Эжесинин баркы менен да элчиликти эптей албаган Болот Отунбаев

Өлкөбүздүн тышкы саясатында кадрдык жүрүштөр башталды. Кыргызстандын Россиядагы элчилигине экс-министр, дасыккан дипломат Аликбек Жекшенкулов барары маалым болсо, ал жактагы элчибиз Болот Отунбаев АКШга көчүк басары каңкууланды. Эсиңерде болсо, Болот Отунбаев буга чейин Германия, Россия сыяктуу үлкөн өлкөлөрдө элчи болуп, дипломатиянын бир катар мектептеринен өткөнүнө карабай (апчеси Роза Отунбаеванын аркасы менен) ишти тыңгылыктуу эптей албай жатканы эмнеси? Же баягы «мойнунан байланган ит ууга жарабайт» дегендей, эжесинин түртмөлөөсү менен карьера жасап көнгөн неме ишке келгенде чоркоктугун далилдеп жатабы? Андан көрө, билимдүү, заман талабына жооп берген жаш дипломаттарды жөнөтүшсө болбойт беле? Бу Отунбаев да кызык пенде экен, эжесинин этегине жармашпай, чет өлкөлөрдө колдон келген ишин кылып жүрө бербейби? Качанкыга чейин минтип күн көрөт?

Булак: «Азия ньюс»

1 ой-пикир

  • Өмкө says:

    Ушундай маалыматтарды Жекшенкулов жаздырып жатканын билесиңерби? Бул мародер 2010-жылы 7-апрелде аянтта кан төгүлүп жатса ,,Мегаком” ишканасын басып алып, мародерчулук кылганына эмнеге уялбайт? Мунун баскынчылык аракетин ошол кездеги президенттик аппараттын жетекчиси Эмилбек Каптагаев менен УКМКнын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев толук билээринен кабарыңар барбы? Ушундай ниети арам немени Россияга элчиликке кантип жөнөткөн жатат бийлик. Дипломаттардын баарысын өзүнө жакын гезиттерге дайыма шыбатат.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *