Евробиримдик коопсуздук үчүн ири фонд түзөт

Евробиримдик коргоо тармагын, анын ичинде учкучсуз аппараттарды иштеп чыгуу, кибер коопсуздукту жана космос технологиясын өнүктүрүү үчүн атайын фонд түзүүнү пландоодо. Бул тууралуу Süddeutsche Zeitung гезити жазды.

Басылманын маалыматы боюнча, Брюссель мындай кадамга Дональд Трамп президент болуп шайланган маалда жана коопсуздук боюнча абал курчуган мезгилде барууда. Коргонуу маселеси боюнча уюмга мүчө өлкөлөр ортосунда кооперациянын жоктугу Евробиримдикти 25 миллиондон 100 миллион еврого чейин чыгым кылууда. Жаңы фонд биргелешкен долбоорлорду гана каржылап тим болбой, ЕБнын аскердик-өндүрүшүн кайра түзүүгө жардам берет.

Американын президенти болуп шайланганга чейин Трамп НАТО боюнча өнөктөш өлкөлөргө жардам катары берип келген аскердик чыгымдарын кыскартууга ниеттенгенин билдирген. Ал бир нече жолу Европа өлкөлөрүн Түндүк атлантикалык биримдиктин бюджетиндеги үлүштөрүн көбөйтүүгө үндөгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *