамбаевдин таасири болду окшойт. Демек, ал президенттин аппаратын жетектегенде эски бийликтин гана “Кыргызстанды 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн стратегиялык планы” сыяктуу түбөлүк бийликте калууну көздөгөн өздөрүнүн жеке кызыкчылыгынын гана алкагында иш жүргүзөрүн баарыбыз эле билип, көрүп турдук. Айтор шоопур, таразачы, ветврач, жансакчылардан турган бийликтин жогорку тепкичтерине дайындалган кадрлар ордун сактап калары бештен белгилүү болуп калган. Бул кадам мамлекетибизди өнүктүрбөй эле, бир партияга жамынган кландын андан аркы өкүмзордугу улануусунун далили болуп саналат.

Эгер С. Жээнбеков ушул жол менен кете турган болсо, биринчиден, мамлекетибиз өргө эмес, аңга багыт алып, экинчиден негизги тирек болгон (КСДП эмес) элдин колдоосунан ажырап калмак. Мындай кырдаалды туура түшүнгөн С. Жээнбеков жана анын жанындагы жаңы командасы алгачкы кадамды коррупцияга каршы күрөшүүдөн баштап, туура кылды. Ооба, азырынча президент өзбек президенти Ш. Мирзиёевге окшоп соттор менен прокурорлорду “силер кан ичкичсиңер” деп абийирин аштай төгүп, 80-90 пайызын кетире элек. Андай чукул бурулуш жасоого объективдүү жана субъективдүү жагдайлар жол бербейт. Себеби президенттик шайлоого чейин бир жыл мурда А. Атамбаев тарабынан Конституцияга таңууланып киргизилген (33% шайлоочулардын колдоосу менен) өзгөртүүгө ылайык, президенттин бир топ ыйгарым укуктары  премьер-министрге өтүп кеткен. Мисалы, ошол эле министр, облус жетекчиси, район акимдерин кызматка дайындоо, алуу өкмөт башчынын колунда. Кыскасы, президент жарым падыша болуп калган. Анткен менен укук коргоо, сот, прокуратура органдарынын жетекчилерин дайындап, кайра алат жана башкы командачы болуп эсептелет. Ал тургай Конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн референдум жарыялай алат.

Ал эми өткөн ишемби күнү президенттин аппарат башчысы Ф. Ниязовдун өзүнүн кызматтан кетүү тууралуу арыз жазышы чак түштө Ак үйгө чагылган түшкөндөй эле күтүлбөгөнү менен көпчүлүк үчүн жагымдуу окуя болду. Алгач мындай жаңылыкты жар салган президенттин маалымат кызматы дүйшөмбү күнү С. Жээнбеков ал арызды кабыл албай, өзгөчө шайлоо учурунда катуу иштегендигин эске алып, бир жумага эс алуу бергендигин билдирди.

Бул аралыкта кыргыз саясый элитасында кетип-кетпеген президенттик аппарат башчынын  чукул кадамы ар кандай түкшүмөлдөрдү жаратып жиберди. Бирөөлөр ал  жаңы президенттин уламдан-улам катары толукталып бараткан жаңы көз караштагы командасынын арасында өзүн короодогу жат койдой ыңгайсыз сезип, мурдагыдай таасири да азайып кеткендиктен, “артыкбаш адам” экендигин түшүнүп, арыз жазды деп чыгышты. Ал аралыкта, 15-февралда Москвага барып, Россиянын бийликчил “Единая Россия” партиясы менен КСДПнын ортосунда кызматташтык келишимине кол коюп келиши да Ф. Ниязовдун мамлекеттик эмес, партиялык ишти алдыңкы планга койгону туура эмес кадамы катары бааланды. Жада калса өткөн жумада сөөгү жерге берилген белгилүү саясый ишмер, дипломат Э. Өмүралиевдин некрологунда С. Жээнбековдон кийин эле А. Атамбаевдин фамилиясынын жазылып калышын коомдук ишмер Э. Байсалов “кылмышка” теңеди.

ЖК депутаты И. Масалиев болсо Ф. Ниязовдун куйругун түйө башташын “Ф. Ниязов  Ө. Текебаевдин мыйзамсыз камалгандыгы, белизгейт “операциясы” далилденбей калгандыгы үчүн жооп берүүчү мезгил келди. Андыктан ал бир жыл, жарым жыл чет жакта жүрүп, унутулганда кайра келем деп жатса керек…” деген пикирин билдирди. Бирок президент дүйшөмбү күнү кайра жазылган арызды кабыл албай, бир жума эс алууга узатышын көрөгөчтөр менен угармандар Атамбаев аталык менен С. Жээнбековдун ортосунда каттуу сөз болуп, экс-президент ишенген адамын кайра ордуна койдуруу аракетин көрүп аткандыгы сөз болду. Бир чети интрига менен пиар компания аркылуу “чоң казат” уюштурушу мүмкүн деп чочулаган жаш президент өзүнө ишенимдүү команда, электорат топтоп алганча аскердик тактика ыкмасын колдонуп, убактылуу “артка чегингендиги” да туура болгондур.

Ф. Ниязовдун тегерегиндеги мындай жоромол-дөдөмөлдөргө 6-мартта президент С. Жээнбеков ММК жетекчилери менен жолугушууда чекит коюп, “мен кетем деген адамды кармай албаймын” деп жооп берди.  Айткандай эле ошол күнү кечинде президент Ф. Ниязовдун арызына кол койгондугу расмий жарыяланды. Бул коомчулукта А. Атамбаевдин жаңы бийликке таасири азайып, алсырай баштагандыгы катары кабыл алынууда. Айтор  Ак үйдө ак менен кара, эски менен жаңынын күрөшү жүрүп жаткандыгы ачыкка чыгууда. Канткен менен өзү таза, адамдык, инсандык касиети бийик С. Жээнбеков мындан ары эл ыплас оюндарга, зөөкүрлүк менен текебердикке чыдай албай тургандыгын түшүнүүдө.

А. Жапаров

Булак: “Жаңы ордо”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *