Европада мал доктурлар эң жогорку маяна алышат

47 жаштагы Орозбек Ибраимовду ветеринария жаатындагы дасыккан адис десек эч жаңылышпайбыз. 1995-жылы Бишкек шаарындагы К.М.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун (азыркы Айыл чарба Академиясын) ийгиликтүү аяктагандан бери жалаң гана бир кесипти – мал доктурлукту үзгүлтүксүз аркалап келатат. 2014-жылдан тартып Ош шаардык ветеринардык жана фитосаниатардык коопсуздук боюнча инспекциясынын башчысынын орун басары болуп эмгектенсе, ушул айдын башынан бери жетекчинин вазийпасын абийирдүү аркалап келатат.

– Орозбек мырза, жашырып не. Маянанын аздыгынан улам сиздердин тармакка жаштар таптакыр жолобой калышпадыбы. Азыр деле улан-кыздарды жумушка тартуу аракетиңиздер таптакыр эле байкалбайт ко?

– Маянабыз чындыгында эле абдан аз. Ошого карабастан акыркы эки жылда алты-жети жаш адисти жумушка тартканга жарадык. Дагы төрт жаңы бүтүрүүчүнү катарыбызга коштук.

– Эмненин эсебинен?

– Бизде кыйла жылдан бери АРИС жана ПЦСЗ-1 долбоорлору туруктуу иштеп келатат. Булар аркылуу жалаң жаш адистерди такай кубаттап турабыз. Алар жаштыгына карабастан жетишээрлик маяна жана заманбап техникалык каражаттар менен камсыз этилип жатат. Устаттардын айлыгы эле 400 доллардын тегерегинде. Албетте, көз тийбесин, Кыргызстандын шартында бул эң жакшы эле маяна.

– Ош шаарынын булуң-бурчунда бей-жай союлган малдарды, бейтартип иштеп жатышкан касапканаларды деги качан тартипке саласыздар, ыя?

– Ош шаарынын ар жеринде дейди иштегендерди акыры бүт жаптырдык. Мындан ары малдар атайын жайларда гана – эт комбинаттарында союлат. А мындай мызам ченемдүү тартипке баш ийбегендерге Административдик Кодекстин негизинде абдан катаал чараларды көрүп жатабыз. Дал ушундай чукул аркеттер мындан ары дагы ого бетер күчөтүлөт.

– Дегиңкиси ветеринардык жана фитосаниатардык коопсуздук боюнча тармактын келечеги барбы, ыя? Сиз муну эмнеден көрөсүз?

– Тартынбай эле айтайын: ветеринардык жана фитосаниатардык коопсуздук тармагынын келечеги абдан кең. Анткени, ал адам саламатчылыгы менен эч ажырагыс байланышта эмеспи. Ошон үчүн Европада эң жогорку маянаны мал доктурлар алышат.

Соңку мезгилде биз деле, Кыргызстан дагы, кудум ушундай келечектүү жолго түштүк. Анткени, мындан башка аргабыз дагы жок! Турмушубуз уламдан улам жакшырып баратат. Ошого жараша тамактануубуз дагы кыйла эле оңолду. Демек, мал доктурларга карата мамилебиз дагы өзгөрүп, ал эми аларга карата мамлекеттик камкордук заманбап нукка бурулду. Мында Кыргыз Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосаниатардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Борбордук аппаратынын мээнети абдан чоң.

– Орозбай мырза, Кыргызстан ЕврАзия экономикалык биримдигине кошулуп эмне пайда тапты? Неден утту?

– Чын эле пайда таптык. Биринчиден, мунун аркасында Түштүктө Ош шаарында, ал эми Түндүктө Бишкек калаасында заманбап ветеринардык чоң лабораториялар ишке түшүрүлдү. Экинчиден, ЕврАзия экономикалык биримдигинин талаптарына жараша малды жалаң гана бардык шарты бар, сапаты талапка ылайык эт комбинатгарында союп, анан атайын ишканаларда кайра иштеткенге бекем ылайыкташтык. Буюрса, бул болочоктуу саамалыктын жакынкы жылдарда үзүрүн сөзсүз көрөбүз!

Алишер Тосконбаев

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *